|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Жаздын күнү чиркин жапжаш балдай
Жазгы жамгыр себелейт эч басылбай
Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген
Кызды көрдүм аппак көйнөк кийинген
Бийле бийкеч бийлей бергин тартынбай
Тоскоол кылбай карап турдум жалдырай
Мен ал кызга таанышууга умтулдум
Тике карап, таң калгандай бурулдум
Назик колун мага сунуп жылмая
Күлүмсүрөп атын айтты Гүлбайра
Ай Гүлбайра жакты мага атыңыз
Түк түшүнбөйм кереметпи затыңыз
Жибек сымал жамгыр болгон саамайың
Саамайыңдан назик гана сылайын
Мен өзүңө айткым келди шыбырап
Жалгыз сенсиң менин бактым таалайым
Ай Гүлбайра, күтөм сени Гүлбайра
Эстен кетпейт таанышканың жылмая
Жыпарың сенин Жийдегүл,
Жыттагым келет Жийдегүл.
Жаныңдан өткөн жигиттин,
Жүрөгүн неге жибитиң.
Кайырма:
Жийде, Жийде, Жийдегүл,
Жигит сүйгөн шибер гүл.
Жарк эткен сендей сулуунун,
Жараткан өзү Жийдегүл.
Караның сенин Жийдегүл,
Карагым келет Жийдегүл.
Жаным бир сага жетемби,
Жарганат болуп кетемби.
Кайырма:
Өмүрүмдүн саргайып жалбырагы,
Үмүт үзүп сүйүүдөн алдыдагы .
Жүргөн кезде жолуктум миң бир түнүм,
Махабаттын тургузуп пайдубалын.
Түгөнбөгөн жомогум миң бир түнүм,
Үзүң ачтың жашоомдун өмүр гүлүн.
Жомок болуп кылымдарга калса деймин,
Сага арналган жомоктой ысык сүйүүм.
Өмүр жазым, миң бир түнүм жомогум,
Айың болуп толгон айдай толоюн.
Ханым болчу күн-түн чыкпай жанымдан,
Жомок айткан шахризадаң болоюн.
Көзүңө чөккүм келет,
Эрдиңден өпкүм келет.
Шыбырап кулагыңа,
Сүйүүмдү төккүм келет.
Кайырма:
Жаныңа баргым келет,
Шам болуп жангым келет.
От чачкан карегиңде,
Түбөлүк калгым келет.
Сен менен баскым келет,
Жан дүйнөм ачкым келет.
Жакшы адам сапаттарын,
Бүт сенден тапкым келет.
Сырымды айткым келет,
Сырдашып кайткым келет.
Махабат жыргалына,
Сен менен баткым келет.
Кайырма:
Сагынып сени эстедим,
Кыялбай дале келемин.
Алгачкы сенде махабат,
Ак сүйүүм жашайт билесиң.
Кайырма:
Күтөмүн далай күндөрдө,
Уктабай айлуу түндөрдө.
Жүрөгүм сыздап кыйналса,
Сезилер бекен өзүңө.
Махабат жаздын демисиң
Мээримиң неге тең келсин.
Табылгыс сенин дүйнөңдөн,
Сезимиң ыйык билемин.
Издедим далай күндөрдү,
Табалбай сенин сүйүүңдү.
Талыкпай сезим канаты,
Талпынып сен деп күн-түнү.
Бакыт тилеп ар бир адамга,
Махабат келесиң жазда.
Жашырып ошол мезгилден,
Сүйүүңдү менден аяба.
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен,
Бeл жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңде сен,
Эс акыл менен пайдалан.
Күүлөнөт күлүк күнүндөй,
Туйлайт дейт тулпар ушундай.
Турмушка өчпөс из калтыр сен,
Туягың бүтүн чагыңда.
Сөзү : Чыңгыз Турдубековдуку
Обону : Чыңгыз Турдубековдуку
Көз алдымдан кетпей элесиң,
Жүрөгүмдө жашап келемин.
Капаланып, кейип турганым,
Тагдырлашым билер бекенсиң?
Кайырма:
Сыгылып жүрөк серпилеби,
Жай албай жаным эзилеби.
Сен үчүн болгон бүткүл дартым,
Кантемин, билбейм жеңилдейби.
Өзүң менен эми болбоймун,
Өчүрдүң го көңүлдүн отун.
Өксүттүрүп аябай мени,
Терс кыялың арнап болгонуң.
Кайырма:
Көз алдымдан кетпей элесиң,
Жүрөгүмдө жашап келемин.
Капаланып, кейип турганым,
Тагдырлашым билер бекенсиң?
Сөзү : М.Атаналиевдики
Обону : М.Атаналиевдики
Кайырма:
Балбылдап жанган көздөрүң,
Жалооруп сага жетпедим.
Жаш кезек өтүп кетсе да,
Оюмдан такыр кетпедиң.
Кайгыдан жүрөк жанчылып,
Карекке көзүң тартылып.
Караймын дайым жолуңду,
Кайгынын жүгүн артынып.
Сагыныч мени жүдөттү,
Саналуу далай күн өттү.
Сагынтпай келсең болбойбу,
Сароору кылбай жүрөктү.
Сөзү : Б.Сейитбекованыкы
Обону : А.Карымовдуку
Жапжашыл жибекти жамынгандай,
Жайкалган төрүңдү сагындым, ай.
Жашоодо керемет кандай күч бар,
Жол күтүп мен сага камынгандай.
Кайырма:
Сактадым унутпай элесиңди,
Салкын төр, кызгалдак, белесиңди.
Саймалуу тоолоруң көздөн учуп,
Сагындым, туулган жерим сени.
Жол алып учушкан каркыралар,
Жолдогон саламым айтып барар.
Жол бою ак көйнөк кийип алып,
Жолумду күткөндүр гүлкайырлар.
Кайырма:
Жылдызың сагындым жыбырашкан,
Жымыңдап мага арнап ыр ырдашкан.
Жоодурап жолумду карашкандыр,
Жол четин ээлеген кызгалдактар.
Кайырма:
Жаңы турмуш улакмак,
Жакшы го дейм бул адат.
Келин келсе биздин эл,
Кут келгендей кубанат.
Кары –жашы чогула,
Калбай келет тоюна.
Боорсок чачып башына,
Тыйын чачат жолуна.
Түшүнүп ал сен эми,
Боорсок чачкан себебин.
Ыйык нандай табылгыс,
Ак жолтой бол дегеним.
Тыйын чачкан себебин,
Сырын чечип берейин.
Дүнүйөгө келиним,
Кароо болбо дегеним, эй.
Кыздар аста гүлкүлдөп
Бөбөктөрү бүлкүлдөп.
Келин жанында отурат,
Көшөгөдө үлпүлдөп.
Мүнөздөрү өзгөрүп,
Ой үстүнөн өчүрүп.
Келечегин ар кимдин,
Көз алдынан өткөрүп .
Бүгүн баары башкача,
Мөл булактай таптаза.
Ар киминин дилинен,
Оргуп чыккан ак бата.
Жакшылыгын ашырган,
Жамандыгын жашырган.
Бүлөө болгун ак жолтой,
Жолук түшпөй башыңдан.
Кайрымдуу бол карыңа,
Жагымдуу бол жарыңа.
Өз өзгө деп чектебей,
Бирдей кара баарына.
Алпештеген эл дагы,
Алдыңдагы жер дагы.
Жакшы болсоң сен эгер,
Жарың менен тең кары.
Наристелер төрөлсүн,
Ак бешике бөлөнсүн.
Ортоңордон жыл өтпөй,
Көшөгөңөр көгөрсүн.
Балкытып кош денемди,
Бата берет эл эми.
Келеркиде оомийин,
Бешик тойго келели.
Сөзү : С.Жусуевдики
Обону : А.Өзүбековдуку
|