
– Буттагы варикоз аялдарда көп учурайт жана көп учурда аял кош бойлуу кезде пайда болот дешет. Эмне үчүн? Алдын алса болобу?
Сезим, 29 жашта, Бишкек
-Ар бир бутта 2ден вена кан тамыры (веналар – канды ылдыйдан өйдөгө ташуучулар) жайгашкан. Бирок аял менен эркектин анатомиялык өзгөчөлүгү бар. Анткени аялдардын буттарындагы вена кан тамырлар жатынга барып кошулуп, бир кан тамырга айланат. Айым кош бойлуу кезде ичтеги бала чоңойгон сайын баягы венага күч келип, кысылат. Мындай кезде буттардан өйдөгө аккан кандын агымы жайлайт. Эгер аялдын салмагы керектүү салмактан ашыкча болсо жана аз кыймылдаса, анда агымы жайлаган кандар бутта туруп калып, веналар көөп чыгат. Бара-бара варикоз жаралат. Андыктан кош бойлуу аял варикозго чалдыкпоо үчүн ашыкча тамак ичпей, көбүрөөк кыймылдап, бутка ванна жасап турушу кажет.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙБЕК БАЙСЕКЕЕВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
Сурооңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Рахмат!
Ооба, kenesh@super.kg дарегине өзүңүздүн электрондук даректен кат жөнөтөсүз.