|
![]() №231 ![]() ![]() Биз анын жүрөктү эзген мукам үнүн биринчи жолу белгилүү “Клон” сериалынан укканбыз. Анын чыныгы хитке айланган “Habibi” аттуу ыры менен баарыбыз “ооруп”, оозубуздан түшүрбөй ырдап калбадык беле?! Жүзүн көрүшпөсө да анын күйөрманына айлангандар арабызда аз эмес болчу. Сериал эчак бүткөн, бирок, Амр Диаб менен анын ыры дале эсибизде. Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикасынын бүгүнкү коногу – араб... толугу менен ![]() №231 ![]() ![]() Буга чейин “Чубактын чуусундай” чубалып келген “Бритни жана Кевин” эпопеясы финалына келип жетти. Жылдыз түгөйлөр ажырашуу жөнүндөгү документке кол коюшту. Үйбүлөдө пикир келишпестиктер ажырашууга чейин эле болуп келген. Күйөөсүн балдарынын тагдыры кызыктырбастан, өз карьерасы жөнүндө гана ойлосо, аялы ачуусун арак менен басып, күйөөсүн босогого жакын жолотпой калган жашоого... толугу менен ![]() ![]() №231 ![]() ![]() Жакындан бери «Кечикпе», «Жаңылуу», «Кыргыз жер» аттуу жагымдуу ырлары менен эл назарына алынып келе жаткан Ильяз Андаш менен тааныштырабыз. Ильяз Андаш 1988-жылы 30-июлда Каракол шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүнүн 3-курсунда окуйт. Музыкадан... толугу менен ![]() №231 ![]() ![]() Кыргыз кыздарынын сүйүктүү “Сема” тобу буга чейин “Махабат ыры”, “Ой тобо” аттуу эки ырына клип тартып, көрөрмандарга сунуштаган болчу. Жакында эле элге тартууланып, жаштар арасында популярдуулукка жетише баштаган “Кызганба” аттуу ырына тартылган жаңы клип көрөрмандардын арасында кызыгууну жаратууда. Эмесе, бул клип тууралуу Сема өзү айтып берсин. толугу менен ![]() ![]() №231 ![]() ![]() “Мирбек Атабеков эми ырдабайт экен, чыгармачылыгын Казакстандан улантат экен” деген маалымат тараганда айрымдар таң калса, көпчүлүк өкүнүп калган эле. Бекер эле таң калып, бекер эле өкүнүптүрбүз. 2-апрель күнү Мирбектин тагдыры оң жакка чечилди. Ал эч жакка кетпей, мурдагыдай эле чыгармачылык менен алпурушуп, продюсери Канат Култаев менен түзүлгөн келишимин уланта бермей болду. Бул... толугу менен ![]() №231 ![]() ![]() Айнура эженин аткарган ролдоруна далай жолу боорубуз эзиле күлгөнбүз. Ошентсе да эже өзүн куудул эмес, жөн гана драма актёрумун деп эсептейт. Эмнеси болсо да жөнөкөй ролду да, комедиялык ролду да ийине жеткире ойногон Сакиш атка конгон бул актриса эч бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Үч кемпирдин бир кемпири Айнура Тургумбаева 1968-жылы 9-январда Аламүдүн районунун Стрельникова айылында төрөлгөн. Кыргыз... толугу менен ![]() ![]() №232 ![]() ![]() Аз убакыттын ичинде “Секелек”, “Өзүмө”, “Кыргыз элим”, “Сулууга” деген ырлары менен эл алдына тааныла баштаган жаш ырчы жигит Жоомарт Жедигеров менен тааныштырабыз. Жедигеров Жоомарт 1986-жылы 2-августта Алабука районунун Коштерек айылында төрөлүп-өскөн. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда фольклор... толугу менен ![]() №232 ![]() ![]() 2002-жылдан бери “ОРТ” (“Общественное Российское Телевидение”) каналы “Биринчи канал” деп сыймыктуу аталып келет. “Атына заты жарашат” дегендей, чынында эле мындай аталыш каналдын популярдуулугун, анын дайыма алдыңкы орунда экендигин, биринчилигин аныктап турат. Россияда гана эмес, бүткүл КМШ, Австралия, АКШ, Жаңы Зеландия жана Антарктидада эфирге чыккан “Биринчи каналдын” дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрүнүн саны азыр 80 миллионго жетет. “Кайда гана болбоңуз, дайым сиз менен жана сиз үчүн” деген ураан менен иштеген “биринчилер” кыргызстандыктардын да жүрөгүнөн орун алып келишет... толугу менен ![]() ![]() №232 ![]() ![]() Өнөр майданында жылдыздардын жашоосу катардагы адамдардын жашоосуна караганда бир топ кыйын. Анткени, аларга көбүнчө үйбүлөсүн же карьерасын тандоого туура келет. Мына ушундан улам турмуш курган соң ажырашууга аргасыз болгон ырчылар көп. А биз болсок тескерисинче, үйбүлөсү менен ишин айкалыштырып, башкача айтканда, алгачкы никеси менен бактылуу жашап жаткан жылдыздар тууралуу сөз кылабыз. толугу менен ![]() №232 ![]() ![]() Жагымдуу үнү менен борбор калаабыздагы угармандардын көңүлүн көтөрүп келген “Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Жанара Атабекова 1-мартта расмий түрдө радиодон кетти. Бирок, «жакшы көргөн ди-джейимдин үнүн укпай калам» деп чочулаган күйөрмандары кам санабай эле койсо болот. Анткени, Жанараны жакында «НБТ» телеканалынан көрө алабыз. Эми Жанара теледе музыка тармагында эмес, маалымат кызматында иш алып барат. Азыр Жанара аталган телеканалдын “кухнясын” ... толугу менен ![]() ![]() №232 ![]() ![]() АЙЖАМАЛ, 18 жашта, Бишкек: – Мирбек, сиздин жаңы чыккан «Алтын апа» аттуу ырыңыз бизге абдан жакты. Чоң энеңизге арнап жаздыңыз беле? – Ооба, бул менин чоң энеме арналган ыр. Мен өзүм чоң энемдин колунда өскөм да. Мени аябай эркелетип, башка неберелерине караганда жакшы көрчү. Кичине кезибизде байкемдин балдарынан катып мага конфет берээр эле. Өткөн жылдын декабрь айында жетимиш жаш курагында... толугу менен ![]() №233 ![]() ![]() Өз көзүбүз менен эч качан көрбөсөк да, жакын тааныштарыбыздай болуп калган атактуу ырчы, актёр, режиссёрлордун жеке турмушу бизди кызыктырбай койбойт. Алардын жашоосундагы ар бир окуяны, айткан сөздөрүн, басып-турганын дайыма байкап турабыз. Өзгөчө кызыкчылык жараткан нерсе – бул жылдыздардын үйлөнүү тойлору. Кымбат «Лимузиндер» жана баалуу үлпөт көйнөктөр, бриллианттуу шакектер жана таңкалтырган... толугу менен ![]() ![]() №233 ![]() ![]() Өзгөчө ысымы, келбети, башка ырчылардан айырмаланган сти-ли, «Да, я любил тебя» аттуу ыры менен жаш угармандардын көңүл борборуна алынып келе жаткан Алькамиль менен тааныштырабыз. Алькамиль 1990-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Бишкектеги Архитектура жана Курулуш техникумунун 1-курсунда дизайнер бөлүмүндө окуйт. Музыкадан сырткары... толугу менен ![]() №233 ![]() ![]() Жакында жаш ырчылардын продюсерлери борбордо болуучу концерттердин баасын көтөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. сүйлөшүүнүн акырында келген жыйынтык боюнча, эми концерттерге мурдагыдай 100 сомдон эмес, 200 сомдон кирет экенбиз. Көтөрүлгөн бул маселе боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн идеянын «автору» , ырчы Мирбек Атабековдун продюсери... толугу менен ![]() ![]() №233 ![]() ![]() Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргызстандын алтын үндүү ырчысы Ырыскелди Осмонкуловду тааныбаган адам болбосо керек. Ырыскелди Осмонкулов 1968-жылы 28-январда Бишкек шаарында төрөлгөн. Он бир туугандын кичүүсү. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы. толугу менен ![]() №234 ![]() ![]() Өз акылы, таланты, шыгы менен миллиондоп акча тапкан мыкты дизайнерлердин колунан жаралган кийимдерди кийсеңиз да, алардын жашоосу, жеке турмушу жөнүндө маалыматыңыз азбы? Рубрикабыздын бул сандагы коноктору – дүйнөлүк мода тарыхында таңкалыштуу жана унутулгус ачылыштарды жасаган эң атактуу модельерлер. толугу менен ![]() ![]() №234 ![]() ![]() "Кыздын бараар жери күйөө" демекчи, ар бир кыз бактысына жараша эртеби, кечпи, өз ордун табат. Анын ичинде кыргыз ырчыларынын арасындагы бойдок кыздарыбыз да жигиттерди кызыктырбай койбойт. Ошондон улам азил-чыны аралаш бойдок жылдыздар жөнүндө маалымат берүүнү туура көрдүк. Балким, ушул макаладан кийин кыздарыбыздын бактысы ачылып кетээр?.. “Кыз Бурактын” эркек мүнөз бул кызы – кесиби боюнча журналист. “Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес 9 жаш, эй” деп бекеринен ырдабаса керек, анткени, жашы 30дан ашып калса, албетте, Кенжени... толугу менен ![]() №234 ![]() ![]() Бир топ белгилүү кыргыз фильмдеринде, рекламалык роликтерде жана клиптерде ролдорду жараткан актёр, “Дем” театрынын бир жигити Камчы Сарыбаев өзүнүн жеке концертин берүү алдында турат. Белгилүү актёрдун концерти кандай болооруна кызыгып, аны чакан маекке чакырдык. толугу менен ![]() ![]() №234 ![]() ![]() Бул ырчы «Ичпечи, апа» деп ырдаганда жүрөк сыздаса, «Расуулулла» деген ырын угуп, клибин көргөндө карылар «алдыңа кетейин, ыймандуу бала тура» деп жүрөктөрү жибип калышат. Ал эми «Махабат дастанын» созгондо жаштар сүйүүнүн бар экенине дагы бир жолу ынанышып, чыныгы махабат тууралуу бул ырды эргип угушат. Дал ушул жагымдуу ырларды жүрөктөргө жеткире ырдаган Оштон чыккан талант Эмил Балтагуловдун чыгармачылыгы жана жеке турмушу тууралуу маек назарыңыздарда. толугу менен ![]() №235 ![]() ![]() Көргөн адамдын жүзүнө жылмаюу жараткан Россия шоу-бизнесинде пародия аткаруу боюнча атак-даңкка жеткен белгилүү айым Елена Воробейдин сатиралары көпчүлүктүн көңүлүнөн орун тапкандыгы анык. Анын ичинен биздин өлкөдө дагы көп сандаган күйөрмандары бар. Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикасынын бүгүнкү коногу Елена Воробей тууралуу маалымат назарыңыздарда. толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|