|
Сөзү : Бурулкан Карагулованыкы
Обону : Арзыбек Бедияровдуку
Коштоштук жүрөк ооруп,
Көздөн жаш тоголонуп.
Карадым карааныңды,
Калгыча чекит болуп.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Кайрадан топтоп эркти,
Кайрадан тиктейм чекти.
Коштошуу ошондогу,
Кайратым алып кетти.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Жалындап козгоп мууңду,
Жаңырып кулак тунду.
Жаңыдан коштошконго,
Жүрөгүм сыздап турду.
Тутана кейип кеттим,
Талыкшып, ой терметтим.
Тиктөөдөн пайда жоктон,
Термеле басып кеттим.
Кайырма:
Карааның бара-бара,
Көрүнбөй тунарлана.
Кирпиктин арасынан,
Кумсарды кышкы талаа.
Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы,
Жүрөгүмдү туюкка камабачы.
Окуучумдан беш бетер сүрдөп кетем,
Октой өткүр көзүң менен карабачы.
Карегиңден жолуңду издебечи,
Каалаганың катылуу ичте кезиң.
Сени сүйгөн бактыма ыраазымын,
Секетим ий, секетим ий, тиктебечи.
Күн артынан күн жылып өткөн сайын,
Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын.
Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам,
Айта көрбө сүйөмүн деп, кагылайын.
Сен гүл болсоң мен жыттадым биринчи,
Сен суу болсоң мен ууртадым биринчи.
Сен ай болсоң чалкып турган көктөгү,
Нур кучактап мен уктадым биринчи.
Кайырма:
Балдай эрип таңдайыма биринчи,
Таалай болдуң маңдайыма биринчи.
Баңги кылып, сыйкырчыдай дубалап,
Байлап кеттиң саамайыңа биринчи.
Дартым болсо, дарым сенсиң биринчи,
Тагдыр кошкон багым сенсиң биринчи.
Жалгыз баштын жан биргеси сен болдуң,
Жарык шоола таңым сенсиң биринчи.
Кайырма:
Сөзү : Б.Мамаевдики
Обону : Б.Мамаевдики
Сөзү : Б.Мамаевдики
Обону : Б.Мамаевдики
Моймолжуган көзүңдөн айланайын,
Узун кара чачыңа байланайын.
Жалгыздыктан тажасаң келгин бери,
Жаман суук сөздөрдөн далдалайын.
Кайырма:
Эркелечи чарчабай, эркелечи,
Эс алчу кез биз үчүн эрте дечи.
Эркелечи чарчабай, эркелечи,
Эс алчу кез биз үчүн эрте дечи,
Эркелечи.
Жан бирге жаш селки ала-тоолук,
Эркелетчи, наристем, бала болуп.
Бул дүйнөдө күн жеткис жыргалымдай,
Жарык чачкан ак жүзүң айдай толуп.
Кайырма:
Күнүгө уктай албай толгономун,
Дайыма таттуу уйкумдан ойгономун.
Билбедим, айткылачы, замандаштар,
Дүйнөдө кандай сүйүү ак болорун.
Сагынып көрбөй калсам издей берем,
Өзүңө айланчыктап күндө келем.
Кантсем да мээрим чачып койбойсуң сен,
Айтчы өзүң, жароокерим, таш боор белең?
Сүйүү да эскиреби түсү карып?
Сүйүү да калат беле таштай катып?
Кечээки назик мүнөз, таттуу сүйүү,
Кетеби кайрылбастан тетир басып?
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Бирге учуп, бирге отуруп жанашып,
Биз тааныштык сын көз менен карашып.
Сапарлашым, сага арнап ыр окуйм,
Самолётто сапар тартып баратып.
Кайырма:
Ар убактта шыдыр болсун жолуңуз,
Аткарылсын ар бир максат оюбуз.
Суранамын чын жүрөктөн бул ырды,
Эстеликке кабыл алып коюңуз.
Адам деген бир жаралат өмүрдө,
Ойноп-күлгүн кайгы-муңга чөмүлбө.
Саламат бол, кайда жүрсөң унутпа,
Самолётто сапарлашың жөнүндө.
Кайырма:
Ыр ырдадым баратканда асманда,
Тең берерсиң термелүүңдү жазганга.
Мен бактылуу болор элем эгерде,
Сен жөнүндө оюм ишке ашканда.
Кайырма:
Сөзү : К.Усупбаев
Обону : Б.Мамаев
Теңирим теңдеп кошкон, алган жарым,
Тереңдеп ойлоп турам ойдун баарын.
Жанымдын жарымы болуп, ой бөлүшүп,
Жакшы сөз арнаарың чын мага дайым,
Алган жарым.
Кудайым каалап кошкон, алган жарым,
Кубанып ойлоп турат ойдун баарын.
Турмушта арка-жөлөк болуп мага,
Туу болуп турарың чын мага дайым,
Алган жарым.
Бак берип, Кыдыр даарып турса дайым,
Балдарга өмүр берсин бир Кудайым.
Жарым деп тартып турган мага убайым,
Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
Жаным деп тартып турган мага убайым,
Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
Кошулам өмүр сүрүшкө,
Көз артам шаардык жигитке..
Сыныма толду сырт жагы,
Сыр жагы шашам билишке.
Колумдан кармайт кой десем,
Мен үчүн кандай ойдо экен.
Мүнөзү сылык жайдары,
Билими канча болду экен.
Ар дайым оюм бийикте,
Ашыкмын шаардык жигике.
Ар күнү көрүп жүрсөм да,
Ашыгам сырын билишке
Кийгени түрлүү мода экенн,
Узун чач неге койду экен?
Ал жагы деле мейличи,
Акылы канча болду экен?
|