|
|
Сөзү : Кубанычбек Бакиевдики
Обону : Э.Кайымовдуку
Из калтыр бул дүйнөдө, ансыз да өмүр кыска,
Атыңды айтып урпак, иштериң болсун нуска.
Из калтыр бул дүйнөдө, жакшылык ишиң менен,
Акындар ыр жазышсын, канаттуу сезим менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, акыйкат сөзүң менен,
Эч качан ушак айтпа, көрбөсөң көзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Артыңда из калтыргын, ак эмгек кызмат менен,
Унутпай элиң жүрсүн, кетсең да бул дүйнөдөн.
Из калтыр бул дүйнөдө, атанын уулу деген,
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Из калтыр бул дүйнөдө, боорукер сезим менен,
Көңүлдү калтырбайлы, баары өтөт бул дүйнөдөн.
Ашыкча мүлк жыйнаба, ал кетпейт өзүң менен.
Жасап алып тал чыбыктан күлүк аттар минебиз,
Ким биринчи оозуп кетсе ага мөрөй беребиз.
Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Күлүк атты мага бербей койдуң,
Ошондуктан силер менен ойнобойм.
Алсаң алчы ушул атты, чырлаганды койсоңчу,
Жүргүн эми балдар менен, биз кошулуп ойнойлу.
Кана балдар тур санакка эмки оюн жашынмак,
Ким санактан чыкпай калса ошол көзүн бек жумат.
Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Мен көзүмдү такыр жумгум келбейт,
Ошондуктан силер менен ойнобойм.
Мейли анда сен жашынгын, чырлаганды койсоңчу,
Жүргүн эми балдар менен, биз кошулуп ойнойлу.
Шакек салмай биз ойнойбуз кызыгып,
Шакек салса сен кармалбай тез ортого учуп чык.
Алтын шакек учуп чык.
Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Сен шакекти мага салбай койдуң
Ошондуктан силер менен ойнобойм.
Чыр бала, арабызда биздин бир бала,
Ойногонду билбей улам-улам,
Ортобузга чыр саласың чыр бала.
Жайлоолоп боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.
Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.
Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.
Кайырма:
Көздөрү жалдырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?
Кайырма:
Сөзү : Абдирашит Урбаевдики
Обону : Эгемберди Талиповдуку
Бир көрүп ашык болдум, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз жылуу экен көздөрүңүз.
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Жайдары көздөрүңүз,
Жагымдуу сөздөрүңүз,
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөр үнсүз.
Суранам кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Суранам дагы бир аз отуруңуз.
Сайраган булбул тилиндей,
Көрүнүп көзгө илинбей.
Жаш кезек өтөт турбайбы.
Жадырап-жайнап билинбей.
Селкилер менен алышып,
Бозойлор менен жарышып.
Жүргөндү эстеп, самасам,
Жүрөгүм кетет сайышып.
Чечедей болуп кадала,
Түшпөйт го ал кез санаамдан.
Чачымды бурул басса да,
Картайтпайт менин заманам.
Аба салкын, түн ортосу, ай жарык,
Ай жарык, ай, ай жарык.
Бак аралап бирге жүрдүк, айланып,
Айланып, ай, айланып.
Бир убакта мындай сунуш киргиздиң,
Сунуш бир, ай киргиздим,
"Болдучу эми, түн ортосу кайталык".
Кайырма:
Бек кучактап, мен сен жакка ыктадым,
Мен да ыктадым, кучагыңдан чыкпадым.
Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым.
Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Токтодум, ай, токтодум.
Колду сунуп коштошууга окшодуң.
Окшодум, ай, окшодум.
"Эсен тур" деп оң колумдан бек кысып,
Бек кысып, ай, бек кысып.
Ич жылытып, жүрөгүмдү козгодуң.
Козгодум, ай козгодум.
|