ЭДИЛ ОРДУНА КЕЛДИ
№25200
«Кыргызстан обондору» радиосунун мурдагы ди-джейи мукам үндүү Эдил Эркинбаев радиого кайтып келди. Радиого кайтып келүү­сүнө күйөрмандарынын суранычы жана кесиптештеринин чакыруусу түрткү болгон. “Балким, бир окуя болбогондо радиого да келбейт белем. Бир күйөр­маным Караколго апама чалып алып “Эдил эфирге келсин” деп ыйлаптыр. Мен Бишкектен үйгө барсам, апам: “Кой, балам, бар дагы радиого иште. Сени ушундай күйөр­мандарың...
толугу менен
Акбар Сүйүнбаев: «БЕЗЕТКИМДЕН АРЫЛАМ ДЕП ТИШ ПАСТАСЫН БЕТИМЕ ШЫБАЧУМУН»
№25200
Бул жолку түз байланышыбыздын коногу популярдуу ырчы Акбар Сүйүнбаев болду. Назарыңыздарда "Супер-Инфонун" окурмандары менен Акбардын маеги...
толугу менен
«ӨЛСӨМ ДА ИНИМДИ СЕНДЕЙ КЫЗГА ҮЙЛӨНДҮРБӨЙМ»
№25300

Гезитибиздин бул жолку тамаша торуна белгилүү ырчы жигит СЕМА түшүп отурат. Семаны торго илүү оңойго турган жок. Иниси Жанарбектин Казакстанда жүргөнүнөн маалымдар болгон соң анын болочок келинчегинин ролун аткардык. Жашыруун номер менен чалып, орус тилинде жүргүзүлгөн тамашаны кыргызчалатып сунуштап жатабыз.

толугу менен
КАЙДАН ТҮШТӨНӨСҮЗ ЖАНА КАНЧА АКЧА КОРОТОСУЗ?
№25300


Асылбек Өзүбеков:


– Мен көпчүлүк учурда түштөнбөйм. Анткени, күндүз ишим көп болгондуктан, тамактанууну да унутуп калам. Болгону, суусаганда 8 сомго шоро ичип коём. Ушинтип түшкү тамакты ичпегенге өзүм да көнүп калгам.


толугу менен
НЕЛЯ ЖАҢЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУ
№25300

Сүйкүмдүү ырчы Неля жаңы темир тулпарлуу болду. Бул машина Нелянын эсеби боюнча, рулга отургандан берки бешинчиси. Ар жылы ар кандай маркадагы темир тулпарларды айдаган ырчы кызга бул "Хонда Аккорд" маркасындагы машинаны аталаш байкеси Нурбек Прибалтика өлкөлөрүнөн айдатып келген жана машинанын документтерин өзү бүтүрүп, номерине чейин алып берген. Ырчы жалпысынан...

толугу менен
Назира Жетигенова: «АЛТЫНЧЫ КЛАССКА КЕЛГЕНИМДЕ «КЫЗ» БОЛО БАШТАДЫМ»
№25300

Айтылуу эркек куудулдардан кем калбай, сахнага чыгып элибизге күлкү тартуулап келе жаткан аялдар кыргызда саналуу гана. Назира Жетигенова – мына ушул саналуу куудулдардын бирөөсү. Тартынуу, кысынуу дегенди билбеген Назира айым 1974-жылы 24-апрелде Талас шаарында төрөлгөн. 6 бир туугандын бешинчиси. Эки кыздын энеси. Учурда бойдок. “Нукура кыргыз” телефестивалынан...

толугу менен
КҮЙӨӨСҮНӨН МУШ ЖЕГЕН ЖЫЛДЫЗ АЙЫМДАР
№25400

Чындыгын айтканда, аялын сабаган эркектер илгертеден эле бар эмеспи. Ушундай үйбүлөлүк чыр-чатактардын келип чыгышынын бир канча себептери бар. Мындай көрүнүштөр бир эле карапайым калк арасында гана кездешпейт. Күйөөсүнөн кордук көргөн айымдардын арасында дүйнө жылдыздары да бар. Алардын кээ бирлеринин татаал жашоосу тууралуу...

толугу менен
АНЖЕЛИКА НАРИСТЕ КҮТҮП ЖАТАТ
№25412

Айдай сулуу Анжеликанын үстүбүздөгү жылдын башында турмушка чыкканы жөнүндө баарыбыз эле кабардар болгонбуз. Эми минтип бул кызыбыз жолдошу экөө наристе күтүп жатышкан учуру. Учурда Анжеликанын боюндагы бала 6 айлык болуп калды. “УЗИге түштүм, ал жактан эркек же кыз экенин көрө албай коюшту. Бул биздин тун балабыз болгондуктан, кыз же эркек экенинин мааниси жок. Негизгиси, аман-эсен төрөп алсам эле болду. Буюрса, жылдын...

толугу менен
«АЛАКАЧЫП КЕТИШСЕ ЭРКЕКЧЕ МУШТАШАМ»
№25400


«Боз салкын» фильми аркылуу мекенибиздин булуң-бурчуна чейин таанымал болууга жетишкен Асема азыр 21 гана жашта. Жаш экенине карабай баарыбыздын бүйүрүбүздү кызытып, учурда Кыргызстанда популярдуулугу артып турган убагы.

– Асема, сен тар­тылган “Боз салкын” фильмин көр­бөгөн кыргыз калбаса керек. Бул киного кандайча келип калдың эле?
– 2004-жылы Бишкектеги “Бийиктик” басмаканасында иштеп жүргөндө...


толугу менен
«МАГА ЖАН КЕРЕК, БИРОК...»
№25500
Бүгүнкү биздин “Тамаша тор” рубрикабыздын кайырмагына жаш ырчы Ильяз Абдыразаковду түшүрдүк. Жаш ырчыбыз бир коркуп, кайра бир жинденип жатып биздин тордун талабына моюн сунуп берди. Анда эмесе, сөз башынан болсун.
– Алло! Мага Абдыразаков Ильяз керек эле.
– Ким сурап жатат?
– Мен милициядан чалып жатам.
– Ильяз менмин. Эмне болду, эже?
– Сен жакында Россияга бардың беле?

толугу менен
СУЛТАН ПРОДЮСЕРИНЕ КАЙРЫЛЫП КЕЛДИ
№25500
Ырчы Султан Садыралиев келишими аягына чыга электе продюсеринен кетип, шоу-бизнесте сенсация жаратты эле. Арадан эки ай өтүп-өтпөй, эми минтип кайра өзү кечирим сурап, продюсери Динара Эсенгуловага кайрылып келип отурат. Динара да бир аз ойлонгон соң аз убакыт ичинде өз баласындай болуп калган Султанды кечирип, кайра иштешүүгө макулдугун берди. Бул боюнча Султандын өзү­нө кайрылганыбызда: “Мен жаштык – мастык кылган экенмин. Бир аз убакыт өткөн соң ойлонуп-ойлонуп...
толугу менен
Ирлан Таалайбеков: «МЕН ТӨРӨЛГӨНДӨ ЭЛЕ МУЗЫКАНТ БОЛУП ТӨРӨЛГӨМ»
№25500
Мирбек, Урмат, Султан байкелеринин жолун жолдогон жаш ырчы, окуучу кыздардын кумири Ирлан Таалайбеков да кең Таластын кулуну. Ал 1989-жылы 14-февралда Карабуура районунун Чолпонбай айылында төрөлгөн. Төрт бир туугандын улуусу. Бойдок...
толугу менен
ЭНРИКЕ ИГЛЕСИАС
№25600

“Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү коногу дүйнөгө атагы тараган испаниялык ырчы, миллиондогон кыздардын жүрөгүнүн ээси – Энрике Иглесиас. Аны сүйүп, кумир туткан кыздардын арасында биздин мекендештерибиз да бар экендигинде талаш жок. Энрике учурда 32 жаштан ашканына карабай бойдок. Ырчынын балалыгы, алгачкы сүйүүсү, жалпы эле өмүр таржымалы тууралуу төмөнкү макалада...

толугу менен
НУРЗАТ “ХИТ-ПАРАДГА” КАЙТЫП КЕЛЕТ
№25600

Нурзат Токтосунова өзүнүн тушоосу кесилген “Хит-парад” телеберүүсүнө кайтып келүүнү чечти. Бул сунуш ага УТРКнын көңүл ачуу студиясынын жетекчилиги тарабынан түшкөн. Бирок, Нурзат дароо эле макулдугун берген эмес. Алматыдан жума сайын келип туруу үчүн жол киресине эле миң сом кетээрин, ошон үчүн бир аз ыңгайсызыраак болуп калаарын билдиргенде жетекчилик жол кирени өздөрү төлөп тураарын айткан. Муну укканда Нурзат...

толугу менен
Эрмек: «ЖҮЗ МИҢ СОМ УТСАМ, МАШИНА САТЫП АЛАМ ДЕП ОЙЛОГОМ»
№25600

“Браво” телеберүү­сү­нүн таланттуу алпаруучусу Эрмек Нурбаев жакында эле спорт тармагында да ийгилик жаратты. Анын “Көк жал” чемпионатынан баш байгеге кандайча ээ болгондугу тууралуу маек назарыңыздарда.

– Эрмек, жакында эле бокс боюнча “Көк жал” чемпионатына катышып, жеңүүчү болбодуңбу. Спорттун бул түрү менен мурдатан эле машыгып жүрчү белең?
– Мен кичинекейимден спорттун көп түрлөрүнө кызыктым. 8-класста окуп жүргөнүмдө кикбоксинг менен бир жума...


толугу менен
МЕРГЕН ТУРГАН ҮЙЛӨНДҮ
№25700

“Белгилүү ырчы Мерген Турган үй­лө­нөт экен”, жадакалса “үйлөндү” деген ушактарды кулагыбыз чалып калчу. Мындай ушактарга жооп кылып, бул жолу Мерген мырза бойдоктук менен чындап коштошууну чечти. Ырчы 3-октябрь күнү жубайын алып келгени Казакстанга жөнөп кеткен.
4-октябрда түштөн кийин казак кызы Жылдызды үйгө алып келип, эми чындап үйлөнгөндүгүн бизге сүйүнчүлөдү. Керек болсо “буюрса, орозо чыкса, октябрь айында...

толугу менен
Султан Садыралиев: «МИРБЕК МЕНИН КАН ДОСУМ, АНЫ ЭЧ КАЧАН ТОКОЙГО ТАШТАБАЙМ»
№25700

Популярдуу эстрада ырчысы Султан Садыралиев бул жылы өзгөчө окуяларды башынан өткөргөнү тууралуу күйөрмандары кабардар болуп эле келатышат. Мындай окуяларынын негизгиси – анын продюсеринен кетип, аз убакыт өтпөй кайра кайтып келгени...

– Султан, продюсериңе кайрылып келишиңе эмне түрткү болду?
– Жалгыз иштеген кыйын экен. Биринчи себеби...


толугу менен
Мерген Турган: «МЕН СЕНИ БУЗУП КОЮП, УБАЛЫҢА КАЛГЫМ КЕЛБЕЙТ»
№25810

Бүгүнкү “Тамаша тор” рубрикабызды адаттагыдан бир аз башкачараак кылууну туура көрдүк. Башкачараак дегенибиз, ырчы мырзаларыбызга чалып, азгырдык. Биздин чеберчилик менен болгон айла-амалдарыбызды колдонгон азгыруубузга ырчы мырзалардын илинбей коюулары мүмкүн эмес эле. Ошентип, аларга чалып, акылга сыйбас жоругубуз менен бир сыйра сүйүнтүп, кайра күйүнткөнбүз...

толугу менен
СЪЕЗДБЕК КЫЗДУУ БОЛДУ
№25800

Мусулмандар Кадыр түн тосуп жатканда биздин белгилүү ырчы жигитибиз Съездбек Искеналиев түнкү саат бир жарымда кыздуу болду. Ымыркай шаарыбыздагы №4-төрөт үйүндө 3 килограмм салмакта төрөлдү. Съездбектин апасы небересинин атын Даткайым деп койду. Анткени, ырчынын уруусу Курманжан Датканын адыгине уруусунан болгондуктан, Датка Съездбектин чоң энелери болуп кетет. Жадакалса, ырчынын...

толугу менен
Мирбек Атабеков: «КЫЗДАР МЕНЕН ТҮЗГӨН МАМИЛЕМ БИР АЙГА ГАНА УЛАНДЫ»
№25800

Учурдун популярдуу ырчысы, сахна жылдызы Мирбек Атабеков «Жүрөгүм» аттуу жеке концертин берүү алдында турат. Андан сырткары, жакында машиналуу да болду. Мирбектин темир тулпары, чыгармачылыгындагы жаңылыктары жана башкалар жөнүндө кенен маек сиздердин назарыңыздарда.

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: