|
Ашыраалы Айталиевдики.
Жаш элек шайыр, шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.
Караган менен көз жетпейт,
Капкайда калды карааның.
Элестейт, бирок сүйкүмдүү,
Жароокер жалжал жамалың.
Бир букет гүлдү сунарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат-эсен баргын деп,
Узатып калдым вокзалдан.
Обону : Алтымыш Кадыровдуку
Жанымдан өтсөң жылмайып,
Жалт карайм мен да кылчайып.
Ичтеги сырды айта албай,
Жүрөсүң, айтчы, кимде айып?
Өзүңдү жакшы көрөмүн,
Өзгөчө сүйүп жүрөгүм.
Өрт болуп өмүр өтсө да,
Сүттөн ак сага тилегим.
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң айтчы,
Жүрөсүң, жаным, кимде айып?
Ойлонуу менен таң атат,
Ойлорум сени саматат.
Жыл өткөн сайын жылт этип,
Жаштыгым өтүп баратат.
Айттырбай билип сырларым,
Ардактап жаштык ырларын.
Алагды кылбай көп эле,
Аясаң боло, жыргалым.
Сөзү : Барпыныкы
Обону : Барпыныкы
Беттин көркү нур менен,
Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм,
Белгилүү болсун ыр менен.
Эки илебиң - кызыл гүл,
Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасам жүрөккө от,
Чагылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың Маргалаң,
Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың баланын,
Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Өтүмдүүсүң Өзгөндүн
Күрүчүндөй, Мөлмөлүм.
Созулганың зергердин
Күмүшүндөй, Мөлмөлүм.
Майиндигиң жоргонун
Жүрүшүндөй, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн
Какшып жаткан чөлдөрүн.
Күйдүм, Мөлмөл аппагым,
Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күн-түнү,
Мөлмөлүм деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан,
Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан,
Калемпир мончок жытыңдан.
Бетиме түшсө жамалың,
Ашыктык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек
-сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың.
Айдап-айдап мал бербей,
Айры өркөчтүү нар бербей.
Сүрүп-сүрүп мал бербей,
Сүйрү өркөчтүү нар бербей.
Башымды берсем тартууга,
Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир даба,
Табар белең, Мөлмөлүм?
Мал бербей, өзүн берет деп,
Өлбөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?
Чыныга куйган бал болсоң,
Чымындай ага малынсам.
Чыгалбай жатып ошондо
Чын өзүңө багынсам.
Чыгарып койсоң боор ооруп,
Чырагың болуп жагылсам.
Алты оролуп мойнуңа мен,
Ак маржан болуп тагылсам.
Берейин десем малым жок,
Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартынан
Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?..
Чече албадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына,
Карабайт экен көңүл шок.
Көрүнүп койсоң бир жолу,
Булуттан чыккан айга окшоп.
Сөзү : М.Асанбекованыкы
Обону : Г.Садыбакасованыкы
Көз артат көптөр жериме,
Көз мончок тагып койсомбу?
Көркөмүң дагы арттырып,
Көпөлөк болуп консомбу?
Сук артат көптөр жериме,
Айлантып сууну чачсамбы?
Ансайын көркүң арттырып,
Ак марал болуп барсамбы?
Кайырма:
Сактасын суук көздөрдөн,
Садагам Оштой жеримди.
Сулайман пирим колдосун,
Жоо жүрөк, баатыр элимди.
Колумдан келсе, туулган жер,
Көз тумар болуп тагылсам.
Уулуңду кимдер талашмак,
От-жалын болуп жагылсам.
Кайырма:
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Асылбек Өзүбековдуку
Эстечи, андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз, кош жылдыз,
Кош жылдыз турган асманда.
Жылдыздай сүйүү сен тилеп,
Жылдыздай сүйүү мен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык, албадык,
Албадык беле энчилеп.
Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп жүрө албай,
Экөөбүз, экөөбүз,
Экөөбүз кеттик адашып.
Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жыл-жылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн, көзүмдүн,
Көзүмдүн жашы кылгырат.
Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Кеменгер ишкер,
Керемет жолдор алдыда.
Кемибей турсун,
Кебелбей өмүр кемеңиз.
Жүрөгүңүзгө,
Жүк болдум бекен ашыкча?
Жүрчү элем шерик,
Болсом деп ырыс-бакытка.
Тынчытып өзүм,
Тымызын тыйып алчу элем.
Көңүлдүн кушун,
Көкөлөп сизге ашыккан.
Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Жөнөкөй жанмын,
Жөн гана сиз деп жашаган.
Жүрөктү кыйнап,
Жөнү жок азап жебеңиз.
Мен отурам сени ойлоп,
Жүрөгүмдө сүйүү толгон.
Айдай жүзүң элестетем,
Баратканың сууну бойлоп.
Бакыт толгон жүрөгүмдө,
Сезим жашайт жалгыз сен деп.
Жарык берип жан дүйнөмө,
Жылуу жүзүң нурун себет.
Кайырма:
Айдай сулуу бул ааламда –
Асыл адамым өзүңсүң.
Ыргак берген ыр сабымда,
Ырахаттуу сөзүмсүң.
Жылдыздуу түн эч батпаган,
Уйкум качып, таң атпаган.
Айдай сулуу сенин жүзүң,
Сандык болду сыр ачпаган.
Табитиңе бал татыган,
Табигатта сен татына.
Ай шооласына чөмүлүп,
Ак сүйүүмө мен багынам.
Кайырма:
Уйкусуз таңдар атат,
Кирпиктер ирмелбеген.
Кусалык журөктү эзип,
Эч кимге билинбеген.
Кайырма:
Билинбей күндөр өтөт,
Үмүтүм үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашай берет,
Турмушта сага деген.
Угулат кулагыма,
Наристе сенин үнүң.
Тартылат көз алдыма,
Алгачкы тунук сүйүүм.
Кайырма:
Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным, билесиңби?
Бек сактайм жүрөгүмө,
Жылмайган элесиңди.
Унутпай койдум сени,
Эмне үчүн ббилесиңи?
Кайырма:
Билинбей күндөр өтөт,
Үмүтүм үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашай берет,
Турмушта сага деген.
Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным, билесиңби?
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Өткөн өмүр өкүнтөт, айла барбы,
Өкүнгөндөн же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шат менен таң атырган,
Күлгүн жаш, эй, күлгүн жаш,
Жалын жаш, эй, жалын жаш кайда калды?
Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
Жылгалардан гүл терген жайда калды.
Ишке тойбой, бий бийлеп күн батырган,
Жалын жаш, эй, жалын жаш,
Күлгүн жаш, эй, күлгүн жаш артта калды.
Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айрылбас аргам да жок,
Кош бол, менин алтыным,
Кош бол, жалын жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…
Кайырма:
Күтөмүн, күтөмүн, күтөмүн,
Күйүттөн күч алып түтөймүн.
Кечигип кетти го кабарың,
Алтыным, кай жерде жүрөсүң?
Алдың бекен арзып жазган катымды?
Сездиң бекен жүрөктөгү дартымды?
Кубанычтуу кабар күтөм өзүңдөн,
Бир күндө миң кайталаймын атыңды.
Кайырма:
Мейли эми кат жазбагын, ашыгым,
Айбыгасың калп айтуудан ачыгын.
Анда, жаным, жолукканда экөөбүз,
Жылмайып кой башкалардан жашыруун.
Кайырма:
Жолуң тоссом жолобостон качасың,
Ак жүзүңдү аягансып катасың.
Түтөй берип түгөнөйүн деп калдым,
Чын сырыңды деги качан ачасың?
Кайырма:
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : Т.Казаковдуку
Жамгыр төктү, эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбастан кете берди.
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың, жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Сөзү : Нинакан Жүндүбаеваныкы
Обону : Канымгүл Досмамбетованыкы
Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.
Күндөгүдөй күлүңдөп мени карап,
Коштошууга кол берип келдим сага.
Жыпар жытың жыттайын, аябачы,
Белек болсун өзүңдөн ошол мага...
Неге мынча бук болом камыккансып,
Ысыйт денем алоолоп күйүп-жана.
Жазда келгем айлыңа, кызыл өрүк,
Түштү көөнүм көркүңө сени көрүп.
Күндө отуруп түбүңдө, искеп жытың,
Карай берем кайталап, көңүл бөлүп.
Ого бетер күлүңдөп сени карап,
Болгонсуйсуң өмүргө өзүң шерик.
О тебе...
О тебе...
Я подбираю осколки слёз твоих,
Превращаю в цветы.
Я так люблю наблюдать твои мечты,
И исполнять их.
Я строил замки из песка лучами солнца,
Для тебя я на рассвете.
И летней музыкой дождя,
Прольется вновь любовь моя,
Я не могу без тебя.
Кайырма:
Я не хочу отпускать тебя,
Ты очень много значишь для меня.
Мне очень хочется тебя обнять,
Обнять тебя и не отпускать.
Пусть между нами будут города,
Твою улыбку не заменит ранняя весна.
Бриллианты слёз стекают по твоей щеке,
Они в моих руках напомнят о тебе.
Твоё имя рисую на песке,
Как мне жить без тебя?
Лучезарною улыбкою своей,
Ты губишь меня.
Слагаю строчки для тебя,
Ведь ты одна моя судьба,
Мы будем вместе.
Живу я с мыслю о тебе,
Пусть так угодно судьбе,
Но я вернусь к тебе.
Кайырма:
Эгиздей айым эне сен,
Эркелеп өскөн мен эсен.
Эх, тагдыр, неге татаалсың?
Энекем жалгыз, энекем.
Кайрыма:
Турмушта сүзүп барам жай,
Тумардай тутуп бага албай.
Балаңды, эне, кечиргин,
Бактыңды турсам таба албай.
Эмнеге бердим күчүмдү?
Эмгиче таппайм бүтүмдү.
Эх, эне, кантип актаймын,
Эмизген эмчек сүтүңдү?
Кайырма:
Өксүгү болбой, кейиш жок,
Өкүмү болбой, өлүш жок.
Эх, чиркин, өзөк өртөнөт,
Энекең күлбөй, бейиш жок.
Кайырма:
Тереңден өткөн терең жок,
Тек күндөй ысып, денем чок.
Эх, өмүр, эки келсечи?!
Энемден өткөн энем жок.
Энемден башка энем жок.
Кайрыма:
|