|
Толкунданып жаткан океандай,
Уйгу-туйгу менин жүрөгүм.
Кусалыгым, жаным, тынчый албай,
Унута албай сени жүрөмүн.
Байкабастык кылсам мен эгер,
Бактым болуп мага келе бер.
Кыйнабачы сенден суранарым,
Кыялымда дайым жүрө бер.
Кайырма:
Ардагым сен, сен,
Ажарың көрктүү жаз белең?
Дайыныңды мен ар бир жерден издей берем.
Арманым сен, сен,
Ак жамгыр өңдүү аз белең?
Сыздап келем, өзүңдү мен самай берем.
Булбул үнүн уксам, аны сен деп,
Гүлдү көрсөм сага окшотом.
Кимге барып айтып арманымды,
Кимге барып сени жоктосом?
Түшүнбөстүк кылсам мен эгер,
Түйшөлбөстөн мага келе бер.
Кыйнабачы сенден, суранарым,
Кыялымда дайым жүрө бер.
Кайырма:
Ишенбестик кылсам мен эгер,
Ишен, жаным, мага келе бер.
Кыйнабачы сенден суранарым,
Кыялымда дайым жүрө бер.
Кайырма:
Сөзү : Алмаш Чойбекованыкы
Обону : Токон Эшпаевдики
Балбылдап күйгөн чырагым белең?
Асылым дешкен ынагым белең?
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым белең?
Кайырма:
Жаштык, жаштык, жалынга баттык,
Кайрылчы, тагдыр, кылбачы кастык.
Бир карап койбой жаныман өттүң,
Кыйбадым чындап сүйүүнүн өртүн.
Түгөйүм болуп түбөлүк жүрбөй,
Жазыксыз туруп, жабыркап өчтүм.
Тагдыр, тагдыр, табарың бардыр,
Махабат үчүн өчүрбөй жандыр.
Балбылдап күйгөн чырагым белең?
Асылым дешкен ынагым белең?
Дүйнөдө таппас жыргалды берген,
Жылаажын үндүү ыргагым белең?
Кайырма:
Коюу түн мемиреп,
Керемет сезилет.
Мезгилден сыр сурап,
Жүрөктөр качан кезигет?
Түңүлтпө, жаным, мени,
Көңүлдүн сүйгөн теңи, келчи,
Күчтүүбү жаштык деми, ай, эркем?
Кайырма:
Басамын жети астап,
Бакытым айыл жакта, сен жакта.
Чардактар сермеп канат,
Көркөмү көлгө тамат,
Түбүнөн ай жана.
Жарыгым, жаркып мени,
Жабыркап бүттүм деги, келчи,
Күтөмүн сени.
Эркелеп шамалга,
Бий бийлейт жалбырак.
Толтура сүйүүмдү,
Бөлүшөр бекен жазгы убак?
Саналуу саптар учат,
Кайрылбай алыс узап, түн узак,
Толкунун көлдүн карап, ай, эркем.
Кайырма:
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Убакыт безет,
Убакыт безет, эч кимге карабай.
Жүрөбүз издеп,
Жүрөбүз издеп, жол издеп таба албай.
Убакыт безет,
Убакыт безет, кылымды санабай.
Ойногум келет,
Ойногум келет, ойногум келет шок, куунак баладай.
Кайырма:
Сен үчүн мен, мен үчүн сен,
Дале да болсо бала бойдонбуз.
Сен үчүн мен, мен үчүн сен,
Дале да болсо таза ойдобуз.
Эмнелер себеп?
Эмнелер себеп? Таарынчы турмушка.
Балким, күн себеп,
Балким, күн себеп, жашынган булутка.
Себебин издеп,
Себебин издеп, болбойлу убара.
Ырдагым келет,
Ырдагым келет, ышкыбоз баладай.
Кайырма:
Бизге эмне керек,
Бизге эмне керек, бактылуу болушка?
Эркиндик керек,
Эркиндик керек жеткен асманга.
Бизге эмне керек,
Бизге эмне керек, таалайлуу болушка?
Балалык сезим,
Балалык сезим туптунук булактай.
Кайырма:
Жарык дүйнө, жан дүйнөм,
Сен үчүн, мен үчүндүр.
Бирге болсок дайыма, биз экөөбүз үчүндүр.
Сен үчүн, мен үчүн, экөөбүз үчүн.
Неге балдар сага көп карайт?
Сөз айтышып жымың күлүшөт.
Бири шайыр, бири уялат,
Балким, баары сени сүйүшөт.
Кайырма:
Шок балдардан сени кызганам,
От койгондой жүрөк жалындап.
Шек билгизбей мага азыртан
Койгон болбо өзүң көз ымдап?
Кечелерден улам ыр сунам,
Көздөрүңдөн нуруң чачырап.
Башка кыздар такыр жок сымал,
Неге улам бийге чакырат?
Кайырма:
Неге балдар сага көп карайт?
Сөз айтышып жымың күлүшөт.
Бири шайыр, бири уялат,
Балким, баары сени сүйүшөт.
Кайырма:
Көрүшкөнчө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Ошол күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Ал аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичинде.
Дал ошентип ошол күндү өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кымбат кишиге?
Жарк дегенде неге мени карадың?
Дал ошондо жайнай түштү жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики
Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык, аяр тумардай.
Көкүрөккө сыймык толуп караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай,
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таттуу сайрап, элжиретип сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.
Бул дүйнөдө ачкан менин үнүмдү,
Жарык кылган көөдөндөгү түнүмдү.
Сенин гана аман жүргөн карааның,
Мен сен үчүн даңктап ырдайм сүйүүмдү.
Өтөр-кетер, өмүр арты мунарык,
Убакыттын улам арты тунарып.
Башым катат ойго түшсөң, акырет,
Бассам-турсам күнөө буттан чубалып.
Билип туруп кылганымды шок болдум,
Ысык дебей бастык арам отторду.
Билдим, бирок бир убакта мемиреп,
Күнү бүтүп жүрөк дагы токтоорду.
Ыр жазамын, шуру кылып тиземин,
Калемимдин сыясында сүзөмүн.
Асман толо бакыт жүрсө мени издеп,
Неге билбей үмүтүмдү үзөмүн?..
Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы
Карчыга карегиңе табындырып,
Булкунган жүрөгүмдү багындырып.
Жаздагы каркыраны күткөн сымал,
Садагам, койдуң неге сагындырып?
Кылыгың кыял отун тутандырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып,
Жалт эткен жаштыгымды чагылдырып.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Жанарым жашылданып сени эстеймин,
Жарыгым, жаным кейип неге издеймин?
Махабат дайрасынын жан шериги,
Күндө эңсеп жарашар го сүйүү өзгөйүм.
Шумкардын канаттары кагылганда,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин,
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Аралдай суу каптаган тегерегин,
Жанымда куткаруучу жебеленип
Канаты сынган ак куу сыңарындай,
Чымын жан сени көксөп чебелендим.
Кылыгым кыз жибектей болгонум, ай,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң,
Үмүттө күтүп жүргөн түнөгүмсүң.
Сүйбөсөм мазам кетип неге издеймин?
Жүрөгү ашыктарды эгиз деймин.
Сөзү : Ашым Жакыпбековдуку
Обону : Мукан Рыскулбековдуку
Өмүрүм күлгүн көктөмдө,
Өрүкзар гүлүн төккөндө.
Өрөпкүп жүрөк кубанды,
Өзүңдү алгач өпкөндө.
Ээй, аппагым,
Өкүнөм ал күн өткөнгө.
Жанымда жүрсөң жанаша,
Жоодурап күлө караша.
Жылдыздар көктөн суктанды,
Жамалың менден талаша.
Ээй, аппагым,
Бөлүнгөн элек таң ата.
Жолугар жерден бактагы,
Кайрылып сени таппадым.
Күбүлүп жатты шамалга,
Өрүктүн гүлү шактагы.
Ээй, аппагым,
Сен менен кетти жаш чагым.
Жашыл гүлдөй жайкалып,
Айылды сонун түрлөнткөн.
Ак жибектей буралып,
Балапандай тең өскөн.
Басканы сонун маралдай,
Биздин Ала-Тоонун,
Ай, ий, кыздары, ай, эй.
Он бешинде ай толуп,
Жарыгы тоону жапкандай.
Таң сөгүлүп жаркырап,
Алтын нурун чачкандай.
Кызыл, бир тазыл элеси,
Биздин кыргый мүчө,
Ай, ий, кыздар, ай.
Түлөгү жетип уядан,
Ак шумкар сызып учкандай.
Туу көтөрүп, күү чалып,
Эл майрамдап чыккандай.
Элдин бир жары эркетай,
Ошол элдин, жердин,
Ай, ий, кыздары, ай.
Калкылдап көлдүн үстүндө,
Пароход жолго чыккандай.
Канатын тарап каз-өрдөк,
Ак куулар чардап жаткандай.
Алтын бир нурдуу, бети айдай,
Биздин Ала-Тоонун кыздары, ай.
|