|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Бак аралап баратсам алды жактан,
Көрүндүң да боюңду не түзөдүң.
Көркүң менен көп жылдар чарчоо баскан
Жүгүн алып ыргыттың сен жүрөктүн
Ошондогу келбетиң кер маралдай
Ашык болуп арманда мен жүрөмүн.
Билсем деле жаш жактан айырманы
Сезим, эрким өзүмө баш ийбеди
Тоо артынан чыга келген айдай болуп
Көрүнүшүң көңүлүмдү бүт бийледи
Кантеп эми кайран жаш кыртан ашып
Кыйналганым жароокер же билсечи
Гүлү болсоң сүйүүнүн жаңы ачылган,
Бапестейин багбанын болуп гана
Суусу болсоң булактын мөлтүрөгөн
Дайра болуп агайын кошул мага.
Эч ким билбес жүрөктө оргуштаган
Ырдалайын сүйүү ыры болуп сага.
Кантеп эми кайран жаш кыртан ашып
Кыйналганым жароокер же билсечи
Жарашыктуу сүйлөгөнү, күлгөнү,
Өзүңчө шар көчө бойлоп жүргөнү.
Наазик гана сүйлөгөндө жылмайып,
Унуттурган теребелди күйнөнү
Ушул пери кер маралдай келбети
Таалайы зор кай жигиттин эркеси.
Сулуу жалгыз арзып аны тандаган,
Ал бактылуу жигит кайда жандаган.
Башы боштур таба электир өз теңин
Түбөлүккө тагдыр жолун арнаган
Ушул пери кер маралдай келбети
Таалайы зор кай жигиттин эркеси.
Ким болду экен талаайы зор ал улан,
Түнөк тапкан мындай пери жаныман
Ким болду экен сүймөнчүгү тагдырдын
Көп жигиттер кызыр тандап баарынан.
Ушул пери кер маралдай келбети
Таалайы зор кай жигиттин эркеси.
Мен болсомчу ушул кыздын эркеси.
Кайдан тиктей койдум экен сен жакты,
Капысынан катуу дартка чалдыктым.
Белгисиз бир нур тийгенсип ошондо,
Билинбестен бейтап болуп калыпмын.
Кайырма:
Күнү-түнү жалгыз сенсиң оюмда,
Көз алдымдан кетпей койду элесиң.
Бирде мага ак куу болуп көрүнүп,
Бирде мага обон болуп келесиң.
Ишке барсам турасың сен жылмайып,
Жолго чыксам тээ алыстан күлөсүң
Тамак ичсем табагымдан көрүнүп,
Уктаганда түшкө кирип жүрөсүң.
Кайырма:
Эл ичинен издесем да тынымсыз,
Эч бир жерден көрүнбөдү караның
Мейли жашын, мейли мени сынай бер.
Мен өзүңдү издеп жүрүп табамын.
Кайырма:
Ушул ырды жалгыз сага арнадым,
Жүрөк сүйүп тандап сени тапканмын
Байкайсыңбы айлуу түндө телмирип
Бир жигиттин, ойлоп сени жатканын
Сүйөт сени, сүйөт сени ар дайым
Жөн гана эмес, жүрөктөгү жаш жалын
Байкайсыңбы күндө сени көрбөсөм,
Жүрөк каны таарынгансып акканын.
Жаз жадырап гүлдүн жыты буруксуп,
Күн жылмайып көктөн чачып жылуулук
Байкайсыңбы магдыратып ар качан,
Арбаганын өзүңдөгү сулуулук.
Булбул конбойт жалгыз дарак шагына
Жылдыз болбойт көк асманда бир гана
Байкайсыңбы менде өкүнүч, кайгы муң
Булбул сымал коно албаган шагына
Болсоң эгер тоодо оскөн кызыл гүл
Болот элем чаңкооң баскан булак суу
Байкайсыңбы өзүң үчүн ар дайым,
Ичээримди берсең эгер мага уу
Бүркөлүп кайра ачылып алмашылган,
Жайлоонун гүлүнө сен окшош элең.
Мөлтүрөп таза, тунук агып жаткан.
Сен анда тоонун күмүш булагы элең
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарынып терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.
Жок жерден күлкү таап, күлчү белең,
Жарк этип чагылгандай өттү ал кез.
Мөндүргө айландыго күн себелеп
Ак гүлдөр сагынычка саргайды тең
Кайырма:
Токто деп кыйкырууга түгөндү үнүм
Таарындың, терс бурулуп кеттиң басып
Чегинде үмүт менен түңүлүнүп,
Чачылып жыйнала албай турдум катып.
|