Архив
Популярдуу макалалар

Клара Алибекова, ырчы: «БАЙЫШКА ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМА ӨКҮНӨМ. АЛ АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШПАЙ ЖАШАЙ БЕРСЕ, МЕН ДА БАШКА МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛМОК БЕЛЕМ...»

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж


Бир кезде жаштардын кумири болуп, далай жигиттерди суктандырган Клара Алибекованын сахнадан көрүнбөй калганына көп болду. Көптөн бери чер жазыша эч ким менен сырдаша элек окшойт. Ырчы минтип төгүлүп турду.

«ТУРМУШТУН БОРООНУНА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАДЫМ»
– Сахнага эрте келип, кичине кезимде эле атым элге тарагандыктан, жаштыгымда көп ийгиликтерди жаратышым керек эле. Элдин да, ата-энемдин да менден үмүтү чоӊ болчу. Тилекке каршы, турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым, өзүмдү жоготтум. Апам «кичине кезиӊден эле эл көзүндө жүрдүӊ, ошол кезде ырдатпай турсак болмок экен» деп көп айтат. Балким, жан дүйнөсү, аурасы таза жеткинчекке суктана караган көздөрдү көтөрө албагандырмын. Кыскасы, үй-бүлөм бузулгандан кийин таптакыр башка адамга айландым.
Жашоодо өкүнгөнүм – Байышка турмушка чыкканым. Гүлшайыр эже (ред. Садыбакасова) менен иштешип жүргөнүмдө Байыш менен бир концерттен таанышып калып, ортодо сүйүү тутанып кеткен. Мен ал кезде 18 жашта болчумун. Ырчы жигитим мени бир күнү киного, бир күнү сейил бакка чакырат. «Клара экөөбүз теӊ чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, экөөбүз үйлөнсөк, той-концертибизге көп эл келет» деп кыялданчу.

«АКЧАЛАР КАЙДА ДЕГЕН СУРООМДОН БААРЫ БАШТАЛДЫ»
– Бир гезитке «Клара экөөбүз кыз-жигитпиз, жакында үйлөнөбүз» деп интервью берген экен. Аны Гүлшайыр эже окуп алып, «Сен турмушка чыкканы жатасыӊбы? Азыр жашсыӊ, жаштыгыӊда карьера түптөп ал» деп мени гастролго жиберип ийген. Менин атымдан «мен Байыш менен сүйлөшпөйм, ал менин жигитим эмес» деп гезитке интервью бердиртип салган. Аны окуган Байыш мага өчөшүп, Жалал-Абадда гастролдоп жүргөн жеринен азыркы аялы Динараны ала качып алган. Бир кыздуу болуп ажырашкандан кийин кайра жолугуп калып жатпайбызбы. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп ал интервьюну мен бербегендигимди айтсам, «Азыр деле кеч эмес, келинчегим менен ажырашкам. Ал менин чыгармачылыгымды түшүнбөйт, кызганат» деп мени баш кошууга көндүрдү. Ошентип тоскоолдуктарга карабай экөөбүз баш кошуп, борбордо Байыштын кыялындагыдай дүӊгүрөтө той-концертибизди бердик. Андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү батир алдык.
Бир жолу «иштеп жатабыз, таап жатабыз, акчалар кайда?» деп сурап койсом, Байыштын эки эжеси «акча менен ишиӊ болбосун, керек болсо биз Байышты биринчи аялы менен жараштырып коёбуз» деп кыйкырышты. Ошентип жакындары кийлигишип жатып, Байыш мени менен ажырашып тынды.

«БАТИРДИ БАЛАМА АЛЫП КАЛСАМ БОЛМОК ЭКЕН»
– Алгач Байыш кийимин түйүп эле чыгып кеткен, анан кайра келип «батирди сатып, теӊ экиге бөлөбүз» деп калды. Мен да жаштык кылып макул болуп коюптурмун. Ошондо «кайда барсаӊ анда бар, батир балаӊа калат» десем болмок экен. Анткени азыр балам менен улам батирден батирге көчүп, анысы аз келгенсип мектептен мектеп которо берип чарчадык. Байыш «баламды карап жатам, келип жатам, эмнеге карабайт дейсиӊ?» деп нааразы боло берет. Баласына таттууларды алып айда-жылда чочугансып бир келет, анан бир аз ойнотуп, колуна 1000 сом карматып кетип калат. Же алимент төлөбөсө, же каржылабаса. Баланын түйшүгүн бул жакта мен эле тартып жатпаймынбы.
Өткөндө силердин гезитке Байыш «жаштык кылып Кларага үйлөнүп жаӊылыптырмын, кайра биринчи аялым менен бактылуу жашап жатам» деп интервью бериптир. Ошондо турмушка чыга элек секелек кыз мен эмес, бир кыздын атасы болгон, бир турмуш көргөн Байыш жаштык кылып жаӊылган экен да. Ошол кезде эле мага тийишпей, азыркыдай бактылуу болуп жашай беришсе эмне?! Балким, мен да өз теӊимди таап, бактылуу болор белем. Ал эми Жаныш жакшы, «Байэлди алып келиӊиз, балдар менен ойносун, биздикине келип кетсин. Студияга келиӊиз, ыр жазып берем» деп турат. Эмнеси болсо да баламдын барына шүгүр кылам. Балам болбосо ким үчүн жашамакмын, билбейм. Биздин ажырашканыбызга 10 жыл болуп калды. Бул теманы козгогум деле келбейт, болгону жан дүйнөмдү аӊтарганымда баары төгүлөт экен.

«БАЛАМ КЫЗГАНЫП, ЭРКЕКТЕР МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮРБӨЙТ»
– Апам байкуш «жаштыгыӊ өтүп жатат, турмушка чыкпайсыӊбы» деп мен үчүн көбүрөөк санаа тартат. Бир туугандарымдын баары турмуштан өз ордун табышкан. Менден кийинки эки сиӊдим 3 балалуу болуп очор-бачар. Өзүм да урунуп-жулунбай, жоош болгондуктан көп нерседен куру калам. Анын үстүнө баламдын көзүн бирөөгө караткым келбейт. Колумду сурагандар да жок эмес, чыгынып турмушка чыкканга өзүм деле аракет кылган жокмун. Мен деле аялзаты катары бактылуу болуп, кайрадан наристе жытын жыттагым келет. Байэл да «качан төрөйсүӊ?» деп сурап калат. Бала да, ал менин абалымды кайдан түшүнмөк эле? Бирок эркек менен сүйлөшкөнүмдү көрсө кадимкидей кызганып, жинденип кетет.
Апам «турмушта кагылдыӊ, согулдуӊ, тыӊыраак болбойсуӊбу!» деп көп урушат. Элдин баарын өзүмдөй ойлоп, баарына бирдей мамиле кылам. Бала кыялмын. Гастроль деп жүрүп убагында окубай калыптырмын, жогорку билимим да жок. Кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кетирген каталарымды оӊдоп, эӊ алгач турмушта бактылуу болгонго аракет кылмакмын. Ырдап чыгайын десем, келип эле акча маселесине такалат. Ыр жаздырып, клип тарттырып иштеп көрөйүн деп жатам. Бир туугандарым «үй алып ал» деп бир аз чогултуп берген акча бар болчу, эми ошол акчаны чыгармачылыкка жумшайын деп жатам.

"Балам чоӊойсом көп акча таап, машинама таятамды, таенемди, сизди салып жүрөм деп кыялданат".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg



Клара Алибекова: "Сүйүүсүн арнаган жигиттерге маани бербептирмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(161)
Медиа-портал
24.04.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү обончу Бабаравшан Тургунбаевдин аккардеон менен ырдаган ырларын жүктѳп койосуӊарбы.

Алдын ала рахмат!
Медиа-портал
25.04.2015. 04:26 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
915
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
01-11-2023 02:29
Жынысы:
Белгисиз
0
adjarec, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Медиа-портал
24.04.2015. 16:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
21-04-2018 10:16
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур анан ашыкча коп кулот экен.бирок суйлоп буткончо журогум сыгылып кетти.
Медиа-портал
24.04.2015. 17:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
25-07-2014
Соӊку аракети:
28-05-2016 00:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки кундон бери чыдамсыздык менен куттум эле ушул маекти.Биринчи жолу корушум Максаттын конулсуз итервью алганын, конулсуз маек курганын.Же мага ушундай туюлдубу.Репортажды мыкты чыгарышса болмок, ырларынан кобуроок кошуп,хотя бы башында аягында.Анан"Кыргызымдын жигиттери"ырын сахнада ырдаганы бар эле,архивдерден ошону таап кошушса да сонун болмок,мурда арноо концерттен коп беришчи эле.Эмне учун дегенде азыркы 20 жашка чейинки жаштар билишпейт деле Клара Алибекова мурда кандай ырларды ырдаганын.
chicago14 түзөттү 2015-04-25 00:05:05
Медиа-портал
24.04.2015. 18:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
19-11-2011
Соӊку аракети:
05-08-2019 16:42
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гезитке чыккан маегинде Байыш жонундо жазыптыр го, а бул видеосунда эмнеге жок?
Медиа-портал
24.04.2015. 18:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-12-2013
Соӊку аракети:
19-04-2018 01:19
Жынысы:
Белгисиз
+7
Клара каттуу кетсем конулуно алба!Сен кичинекей кезинде такылдаган,тайманбаган,тарсылдаган кыз элен,азыр болсо жумшак болуп эзилип,чогуп кетипсин.Озунду ушул интервьюдан карап корсон,керексиз жерлерде куло берипсин.Мурдагыдай тарсылдап журо бергин,кудайга шугур ата энен туугандарын бар экен,ажырашкан сен эле бекенсин,андайлар толтура,озунду депрессияга алдырба!Кудай буйруса сен да бактынды табасын,ага сен татыктуу кызсын!Изден, аракет кыл,сага жакшылыктарды каалайм,алга!
alina79 түзөттү 2015-04-25 00:45:32
SUPER.KG видео
24.04.2015. 18:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
19-04-2015
Соӊку аракети:
30-11-2019 01:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Клара чындыгында биз сенин ырларын менен чонойгонбуз.Маекке карай айтсак ашыкчаа эле куло берипсин,чачындын жасалгасын,форманды бир аз озгортпопсун да ырчы деген эл адамы,тыкылдап суйлобопсун да.Катуу кетсе кечирип кой,ишине ийгилик,сенен жакшы ырларды кутобуз.Жаш эмессин бактынды тап,дагы балалуу бол,биз сени менен сыймыктанабыз...Балан бактылуу балалыкта чонойсун...
SUPER.KG видео
24.04.2015. 19:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
20-09-2015 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара капа болбосунго бирок жаман коруп буткучо жудоп кетим ихи хи эле дей бериптир анан анан менен бутуптур
Медиа-портал
24.04.2015. 19:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
01-05-2008
Соӊку аракети:
12-10-2021 00:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Эмне мынча чойуласыз.... чынын айтсам аягына чейин коро алган жокмун..
SUPER.KG видео
24.04.2015. 19:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
29-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+2
Езиле берип жудотуп салды менИ да и Максатты да
Медиа-портал
24.04.2015. 19:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
13-03-2011
Соӊку аракети:
28-01-2022 13:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Катар Доха
+1
Мурдагы маектеринде аябай эле капалуу суйлогон жерлери коп болчу.Мен Клараны кулуп суйлогонун туура эле кабыл алдым анткени сезилип турат жашоосунда озгоруулор болгону.Балким ичиндеги кубанычын биз менен болушкусу келип кулуп суйлогонго.Клара ишине ийгилик дагы да болсо кеч эмес озунду кучтуу сезип мурункудан дагы кучтуу ырчы болуп жакшы чыгармаларды кыргыз элиме тартуулай бер !!!
SUPER.KG видео
24.04.2015. 20:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
09-01-2015
Соӊку аракети:
27-02-2022 14:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эже туура биз сиздин ырларынызды угуп чонойдук кулку денсоолуктун мулку демек жашоодо озгоруулор бар
Медиа-портал
24.04.2015. 20:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
02-02-2016 04:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
баласынын эжесиндей корунот го ушунан жазба бактыгул бадыеванын жанынды отоле секелек го
Медиа-портал
24.04.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулсо кулду дешет капа болсо аны да айтабыз озунун эрки го чыгармачылык жеке жашоондо озгоруулорду каалайм
SUPER.KG видео
24.04.2015. 21:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
26-04-2014
Соӊку аракети:
05-12-2019 18:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо маекте башкача кордум эле,азыр такыр башкача го!Суйлогону,камеранын алдында озун алып журуусу,кийими,прическасы мага жаккан жок!Сонун маек кутком....
SUPER.KG видео
24.04.2015. 21:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
03-12-2013
Соӊку аракети:
20-11-2020 18:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
денизден 3 метрге бийик жерде .
-1
Бул айымды тагдырын тайкы деп укканым бар . негедир ырчылардай озун карабайт экен .каарып кетиптир
Медиа-портал
24.04.2015. 22:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
03-04-2015
Соӊку аракети:
10-08-2017 22:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогулe
0
Кайсф жылкы эже???
Медиа-портал
26.04.2015. 00:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
21-01-2015
Соӊку аракети:
02-02-2016 04:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
A3A,82
SUPER.KG видео
25.04.2015. 00:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
18-10-2015 06:33
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара эже сиз аябай таланттуусуз,бирок азыркы журуш турушунус жакпады мага,кулгонунус жакшыго бирок жонокой айтылчу созгода куло берипсиз сизге жарашпаптыр.мен кулбосо экен ушул созун суйлоп деп олтурсам эле дагы кулос кату тийсе кечирим сурайм
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: