super.kg logo

Түмөнбай Колдошов "Коштошуу"
Жүктөлгөн: 2016-10-11
Текст
Кыйналтып жанды оорутайынбы?
Көңүлдүн шагын соолутайынбы?
Көөнүмдү көзөп чок тиштеп алып,
Коштошуу үчүн жолугайынбы?

Кысылып кайнап эзилейинби?
Кырчылып сынып кетилейинби?
Көзүмдү оюп алгандай болуп,
Көрүшпөс үчүн кезигейинби?

Азаптын заарын төгүшөйүнбү?
Армандын баарын бөлүшөйүнбү?
Акылдын алсыз кулундай болуп,
Акыркы жолу көрүшөйүнбү?

Жүрөктүн дартын козготоюнбу?
Жашоонун баарын токтотоюнбу?
Жоолугуң үчүн, соолугуң үчүн,
Жолугуп алып коштошоюнбу?
Биз социалдык тармактарда:
Видеоклиптер
00:03:42
"Сагына берем"
4 жыл мурда
калганы >>>
Элдик видео
калганы >>>
Популярдуу видеолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Аудиоклиптер


    4 жыл мурда
калганы >>>
Элдик аудио


    4 жыл мурда


    4 жыл мурда
калганы >>>
Популярдуу аудиолор
Күн
Жума
Ай
Жыл
Баардыгы
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 3268 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 3268) "Медиа-портал" бөлүмүнө кирди:

Видеоклиптердин саны:
2893;
Аудиоклиптердин саны:
9299;
Элдик видеолордун саны:
36849;
Элдик аудиолордун саны:
18962;