
– Күчөп кете элек варикозду операциясыз айыктыруу жолу барбы?
Зергүл, 36 жашта, Жалал-Абад
-Варикозду операциясыз айыктырууга склеротерапия жардамга келет. Анда венага ичке ийне менен атайын зат куюлат (бул 3-5 күн кайталанат). Ал зат кан тамырды бүтөп, канды өткөзбөй калат. Кан башка жак менен айланып өтө баштайт. Баягы кан өтпөй калган вена акырындап ичкерип, билинбей калат.
Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси ТААЛАЙБЕК БАЙСЕКЕЕВ жооп берди.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык, экономикалык, техникалык дагы башка кеңештерге муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.