|
Сөзү : Самат Уланбеков
Обону : Нурлан Мамакеев
Алган жарын аярлап коргобосо
Жубай болуп жолдошун колдобосо
Уул кызынын эртенин ойлобосо
Анда суйбо суйууго тийбегиле
Уй-булону курманга чалбагыла
Умуту жок жашоо куруп албагыла
Махабаттын мыйзамына тийбегиле
Колунардан келбейби суйбогуло
Уй-булодон тундукту курабаса
Ал тундуктон туну булабаса
Имерилип балдарын сагынбаса
Анда суйбо суйууго тийбегиле
Уй-булону курманга чалбагыла
Умуту жок жашоо куруп албагыла
Махабаттын мыйзамына тийбегиле
Колунардан келбейби суйбогуло
Пайгамбардын уммоттун кобойтпосо
Пайдасы жок кундорун коп отпосо
Ата-Баба салтына баш ийбесе
Анда суйбо суйууго тийбегиле
Уй-булону курманга чалбагыла
Умуту жок жашоо куруп албагыла
Махабаттын мыйзамына тийбегиле
Колунардан келбейби суйбогуло
Сөзү : Алтынбек Алымов
Обону : Эрлан Андашев
Сөзү : С. Алтымышев
Обону : Тарас Асанакунов
Айдын көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жаңырып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.
Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, айперим?
Көлдүн жээгин бойлоп өзүм сага келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.
Кайырма:
Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып,
Бир өзүңдү эңсеп, бир өзүңдү эңсеп жүрөгүм.
Сөзү : Байдылда Сарногоев
Обону : Насыр Давлесов
Сөзү : Акбар Кубанычбеков
Обону : Эрлан Андашев
Сөзү : Шаилобек Дуйшеев
Обону : Муратбек Бегалиев
Жебедей эки кашың тартылган
Жетсем деп сага талпынам
Суктанып суусап жүрүп кездештим
Сулууга сендей калкымдан
Жаштыкты биз сыйлайлы, ай асыл эркем
Жаштык ырын ырдайлы, ай асыл эркем
Жебедей каштарыңдан
Же сылап чачтарыңдан
Жер менен басканыңдан ай
Кайырма
Жүрөктөн чыккан
Жүрөктөн чыккан
Дартымды уксам
Дартымды уксам
Көңүлүм чындап сага берилген
Көбүрөөк айтчы кебиңден
Таштуу жер бастым кулунду издеп
Таппадым сендей элимден
Жаштык деген бир келет, ай асыл эркем
Жаштык өтсө ким берет, ай асыл эркем
Жебедей каштарыңдан
Же сылап чачтарыңдан
Жер менен басканыңдан ай
Сөзү : Жыргал Жусупова
Обону : Эрлан Андашев
Карааның издеп мен баратам,
Кезигип кайрадан адашкан.
Көзүңдөн көргөндөй сүйгөнүмдү,
Сүйүүнүн азабын тарттым анан.
Оп-окшош карегиң оттой жанган,
Мен көрүп эстен тана сүйүп турам.
Айрылуу азабым унуткарып,
Даба бол жүрөккө жабыркаган.
Кайырма:
И-ий кайдасың асылым айтчы сен кабарыңды?
О-ой карааның издеп мен таба албай каламынбы?
Жолуккум келет мен жаным сага,
Дартымды дарылар өзүң гана.
Кезигем мен сага кайрадан,
Табамын карааның адашкан.
Өзүңдөн бир гана өтүнүчүм,
Жүз буруп кетпечи садагам.
Жан дүйнөм жабыркап армандан ай,
Жүрөмүн чыга албай мен санаадан.
Жолугуп үмүттү жандыргын сен,
Жашоомо жан бергин сен кайрадан.
Кайырма:
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Кызытайым таттуу болуп балдан да
Эзилемин карап уктап жатканда
Жүрөгүмдү элжиретип кылыгың
Сен жашоомду айландырдың майрамга
Атасынын кызы,эркем
Бакыт болуп бизге келген
Жаратканым белек кылып берген
Атасынын кызы,эркем
Бакыт болуп бизге келген
Жаратканым белек кылып берген
Кызытайым көзүмдөгү карегим
Атасынын периштеси бар эми
Жасай берем келгенинче колумдан
Сен бактылуу болуу үчүн данегим
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Көрүп токтодум
Карегинде күйгөн отторуң
Эзип козгодун
Сүйдүм сени көзу мончогум
Мени байлады
Күлмүңдөгөн жүзүң жайдары
Сенсин ардагым
Жалгызынмын кыздай айдагы
Жаным менин көпкө күткөнүм
Жүрөгүмө бакыт жүктөдүң
Карап,карап эзилип алам
Сени сүйүп дале бүтпөдүм
Толо көкүрөк
Жанымдасын,көзүң мөлтүрөп
Сүйөм мен бүгүн
Кечегиден дагы көбүрөөк
Учам көкөлөп
Эркелетсен ичте көпөлөк
Жаным экөөлөп
Махабатты турсак тең бөлө
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Курсагың токпу балам
Маанайың жокпу балам
Деген апамдын созүнөн
Артыгы жоктур мага
Жылуу кийинчи балам
Ооруба кагылайын
Деген жылуу сөзү жок
Бул дүйнө боштур мага.
Балам деп санаа бойлоп
Түйшүгүм ала койгон
Бир нерсе көрүп калса
Балама деп ала койгон
Чоноюп эр жетсем да
Мен сизге эркелеген
Баягы кичинекей
Калганмын бала бойдон
Апакебай, артыгым жанымдан да
Апакебай, ажарлуу баарынан да
Апакебай, периштем
Апапакай жоолугун салынганда…
Колумдан гана келбейт, колумдан келсе эгер
Узун жолун өмүрдүн өткөрбөй тосор элем
Жалындаган жаштыгың, мезгилди артка кайрып
Апаке белек кылып, сизге арнап коёр элем
Колумдан гана келбейт, таппаймын амалымды
Ак бастырбайт болчумун, капкара саамайыңды
Бырыштардан бекитип, мен коргоп жүрөр элем
Бир өмүр сызыгы жок, жаркытып маңдайыңды
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Төнкөрүш жасап жүрөгүмө менин,
Заматта ойрон болду сезимдерим.
Тамчылап кайра-кайра
Тамчыдан курам дайра,
Токтобой жааган жамгыр болдум эми
Сен менин жүрөгүмө көчкөн менен
Аз гана убакытта өчкөн белең?
Жетем деп махабаттын
Жээгине канча актым
Жетпедим сүйүү терин төккөн менен
Мен сени башкалардан
Болбоюн талашкандай
Башкалар жанаша албайт
Мен сага жанашкандай
Мен сени башкалардан
Болбоюн талашкандай
Башкалар жараша албайт
Мен сага жарашкандай
Мен сага балким кагазмын жыртылган,
Мен аны сезем ичимден-сыртымдан
Көркү жок суктангандай
Чынармын буталгандай
Мен сага билем керексиз кыркылгам
Көлкүлдөп көөдөнүмө санаа толуп
Жүрөктө калдың кетпес жара болуп
Кызарып кызыл чоктой
Күйөм да кайра токтойм
Кыйнадың кайдан дагы пайда болуп
Сөзү : Зарлык Камбаралиев
Обону : Зарлык Камбаралиев
Белексиң тагдырым берген
Мени да өзүңө теңдеп…
Таңдасың, жүрөктү жүрөк жандасын
Бактылуу күндөн башкасын
Жазбасын жаным…
Мен сен деп өмүр бою жашай берем….
Көз болсом, карегим сенсиң
Үй болсом, дарегим сенсиң…
Аярым, чалынсам колдон таярым
Көздөгөн аруу кыялым,
Тилегимдесиң…
Сөзү : Алмаш Чойбекова
Обону : Кадыралы Артыков
Сөзү : Биримкул Алыбаев
Обону : Сардарбек Жумалиев
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын, жыргалымсың!
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө аккуу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан!
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Раазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан!
Бала кезим өтсө дагы эртелеп эртелеп ай,
Мээримиңе чөккүм келет эркелеп эркелеп ай.
Сабыр сөзүң жүрөгүмө күч берген дем экен ай.
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Сен жанымда болсоң дүйнө кең энен, кең экен ай,
Сен болбосоң бүткүл дүйнө кем экен, кем экен ай.
Мен адашсам жарыгымсың жолума нур сепкен ай.
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Таттуу уйкудан нечен калып терметкен терметкен ай,
Талбас жанын тынбадыго эмгектен эмгектен ай.
Эркелеген балалыгым керемет кез экен ай,
Алпештеген, жарык берген энекем энекем ай.
Сөзү : Атай Огонбаев
Обону : Атай Огонбаев
Сөзү : Н.Мамакеев.
Обону : Н.Мамакеев.
Көзгө жаш айланган,
Көңүлүм байланган.
Келдиңби сен мага?
Жүрөктү сыздатып кайрадан.
Кетпечи суранамын,
Сенсиз мен кыйналамын,
Жүрөктү жаралады,
Көз карашың.
Сага мен арбалам,
Сенсиз кайда барам?
Өкүнөм азыр да
Таарынткан сөзүмдү кайра алам.
Сөзү : К.Өскөнбаев
Обону : С.Нурланбек уулу
Эки жүрөк эки жактан
Бир айласын таба албай
Жабыркаган жан дүйнөбүз
Сапырылган самандай
Коломтодо кол кармашып
Өтпөгөн соң өмүрдөн
Жашырынып жашаганча
Койсок болмок жаралбай
1-куплет
Сен деп жашаганым
Сезбейт жан адамым
Сүйдүрүп сүйдүм дагы
Атыңды атабадым
Ачыктай албай жүрөм
Жүрөктүн каалаганын
Каалаганын.
Сенден суранарым
Көптү сурабагын
Азыр сурабагын
Күткөн күнүң келээр
Күндү санабагын
Мени кыйнабагын
Кайырма:
Жашырган махабатым
Жан дүйнүмө жай бербей койду
Жашырган махабатым
Кой десем сөзгө келбей койду
Махабатын
Жашырган махабатым
Сырыбыз ичтен сызган толду
Жашарган махабатым
Сыртынан карап сыздачу болдум
Жашырган махабатым
Махабатым
2-куплет
Кечигип келген сүйүүм
Биз боло албадык бүтүн
Мени дагы түшүн
Билем сага кыйын
Жашаган бөлөк үйүң
Мага дагы кыйын
Сөзү : Тимур Салиев
Обону : Мирлан Ниязов
Сен жубайымсын сен
Мен дайым сен менен
Биз бирге жанаша
Жашоо бизди сынасаада
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Сен жараткан берген
Сен белегимсин сен
Сен жүрөк эркеси
Балдарымдын энекеси
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен
Өмүр жолун бактым деп билем
Кайгырсам да жыргалымсын сен
Тагдырымдын буйругу экен
Өзүң менен!
Өзүң менен!
|