|
|
Кечигип жылдардын бир жылдарында,
Кезикти сүйүү оту кумарыма.
Сезимсиз ачылбаган бул сүйүүмдү,
Сактадым өмүрүмдүн акырына.
Булуттар арасынан сени издеймин,
Буйруксуз бактым экенин мен билбепмин.
Кечиккен бул сүйүүмө ишене албай,
Махабат көлүнө мен чөгүп келдим.
Буйругу бөлөк болуп турса дагы,
Буулугуп сени издейми ай-жылдары.
Тагдырдын тамашасы арсыз тура,
Таалайга жазып койгон бакыт мына.
Кайырма:
Эки жаш дарак болуп бийик өссө,
Эгиздей кол кармашып өмүр сүрсө.
Жарашып турса жашы бактысы да,
Эки жаш өтмөк эмес өкүнүчтө...
Кайырма:
Сөзү : Таалайбек Тойчуевдики
Обону : Таалайбек Тойчуевдики
Сөзү : А.Эгембердиевдики
Обону : К.Рыскуловдуку
Алоолоп кармап алып сүйүү жалын,
Акылдан азгырганың түшүн жаным.
Буулугуп бутагыңа конуп турам,
Бул менин бугум айткан шырылдаңым.
Кайырма:
Сени бөпөлөдүм, жаным бөпөлөдүм.
Аны сезгендирсиң менин көпөлөгүм.
Эрким, эселегим, эстүү секелегим,
Тагдыр насип кылса бактым сенде менин.
Сүйөп үмүт деми, жүрөк сүйүп сени,
Эсим эки болду эзип күйүт мени.
Күнүм жылга айланды, үмүт муңга айланды,
Тунук махабатым бүтпөс сырга айланды.
Жакшынын жандырмагын терметейин,
Эркиме эртеңкини эңсетейин.
Сездирип сүйүүбүздүн неге экенин,
Сен деле айтып чыкчу бекбекейим.
Кайырма:
Түбөлүк ыйык сүйүү уялаган,
Түшүнтүп жүрөгүмдү сыялаган.
Түшүнчү түйшүгүмө себеп табам,
Бул менин сага деген серенадам.
Кайырма:
Сөзү : Т.Имашевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.
Обонумдун күүсүн арнап ырдадым,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты - бульварым.
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу аллей - бульварым.
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Анар, алма жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй терең, туптунук.
Колдо барын төгүп чачып,
Аябагын достордон.
Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан мурас калып,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарың колдосун.
Дасторкондун даамын татып,
Жарык кылып көңүлдү.
Ынтымактын сөзүн сүйлөп,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Кайырма:
Биз келдик, жашамак бар, азбы, көппү,
Калтырбай көңүлдөрдү сактап келген.
Бул өмүр бир берилген таалай экен,
Алсак дейм аз жашоодон арбын өчтү.
Ичер суу түгөнөр күн качан келет?
Эртеби, кечпи, аны мезгил жеңет.
Жетели тирүүлүктүн кадырына,
Дүйнөгө болбоптур го эч ким түркүк.
Түбөлүк турбайт тура эч бир нерсе,
Не болмок мезгилдерди адам жеңсе?
Баарыңды кырк беш жашка жүз жыл бою,
Тургузуп коёр элем, аттиң, ай, колдон келсе.
Баарыңды элүү жашка жүз жыл бою,
Тургузуп коёр элем, арман, ай, колдон келсе.
Чиркин, ай, колдон келсе,
Аттиң, ай, колдон келсе.
Сөзү : Ашым Жакыпбековдуку
Обону : Мукан Рыскулбековдуку
Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак, балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
Сөзү : Зайырбек Ажыматовдуку
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
Дардаңдап боз жар күттүм деген менен
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
Ар дайым мээрим издеп карайладым
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
|