|
![]() №243 ![]() ![]() «Тамаша тор» рубрикабыздын бүгүнкү кадырлуу коногу «Атага кат» ырын ырдаган жигиттердин бири Сапар болмокчу. Бул жигитибизди торго илип алып, болушунча эле «коноктодук». Аягында Сапардын чыдамы кете баштаганда гана тордон чыгардык окшойт. толугу менен ![]() №243 ![]() ![]() Актёрдук кесипке ээ болуу үчүн бир канча атактууларыбыз билим алып, нечен жыл тажрыйба топтогондон кийин гана киного тартылуу укугуна ээ болушкан болсо, кээ бирлери ымыркай кезинен эле шоу-бизнеске аралашып келишет. Алардын арасында ичинен оргуп чыккан чыныгы талантынын күчү менен келгендери да, ата-энесинин колдоосу менен келгендери да бар. Анда “Дүйнө жылдыздары”... толугу менен ![]() ![]() №243 ![]() ![]() Алпаруучулук өнөрү менен жакындан бери учурдун популярдуу телеберүүсү “Бравону” орус тилинде алпарып жаткан Динара Ысыкеева менен тааныштырабыз. Ысыкеева Динара 1985-жылы 27-мартта Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Кыргыз-Орус славян университетинин 4-курсунун студенти. Бош убактысында китеп окуганды жакшы көрөт. толугу менен ![]() №243 ![]() ![]() Эл көзүндө жүргөн соң сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөөнүн кыздарга гана эмес, жигиттерге дагы тиешеси бар. Ал эми азыркы ырчы жигиттерибиз мурдагы муундагы ырчы агаларына салыштырганда эмнегедир арыктай сезилишет. Балким, баралына келгенде булар да агаларындай болушаар. Ага карабай азыркы ырчы жигит-терибиздин салмагы менен арманына азил-чыны аралаш тийишип, бир аз чымчып... толугу менен ![]() ![]() №243 ![]() ![]() Белгилүү скрипкачы Аида Баякова “башкалардан эмнем кем?” деп ырдоого багыт алды. Бул Аиданын капысынан чыгарган чечими эмес. Ал мындай кадамга көптөн бери даярданып, вокалдан сабак алып жүргөн. Азыр Аида биринчи ырларын камдап, убактысынын көп бөлүгүн үн жаздыруучу студиялардан өткөрүп жаткан кези. Скрипкачынын жакында өзүнүн классикалык концертин бергенин, жакын арада дагы бир концертине... толугу менен ![]() №243 ![]() ![]() Наристе кезинен баштап сахнада чоңойгон ырчы кыз Анжелика турмушка чыга элегинде гезит, теле-радиолордон байма-бай чыгып турса, үйбүлө кургандан бери Анжелика жөнүндөгү маалыматтарды күйөрмандары күтүп калышты. Коомчулук деген коомчулук экен, “Анжеликага күйөөсү ырдаганга тыюу салыптыр”, “Анжелика чет өлкөгө кетип калыптыр”... сыяктуу ушактар өзүнөн-өзү тарай баштады эле. Биз болсок ырчы кыз... толугу менен ![]() ![]() №244 ![]() ![]() 80-жылдардын жүрөк эзген ырлары азыркы жаштар тарабынан ырдалбаса дагы ага-эжелерибиздин жүрөгүндө эң жакшы көз ирмемдерди эске салган жандүйнө жаңырыгы бойдон кала бергенинен күмөн жок. Гезитибиздин бул санында окурмандарыбызга бир тамчы болсо да жаштык элесин тартуулоо максатында 80-жылдарга сапар тартууну туура таптык. Анда «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын бүгүнкү санында убагында миллиондогон кыздардын көз жашын... толугу менен ![]() №244 ![]() ![]() Кадимки эле Жаныбек жөн турбай бир кызга тийишип атат дейт: – Чоң кыз, “аялзатынын жашын сурабайт” деп коюшат. Бирок, сиздей кыздан кантип сурабай коё алам? Атыңызды сурабаганым үчүн кечиресиз, жашыңыз канчада? – Канчада экеним сыртымдан эле көрүнүп турса керек, канча бересиз?- десе, анда Жаныбек: – Эми-и, оймоктой оозуңузга караганда, 16да окшойсуз. Кашыңыздын серпилишине карап, «17деби?» деп да ойлоп кеттим. Жүзүңүздөн чачыраган нурлардын айтымында, 20да... толугу менен ![]() ![]() №244 ![]() ![]() Балалык. Кандай жакшы сөз. Мүмкүн болсо ошол кезге бир барып, кайра кайтып келгиң келет. Биздин белгилүү адамдарыбыз да кезинде бала болушкан. Алардын балалыгына саякаттагыңыз келсе, биздин “Артта калган алтын балалык” рубрикабызды калтырбай окуңуз. Бул жолу белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов балалыгын эскерет. толугу менен ![]() №244 ![]() ![]() Кийинки учурларда телевидениеден жаңы клиптер биринин артынан бири көрсөтүлүп жаткандыгы маалым. Мындан аз гана жыл мурункуга салыштырганда клип тартуу жагынан өсүп баратканыбызды далилдеген бул көрүнүш албетте, кубантпай койбойт. Даяр болгон клипти көргөн адамга бул өнөр жеңил туюлганы менен анын ичиндеги түйшүктү көпчүлүк сезе бербесе керек... толугу менен ![]() ![]() №244 ![]() ![]() Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун көкүрөк күчүгү Сайкалды Жаңы Жылдын астында өткөн концерттердин ар биринен көрчүбүз. Ошондон бери Сайкал концерттерге эмне эле такыр чыкпай калды десек, ыр деп жүрө берип сабакка такыр көңүл бурбай, чейректери жалаң “3” болуп кеткен экен. Мындай кылыгына апасы Гүлшайыр эже нааразы болуп, Сайкалды сахнага чыгарбай, сабакты жакшы окуусун талап кылган. “Кызымды сахнага 6-7 ай жолотпой койсом бук болуп кетти. Азыр экзамендеринин баары бүттү жана жылдык баалары... толугу менен ![]() №244 ![]() ![]() Шоу-бизнестин кезектеги дагы бир сенсациясы пайда болду. Башкача айтканда, сахнада такай эгиз козудай ээрчишип жүргөн ырчы жигиттер Артык менен Сапар чыгармачылыкта эки башка жол менен кетүүнү туура көрүшүптүр. Мунун себебин Артык, Сапар жана алардын продюсери Дана төмөнкүчө түшүндүрүштү... толугу менен ![]() ![]() №245 ![]() ![]() Кинотеатрларга барып алып жүрөк козгогон индия кинолорун көрүп көз жаш куюлган учурлар эсиңизде болсо керек. Ал эми жөн гана кино көрүп отурган адамды ыйлаткан актёрлордун талантына тан берсе болот. Ошондой таланттуулардын бири болгон легендарлуу Индия киноактёру Митхун Чакраборти тууралуу кененирээк маалыматтарды сиздерге гезитибиздин бүгүнкү санында сунуштайбыз. толугу менен ![]() №245 ![]() ![]() Өткөн саныбызда бул рубрикабыздын коногу Сапар Эркебаев болгон эле. Шарт боюнча Сапар кийинки тамаша эстафетасын бир ырчыга сунуу менен бирге ал ырчынын жашыруун же биз билбеген жактарын айтып, “розыгрыш” кызыктуу болуусуна шарт түзүп бериши керек болчу. Бул жөрөлгөнү Сапар эске алып, учурда Замир менен Нелянын “Кайып булак” деген кинодогу негизги каармандардын ролдоруна тартылып жатышкан кездерине байланыштырып, Замир Мырзаны... толугу менен ![]() ![]() №245 ![]() ![]() – Саламатсыңарбы, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты? Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалоо менен бирге менин бир өтүнүчүмдү орундатып коюуңуздарды суранам. Ырчы Айбек Карымов менен Гүланданы мындан эки жума мурда Акталаада бир машинада кетип бара жатышканын көрдүм. Балким, концерт койгону келиштиби дейин десем, эч кандай деле концерт беришкен жок. Эмнегедир элдер экөөнүн ээрчишип жүргөнүн... толугу менен ![]() №245 ![]() ![]()
ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ: толугу менен ![]() ![]() №245 ![]() ![]() Бир кездеги ичкиликтен да, тамекиден да баш тартпаган шок жигитибиз Санжар Бердибеков жашоо образын өзгөрттү. Дегеним, Санжар азыр беш убак намаз окуп, эки сөзүнүн биринде “иншалла” сөзүн кайталап, теспе кармап отурган кези. Эми Санжар чыгармачылыгын да биротоло таштоо алдында турат. Август айында Россияга гастроль менен барып, ал жактагы кыргыздарга концерт коюу менен бирге мекендештерин дааватка чакырып келмекчи. Ушундан соң Санжарды сахнадан эмес, мечиттен гана кезиктирип калат өңдөнөбүз. толугу менен ![]() №245 ![]() ![]()
толугу менен ![]() ![]() №246 ![]() ![]() «Каныңдан жаралган бала – жашоого жарык берген шам чырак» демекчи, ар бир адамдын жашоосунда өз баласы эң башкы орунда турат эмеспи. Анын сыңарындай, ааламга аты таанылган дүйнө жылдыздарыбыз да балдары менен өздөрүн толук бактылуу деп эсептешет. Анда «Кайсы жылдыздын канча баласы бар, аттары ким, алар канча жашта, эмне менен алектенет?» деген сыяктуу суроолорго жоопторду төмөнкү макаладан табасыз, урматтуу окурман… толугу менен ![]() №246 ![]() ![]() Жаш ырчылар менен кошо жергебизде шоу-бизнес да өнүгө баштады десек болчудай. Мына ушул шоу-бизнес менен бирге продюсерлик да модага айланды. Ырчыларды продюсери менен иштешип жатканда теле-радио, гезит-журналдардан тынымсыз чыгып жатканын көрөсүң. Эгерде кокустан пикир келишпестик болуп кетип, ырчы продюсеринен бөлүнсө эле ал шоу-бизнестин өгөй баласына айланып калып жаткан учурлар да болууда. Сөзүбүз куру болбош үчүн төмөндө мисалдарды келтирдик. толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|