АСЕЛИНО ФРЕЙТАС КАЙРАДАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ
№18300
АКШда өткөн Бүткүл дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) чемпионатында бразилиялык Аселино Фрейтас чемпиондукту камсыз кылды.

Аселино рингге америкалык Захир Рахим менен чыгып, 12 раунддун жыйынтыгында 116-112 эсеби менен Захирдин үстүнөн жеңишке жетишти. Фрейтас мушташты жакшы деңгээлде баштап, артыкчылыгын көрсөтүп жатты...

толугу менен
ИЙНЕ КУРМАНДЫГЫ ЖЕ СООЛУГАН ГҮЛ
№18400
Бөлмөдө канга боёлгон жансыз дене жатты. Көзү ачык боюнча калган экен. Аз өмүрүндөгү кайгысы, кубанычы, сүйүүсү ушул капкара жансыз каректердин түпкүрүндө тунуп калгандай. Ал эми анын жанында башын кучактап өксүгөн жигит "Кечир, мен сени куткара албадым" деп күбүрөп жатты...
толугу менен
Спорт жылдызы: ДАНИЯР КӨБӨНОВ
№18402
Грек-рим күрөшү менен 11 жашынан машыга баштап, Азия чемпиондугуна чейин жеткен белгилүү жаш спортчу Данияр Көбөнов 1982-жылы 8-сентябрда Жетиөгүз районунун Саруу айылында төрөлүп-өскөн. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Бойдок.

"Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" дегендей, кичинесинен күрөшкө кызыккан баланын жигерин алгач эч ким деле элес алган эмес. Келечекте балбан болуп чыгууну көздөгөн Данияр элге көрүнбөй ээн жерге барып, өз алдынча машыгуусунан жазчу эмес...

толугу менен
ЭКС-ЧЕМПИОН ЛЕННОКС ЛЬЮИС ШАХМАТ БОЮНЧА МЕЛДЕШКЕ ЧЫГАТ
№18500
Экс-чемпион Леннокс Льюистин тез шахматты жакшы көрөөрү көпчүлүккө маалым. Эми Леннокс 23-июнда King.com сайтында каалаган оюнчу менен тез шахмат боюнча ат салышат.

Убагында 40 жолу ири беттешүүгө чыгып, анын 31ин нокаут менен уткан мушкер ошентип, бир жарым саат каалаган оюнчу менен беттешүүгө даяр. Уткан адам миң доллар байгеге жана Леннокс Льюисти "нокаутка"...

толугу менен
МАРКО АНТОНИО БАРРЕРА
№18600
1974-жылы 17-январда Мексиканын Ицтакалько шаарында төрөлгөн. Бою 170 сантиметр, салмагы 60 килограмм келген Марко Антонио бокс боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону.
Бардыгы болуп профессионалдык рингге 60 ирет чыгып, анын 54үндө уткан.
Учурда туулган жери болгон Мексиканын Ицтакалько шаарында жашайт.

толугу менен
ВЛАДИМИР КЛИЧКОГО КИНОГО ТАРТЫЛУУНУ СУНУШТАШУУДА
№18700
Бир ай мурун Владимир атаандашы Крис Бёрдду жеңип, IBFнын жаңы дүйнө чемпиону болуп калган эле. Эми ал Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамына жетүүнү максат кылууда.

Владимир эми рингге ким менен чыгаары белгисиз. Бирок, боксчу өзү бир да беттештен жеңилип көрбөгөн Сергей Ляхович, Джеймс Тоуни, Хасим Рахман, Келвин Брок деген аттуу-баштуулардын бирөөсү менен чыгышым мүмкүн деп белгилөөдө. Эскерте кетсек, боксчу бир ирет киного...

толугу менен
ЧЕМПИОНАТТАГЫ ЭҢ СЕКСУАЛДУУ ЖАНА СУЛУУ ДЕП ТАБЫЛГАН ОЮНЧУЛАР
№19210
Португалиянын 21 жаштагы жарым коргоочусу КРИШТАНУ РОНАЛДО футбол-2006нын эң сексуалдуу оюнчусу болуп табылды. Мындай жыйынтык голландиялык журналдын сурамжылоосунун натыйжа-сында белгилүү болду. Криштану Роналдо капитандык кылган “сулуулар жана сексуалдуулар командасына” кирген башка оюнчулар төмөн­дөгүлөр:
Маркус Розенберг (Швеция), Жонни Хейтига (Голландия), Майкл Оуэн (Англия), Робин ван Перси (Голландия), Дэвид Бекхэм (Англия), Фредрик Юнберг (Швеция), Кака (Бразилия), Фернандо Торрес (Испания)...

толугу менен
ИТАЛИЯ ДҮЙНӨНҮН 4-ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ
№19300
Берлиндеги финалдык таймашта Италия Францияны пенальтиден 5:3 эсебинде утуп алды. Негизги убакытта эсеп 1:1 болгон эле. Италия бул чемпионатка чейин 1934, 1938, 1982-жылдары чемпиондукту камсыз кылган. Эми минтип 4-ирет чемпион болуп отурат.

Оюнга аргентиналык калыс Орасио Элисондо көзөмөлдүк кылды. Оюн башталгандан 7-мүнөттө француздардын форварды Зинедин Зидан...

толугу менен
БЕРНАРД ХОПКИНС
№19400
“Баш кесер” кличкалуу Бернард Хопкинс 1965-жылы 15-январда АКШнын Филадельфия шаарында туулган. Профессионалдык бокс жаатында Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. Жарым оор салмакта Дүйнө чемпиону титулун 20 ирет коргогон. Рингге бардыгы болуп 52 жолу чыккан. Булардын 47синде жеңип (анын ичинде 32син нокаут менен), 4 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан. Бою 185 сантиметр, салмагы 79 килограмм. Чабуул коюу аралыгы 178 сантиметр. Учурда өзү туулуп-өскөн АКШнын Филадельфиясында...
толугу менен
“ВАЛЕНСИЯ” КЛУБУ КРИШТИАНУ РОНАЛДУНУ САТЫП АЛУУНУ КӨЗДӨӨДӨ
№19500
Испаниянын «Валенсия” футбол клубунун президенти Хуан Солер белгилүү оюнчу Криштиану Роналдуну «Манчестер Юнайтедден” сатып алууну клуб мүчөлөрү менен көздөп жатышкандыгын тастыктады.
“Валенсия” клубу буга чейин Фернандо Морьентести «Ливерпулдан”, “Челсиден” Асьера Дель Орнону сатып алган. Эми “Манчестер Юнайтедден” португалиялык жарым коргоочу Роналдуну сатып алууга...

толугу менен
ОЛИВЕР КАН
№19600
Футбол боюнча Германия курама командасынын мыкты дарбазачысы, Зепп Майердин окуучусу Оливер Кан 1969-жылы 15-июнда Германиянын Карлсруэ шаарында төрөлгөн. Боюнун узундугу 188 сантиметр, салмагы 91 килограмм. Учурда өзү төрөлүп-өскөн Карлсруэ шаарында жашайт.

Оливердин атасы Рольф өз мезгилинде өтө таанымал футболчу болчу жана ал Карлсруэнин «КСЦ» клубунда 1963 -жылдан 1965-жылга чейин ойногон. Белгилей кетчү нерсе...

толугу менен
ЭММАНУЭЛЬ ПАКЬЯО
№19800
Эммануэль Пакьяо 1978-жылы 17-декабрда Филиппин өлкөсүнүн Кибаве шаарында туулган. Боюнун узундугу 168 сантиметр. Чабуул коюу аралыгы 170 сантиметр. Профессионалдык рингге 39 ирет чыккан. Булардын 31ин нокаут менен утуп, 3 ирет жеңилип, 2 ирет тең чыккан.

18-ноябрда жеңил салмактагы дүйнөнүн күчтүү мушкерлеринин бири Менни Пакьяо үч салмак категориясы боюнча...

толугу менен
УЛАН МОЛДОДОСОВ
№20000
Кыргыз эли мурунтан мыкты спортчулардан куру эмес. Ата кесибин уланткан белгилүү штангачы Молдодосов Улан 1976-жылы 18-июнда Токтогул районунда төрөлгөн. Дене тарбия институтун, андан кийин КГУСТАнын инженердик факультетин аяктаган. Төрт бир туугандын улуусу. Бойдок.

– Улан, спорттун бул түрүнө кандайча кызыгып калдың эле?
– Менин атам Өмүржан Молдодосов – белгилүү спорт чебери...

толугу менен
СУЛТАН ИБРАГИМОВ
№20200
“Орус аңчысы” кличкалуу Султан-Ахмед Ибрагимов 1975-жылы Россияга караштуу Дагестан Республикасында туулган. Султан Олимпиада-2000дин күмүш медалынын ээси. Континенттер аралык чемпиондукту бир нече ирет жеңип алган. Профессионалдык рингге 21 ирет чыгып, анын 19ун утуп (16сын нокаут менен), экөөсүндө тең чыккан. Салмагы 91 килограмм. Сологой. Учурда АКШда жашайт. Бойдок.
толугу менен
АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ КИМ БОЛСО ДА МУШТАШУУГА ДАЯР
№20300
Дүйнөгө Кид Даймонд деген ат менен таанылып келаткан кыргыз боксчусу, жеңил салмактагы Алмазбек Раимкулов 7-раундда техникалык нокаут менен мексикалык Хайро Рамирезди утуп алды. Ошону менен ал NABF версиясы боюнча убактылуу чемпион наамын алды.
2-раундда эле Алмазбектин муштарынан Рамирездин эси ооп, үчүнчү раундда кайрадан нокдаунга туш болгон мексикалык бутуна араң чыдап турду. Акыркы муш ушунчалык катуу тийгенби, айтор, Алмазбек да анда...

толугу менен
ФУТБОЛ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
№20400
“Пенальти” аталышынын келип чыгышы
1891-жылы фут­бол эрежелери боюнча ирландиялык эксперт Жон Пенальти айып аянтчасында оюнчу топту колу менен кармаса же одоно ойносо, 11 метрлик айып тобун тебүү эрежесин киргизүү керектигин сунуштаган. Мындай сунуш алгач Ирландиянын футбол лигасында колдонулган. Азыр андай айып тобун тебүү бардык жерде Жон Пенальтинин ысмынан “пенальти” деп аталат.

толугу менен
Эмил Токтогонов: «БАБАЛАРЫМДЫН АРБАГЫ АЛГА СҮРӨЙТ»
№20500

“Шаман” кличкалуу эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Эмил Токтогонов 1982-жылы Кочкор районунун Карасуу айылында туулган. Таэквандо, кикбокс, тайбокс боюнча Кыргызстандын чемпиону. Панкратион боюнча Евразиянын (2006) жана Азиянын (2002) чемпиону. Тайбокс боюнча Казакстандын президентинин кубогунун ээси (Алматы, 2004). Бүтпөгөн жогорку билимдүү. Үйбүлөлүү, бир кыздын атасы.

толугу менен
ДОН КИНГ–ПРОФЕССИОНАЛДЫК БОКСТУН КОРОЛУ
№20700
Адамзат жактырган спорттун бири – профессионалдык бокс. Ошол профбокстун чоң рингине адамдарды магниттей тартып, беттешүү алдында түрдүү ажиотаждарды жаратууга зор салым кошкон промоутерлердин (уюштуруучу) бири дал ушул Дон Кинг экенин эч ким тана албайт. Эмесе, 500гө жакын чемпиондук беттешүүлөрдү уюштуруп, Гиннестин рекорддор китебине кирип, 90дон ашык мушкерди миллионер кылган легандарлуу Дон Кингдин кантип...
толугу менен
Митал Шарипов: «18 ЖАШЫМДА СССРдин ЧЕМПИОНУ БОЛГОМ»
№20920


Оор атлетика боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону, эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери, бир канча жыл Кыргызстандын курама командасынын лидери болуп келген Митал Шарипов1972-жылы Таластын Карабуура районунун Көксай айылында туулган. Эгиздин түгөйү. Беш бир туугандын үчүнчүсү. Жогорку билимдүү. Үйбүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

толугу менен
СУМО - СУПЕР ООР САЛМАКТАГЫЛАРДЫН ОЮНУ
№21300
Япондордун улуттук күрөшү болуп саналган сумо күн өткөн сайын көптөгөн адамдарды кызыктырып, магнит сымал өзүнө тартууда. Илгери бул спорттун түрү менен япон императорунун кол астында тандалган эркектер гана машыгып, өнөрлөрүн элге тартуулап келиш-кен. Бүгүнкү күнү болсо Япониянын эркектеринен тышкары дүйнөнүн булуң-бурчтарынан чогулган бука моюн, буура сан балбандар...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: