|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ушул ырды сага арнасам,
Ырдагандан эч талбасам.
Жанашкан жарым бар туруп,
Болбойт го сени алдасам,
Болбойт го колуң кармасам.
Кайырма:
Мажүрүм талдай ийилген,
Ыйманы ачык билинген.
Ак-Буура бойлоп жолуктум,
Аттиң, ай, болсоң колуктум.
Таза сенин дилиңден,
“Ака” деген тилиңден.
Ах, кара карагат көздөрүң,
Балдан да таттуу сөздөрүң.
Канткенде сени унутам,
Эртелеп сага жолуксам,
Түгөйүм болмоксуң жоолукчан.
Кайырма:
Жаздыкка жашым тамчылап,
Жүрөктү эздиң жанчылап.
Болду эми түшкө кирбечи,
Тааныба, такыр билбечи,
Жөн гана көргөндө сиз дечи.
Кайырма:
Төрөлүп, айылымда өспөдүм,
Чоңоюп жеримди мен көрдүм.
Түйшүгүн тарттым алыстын,
Сагынбай сени койбодум.
Турпагың алтын Кичүү Ак жолум.
Кайырма:
Койнуңда кыр ашып ойнобой,
Сууңдан ууртадым бойлобой.
Топурак чаңыткан жаш балдар,
Көргөндө жүрөгүм сыздады, ай,
Айылымда өспөдүм аттиң, ай.
Түн ичи жылдыз жымыңдап,
Ак мөңгү баскан чокулар.
Жылт десе жүрөк жылыткан,
Айлымдын өчпөс оту бар,
Айланам сенден туулган жер.
Кайырам:
Артыктай көрүп жанымдан,
Алыстап жүрсөм сагынам.
Кыскандай Эгем бооруна,
Кымбатсың мынча баарынан,
Айланам сенден туулган жер.
Кайырма:
Сөзү : Элдики
Обону : Дамира Каныметованыкы
Кара бир тоонун боорунан,
Калдайып учуп куш конот.
Кара көз сулуу Даткайым, ай,
Кандай бир жанга туш болот.
Улуу бир тоонун боорунан,
Удургуй учуп куш конот.
Сурма көз сулуу Даткайым, ай,
Буйруган жанга туш болот.
Ак-Тоонун башы ак жалтаң,
Абайлап баспай тайгылдым.
Аз гана ойноп, көп күлгөн, эй,
Даткайым, сенден айрылдым.
Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай,
Даткайым, сенден айрылдым.
Сөзү : Т.Кожомбердиевдики
Обону : Ж.Кайыповдуку
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Эске салып жоголгон махабатым.
Көп күтүүдөн саргайып араң тапкан,
Кездешүүбүз бүгүнкү мага жакты,
Ырдабачы, суранам ырыңдагы,
Кеч күздөгү кайыңдай тонолууну.
Каректерде айыпсыз сезим калсын,
Кайырмасын созбочу жоголуунун...
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Коштошууну туралы капарга албай.
Эки башка жол күтүп, эртең кайра,
Тагдыр бөлгөн жактарга сапар алмай,
Ырдабачы, суранам ырыңдагы,
Кеч күздөгү кайыңдай тонолууну.
Каректерде айыпсыз сезим калсын,
Кайырмасын созбочу жоголуунун...
Жашоомдун шаңы, агарган таңы өзүңсүң,
Айтарда сөзүм, аярлуу сезим өзүңсүң.
Жактырып жүрөм, жаным деп сүйөм билгизбей,
Жайдары күлкүң, көзүмө сүйкүм билгизбей.
Кайырма:
Карап, карап өзүңдү самап кыялга батамын,
Кыялымда мен сага кошулуп жанаша басамын.
Санаамда дайым, сагынам, жаным, өзүңдү,
Көрсөм деп көзүң, уксам деп сөзүң эңсеймин.
Аячы мени, азгырбай эми сезимди, сезимди,
Жаралуу жүрөк жалыңдап күйөт өзүң деп.
Кайырма:
Көктөм өткөн, көздөр чөккөн,
Көңүлдөр жок баягы.
Жазды көктөм жашын төккөн,
Жамгыр да жок андагы.
Сезимдерим эзилгеним,
Сизге деле сезилген.
Жаштыгыма, жансырыма.
Жакын десем ким элең?
Кайырма:
Эми бары арман кайгы,
Болсо, болсун, болгондой.
Сен да кеттиң кейибейин,
Тагдыр өзү ошондой.
Эстегенде, кез келгенде,
Арманымдай сезилбе.
Жалгыз гана жакшы ыр жана,
Жамгыр калсын эсимде, эсимде.
Көңүл бошоп, өмүр мокоп.
Күзгө айланат каректер,
Кандай десем, кайда кетсем?
Жансыз ушул даректен,
Мезгили суук, мээрими жок.
Мен күндөрдөн тажадым,
Бакыт үчүн жакшы күндү,
Канча жолу самадым.
Кайырма:
Жашыбайын жакшырайын,
Ыйлап алсам ызаадан.
Кайрылбайын кайгы баарын,
Айтпай күндү узатам.
Барамын деп, чаламын деп,
Кайра өзүмдү сороттуң.
Бирок билбейм дирилдебейм,
Балким мени жоготтуң.
Кайырма:
Сен үчүн жүрөктө орун жок экенин,
Сезсең да неге мынча жакындайсың.
Өзүңчө мага арнап ырлар жазып,
Өзгөчө такшалган бир акындайсың.
Сен менин сүйгөн жарым бар экенин,
Билсең да неге мага ашыгансың.
Мен менен жолугушуп коштошсоң да,
Неге сен кайра эле шашыласың.
Убакыт жетти бүгүн экөөбүзгө,
Түшүнүп түбөлүкө коштошолу.
Көргөндө көз ирмешип учурашып,
Жөнөкөй тааныштарга окшошолу.
Каткырып ойноп жүрсөң сен
Көргөндө карап кубанам,
Өмүрүң узун болсун деп
Кудайдан күндө суранам.
Кайырма:
Жеткирбей чуркап кетсең сен, сен, сен
Жете албай сага кубанам,
Күч–кубат берсин сага, тилегим,
Кудайдан күндө суранам.
Балама болгон кубаныч
Күч–кубат берет өзүмө,
Толкундап турам күндө мен
Көрүнүп калсаң көзүмө.
Кайырма:
Шар аккан суудай угулат
Шаңшыган сенин үндөрүң,
Бак берсин сага Кудайым,
Бактылуу болсун күндөрүң.
Кайырма:
Кыш болуп сезимимди үшүтпөчү,
Жаз болуп гүл жыттанып берилейин.
Жайында толуп турган айлуу түндөй,
Күзүндө жемиш болуп төгүлөйүн.
Эх, сүйүү, сүйүү, сүйүү,
Өмүрдүн таңындайсың.
Эх, сүйүү, сүйүү, сүйүү,
Жашоонун шаңындайсың.
Жакшы сөз берекеңе айланайын,
Жалбарчы жандүйнөмө байланайын.
Күтүүгө курмандыка чалба жаным,
Махабат татып жакшы бал- каймагын.
Эх, сүйүү, сүйүү, сүйүү,
Өмүрдүн балындайсың.
Эх, сүйүү, сүйүү, сүйүү,
Алоолоп жалындайсың.
Сүйүү деп капилеттен күчөбөйүн,
Оңго дейм оюң билип түтөгөнүм.
Белгисиз келген кайып махабатты,
Жалганда жамачылап бүтөбөгүн.
Мажүрүрм талдай ийилген,
Баладай жайнап сүйүнгөн.
Жел менен бирге жарышып,
Жибектей жеңил жүгүргөн.
Желбирип жеңи жарышып
Жел менен ойноп алышып.
Жебедей жетсең жеритип,
Жүрөгүң турсун сайышып.
Кайырма:
Ойнотчу комузуңду,
Ойготчу добушуңду.
Күнөстүү жайга конгон,
Гүлдөтчү конушумду.
Тепкедей тепилдегем,
Элжиреп эпилдегем.
Желбиреп желден учкан,
Өзүңдү желге теңейм.
Карегиң жанган чырактай,
Караның тамчы сынаптай
Кичкентай бойго гүл менен,
Кийдиңби көйнөк кынаптай.
Кийгеним гүлдөп жарашса,
Кичкентай дешип карашса.
Көкөлөп учуп көңүлүң,ий,
Көпөлөк болуп жанашпа.
Талпынган канаттууларым,
Тамшанып ичер булагым.
Тагдырга жазган татынам,
Табылгыс бермет ынагым.
Уясы толгон шамы бар,
Учурбай кушту багып ал.
Аялуу жанды аздектеп,
Акбермет кылып тагып ал.
Кайырма:
Атыңдан кагылайын алтын апа,
Мойнуңа минип алдым болбо капа.
Максаты ар бир жаштын жыргап калуу,
Ата-эне көзү тирүү турган чакта.
Кайырма:
Алтын апа, болбочу капа,
Уулуң үчүн санаа тартпа.
Алтын апа, кат жазам сага,
Туулган күнүм жакын калганда.
Алтын апа.
Күнүгө үйдөн чыгып жолду карап,
Келсе деп каткандырсың акча санап.
Максатым жыргап алуу аз да болсо,
Мамашам керегиме турган жарап.
Кайырма:
Күндө эстейм акча берген колдоруңду,
Ал колдор көрсөткөнсүйт доллар пулду.
Оболо дискотека обондору,
Жетелеп ээликтирет ойлорумду.
Кайырма:
|