|
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
Жараткан жашоо берген баарыбызга,
Ар түрдүү тагдыр жаза багыбызга.
Өмүрдүн ар бир күнү текке кетпей,
Жароокер жарың болсун жаныңызда.
Кайырма:
Дайыма күлкү бассын санаабызды,
Эр жүрөк, эстүү кылсын балабызды.
Тирүүлүк кырын ашып кеткичекти,
Урмат-сый курчап турсун арабызды.
Эркелеп жакшы тилек оюбузга,
Эрте эле түштүк бакыт жолубузга.
Себепчи биздин асыл тилегибиз,
Жол ачты далай бакка конуубузга.
Кайырма:
Кыялдар учуп конбой түнөгүнө,
Ар бир жан жетсин максат, тилегине.
Чын сүйүү ишенимдин бул эркенин,
Бек сактап келатамын жүрөгүмө.
Кайырма:
Сөзү : Майрамбек Осмоновдуку
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Сөзү : Бек Борбиевдики
Обону : Бек Борбиевдики
Сөзү : Аман Акматалиевдики
Обону : Иса Өмүркуловдуку
Сөзү : Садырбек Самадиновдуку
Обону : Съездбек Искеналиевдики
Жыңайлак баскан издерим,
Жылгаңдан келет издегим.
Ар дайым кубат жаныма,
Ак чокуң, мейкин түздөрүң.
Сууларың тунук агылган,
Бүткөндөй менин канымдан.
Учурган канат байлатып,
Уям сен жүрөк сагынган.
Мээримиң кимге теңелсин,
Мен үчүн атам-энемсиң.
Жакыным боорум тууган жер,
Жанымдан артык белемсиң.
Курбу кыздар чогулсак көп кызыкка батабыз.
Жигиттердин мүнөзүн айтып бүтпөй жатабыз.
Бош жигитти көргөндө бой таштабай капабыз,
Шок жигитти көргөндө кирпик менен атабыз.
Алсыздардын жүрөгүн ачкычы жок ачабыз.
Табылганын жактырбай, тандап бүтпөй жатабыз.
Курбу кыздар чогулуп, кыялданып бүтпөйбүз.
Сөз ыргыткан жигитти "сүйсөң мейли, күт" дейбиз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
Сагынышып калганда жолугууга жөнөйбүз,
Сөздөр бүтпөй, ыр бүтпөй, үндү шаңга бөлөйбүз.
Перилердей сыланган, курдаш кыздар татына,
Гүл бурактай буралган жарашыктуу затына,
Кандай жигит кол берер курдаштарга батына,
Кездешүүгө келгиле, кеттик өмүр жазына.
Сөзү : Сыпарбек Медербековдуку
Обону : Эрик Кадырбаевдики
Аскасы көктү тирегендей,
Кайберен зоого түнөгөн, эй.
Көркөмү сонун биздин жер, ай,
Бүркүтү булут жиреген да.
Булактар шыңгыр үн курап, ай,
Таш жарып чыккан мүрөк сен.
Ала-Тоо элдин сыймыгы, ай,
Бабабыз Манас жердеген.
Кайырма:
Абалтан кыргыз жердеген, ай,
Айтылуу кутман элден мен.
Кылымды кымтып кыз куумай,
Жигити намыс бербеген.
Улак, ий, тартыш, ат чапмай да,
Таң калат адам көрбөгөн.
Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай,
Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй!
Меймандос өзү пейли кеңдей,
Даңктаймын ырдап сени мен, эй.
Канымда кошо айланган, ай,
Ак пейил кыргыз эзелтен да.
Туу кармап антка бек туруп, ай
Достору үчүн кол белен.
Салттарын жандай сактаган, ай,
Ойлонуп сыпаа сүйлөгөн.
Кайырма:
Абалтан кыргыз жердеген, ай,
Айтылуу кутман элден мен.
Кылымды кымтып кыз куумай,
Жигити намыс бербеген.
Улак, ий, тартыш, ат чапмай да,
Таң калат адам көрбөгөн.
Таңшыса күүлөр төгүлүп, ай,
Ата Журт шаңга бөлөнгөн, эй!
Сөзү : Түгөлбай Казаковдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамаал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби?
Жамгыр төктү, эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак кушумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай
Сөзү : Калчоро Кокуловдуку
Обону : Тагай Алманбетовдуку
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем,
Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем.
Ардагымды жолдон кантип жоготтум?
Арманымды агызамын жел менен.
Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй,
Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй.
Көл булуттар, мен силердей буулугуп,
Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм.
Кайырма:
Булуттар, булуттар,
Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар,
Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.
Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм?
Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм?
Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,
Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.
Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун,
Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң.
Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,
Уккум келбейт канатымдын жоктугун.
Кайырма:
Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал,
Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар.
Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга,
Көл булуттар, катарыңа кошуп ал.
Бактым кайда, жер кезейин жел менен,
Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге?
Бактым кайда, баратамын тосуп ал,
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем.
Кайырма:
Деңиздей тереңдикти каалайм сага,
Ааламдай кенендикти каалайм сага.
Нөшөрдөй бакыт-таалай каалайм сага,
Ак таңдай ачык маанай каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Ак таңдай ачык маанай каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Ак таңдай ачык маанай каалайм сага.
Асмандын кирсиз көгүн каалайм сага,
Апакай айдын өңүн каалайм сага.
Жылдыздай бийиктикти каалайм сага,
Арчадай кырчын өмүр каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Арчадай кырчын өмүр каалайм сага.
Каалайм сага, каалайм сага,
Арчадай кырчын өмүр каалайм сага.
Сымаптай мөлтүлдөгөн алаканда,
Булактай канча жутсам канбайм сага.
Жарылып жүрөгүмдүн тереңинен,
Жалындап чыккан ырым арнайм сага.
Арнам сага, арнайм сага,
Жүрөктөн чыккан ырым арнайм сага.
Арнайм сага, арнайм сага,
Жалындап чыккан ырым арнайм сага.
Сөзү : Анара Шаимкулованыкы
Обону : Дүйшөн Молдобаевдики
|