АЛТЫНАЙ НАРБАЕВА МЕНЕН РОЗА ШАКИРОВА АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛЫШТЫ
№674 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж

26-сентябрь күнү ырчы
Алтынай Нарбаева менен
Роза Шакированын автокырсыкка кабылгандыгы тууралуу кабар маалымат каражаттарына чыккан болчу. Маалыматта айтылгандай, алар Хонда үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен Ноокат районунан Ош шаарын көздөй баратып, саат 17:00 чамасында Папан айылында унаасы оодарылып кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан аталган ырчылар жеӊил гана жаракат алышкан. Алар жергиликтүү медициналык мекемеден биринчи жардам алган соӊ сапарын улап кетишкен. Ырчылардын абалын суроо үчүн байланышканыбызда, Алтынай Нарбаева:
«Кырсык каш-кабактын ортосунда» дегендей, кырсыктап калдык. Кооптончудай оор жаракат алган жокпуз. Кудайга шүгүр, азыр бары жакшы»,- деген жооп узатты.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
кудай кырсыктан сактасын