
Кадамжай шаарында 2-апрель күнү диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кулачын жайган баптизм агымына берилген кыргыз жаштары шаар ичинде көп болуп жатканы ойлондура турган маселе. Райондун тургундары жыйналышта айрыкча жашы жете элек балдарды ар кандай жолдор менен алдап, сабактарын өтүп жаткандыгын айтышты. Айрым учурларда балдарга бекер оюнчук таратышып, аларды «эс алууга» чакырып жаткандары да айтылды.60тан ашуун адам катышкан жыйын борбордук мечитте болуп, басымдуу бөлүгүн жергиликтүү эл түздү. Жыйындын максаты – жергиликтүү тургундар арасында эки диндин кагылышуусунан чыгып жаткан чырларды токтотуу. Чогулган эл кат түрүндө мындай иштерди көзөмөлгө алууну суранып укук коргоо органдарына кайрылышты.
Жалпыбыз тээ 7чи кабаттан баштап карапайымдарыбызга чейин оз динибизди коргоого МИЛДЕТТУУБУЗ!!!
чырды ким чыгарып жатыптыр, ошолорду токтотушсун да, баптисттер жакшылык эле кылбаса, эмне жамандык кылышыптыр