Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
ШАКИРА
№19210
Дүйнөлүк шоу-бизнесте популярдуу­лукка ээ болуп келаткан ырчы Шакиранын талантына суктангандар аз эмес. Анын керемет үнү жана бийчилик өнөрү көптөрдү тамшандырып, чыгыш бий сүйүүчүлөрүнүн ар биринин жүрөгүнөн түнөк таап келет. Ошондой эле Шакиранын өмүр таржымалына кызыккан күйөрмандары миңдеп саналат. “Шакира” деген сөз араб тилинен которгондо “Жакшылыкка толтурулган аял” дегенди билдирет.
толугу менен
Айтурган Темирова: «РАДЖ КАПУР МЕНИ ИНДИЯ КИНОСУНА ТАРТЫЛУУГА ЧАКЫРГАН»
№19100
Айтурган Темирова деген ысымды ким билбейт? Бул ысым кыргыз журтчулугуна даңазалуу кыргыз фильмдеринде роль жараткан актриса катары белгилүү. Айтурган Темирова жакында эле кыргыз элине жакшы жаңылык менен келди. Дегеним, Айтурган айым өзүнүн аткаруусундагы он бир ырдан турган компакт-дискин элинин назарына сунуштап отурат.

– Айтурган эже, сизди элиңиз белгилүү актриса катары таанышат. Эми ырдап чыгууну чечкен экенсиз. Буга ким же эмне түрткү болду?
– Мен Чехияда үч жыл бою жалаң тил үйрөнүү менен алек болдум. Тил билбеген кезимде өзүм менен өзүм элем. Чөйрөм тар болчу. Кийин тилди үйрөнүп, эркин сүйлөп...

толугу менен
АЛГАЧКЫ ӨБҮШКӨНҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ?
№19140

Ар бир адам өзүнүн алгачкы кадамын эстеп калат эмеспи. Алгачкы мектепке барганы, алгачкы ашыктык каты, алгачкы студенттик орундугу, айтор, жана башка алгачкылар. Ошондой эле ар бир адамдын алгачкы өбүшкөнү да эсте кала тургандардан. Анда эмесе, жаш жылдыздардын алгачкы өбүшүүсү сиздердин назарыңыздарда.

БАКТЫГYЛ БАДЫЕВА: – Мен 17 жашымда сүйүү сезимине кабылып, биринчи жолу жигит күткөм. 17 жашка чыкканда туулган күнүм...


толугу менен
ТЕМИР НАЗАРОВ САХНАДАН КЕТЕБИ?
№19100
– Темир Назаров менин эле эмес, көпчүлүк кыздардын сүйүктүү ырчысы болсо керек. Жакында эле биздин бир туугандарыбыз Темирди тоюна чакырган экен, продюсери «Эми Темир ырдабайт. Ошондуктан, тоюңарга бара албайт» дептир. Кантип эле ошондой болсун? Эмнеси болсо да ушунун чын-төгүнүн билип бериңиздерчи?! Биз, Темирдин күйөрмандары сүйгөн ырчыбыздын сахнадан көрүнбөй калышын каалабайбыз.
Назгүл, Бишкек.
Темир Назаров: – Сиз мен жөнүндө уккан маалыматыңызды туура...

толугу менен
ТАЛАСТЫК ЭЛЕ ЭМЕС, ЖАЛПЫ КЫЗДАРДЫ ТАМШАНДЫРГАН КОНЦЕРТ
№19100
Борборубуздагы Спорт Ордосунда 19-20-июнь күн­дөрү эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жаткан жаш жылдыздын бири Мирбек Иманбеков уюштурган жалаң жаш ырчылардын катышуусундагы концерт болуп өттү. Билет айтылган баасынан көтөрүлгөн жок. Концерт көрүү үчүн келген эл залга батпай калып жатты. Концерт айтылган убагынан 10-15 мүнөт кечигип башталып жатты.

Концертти дасыккан алып баруучуга айланып бара жаткан Алексей Филатов менен “Кыргызстан обондору” радиосунун ди-джейи...

толугу менен
ЫНАК ОСМОНАЛИЕВ
№19100

Ынак 1977-жыл, 3-ноябрда Талас шаарында төрөлүп, Талас районунун Арал айылында өскөн. Музыкадан тышкары күрөшкө, футболго кызыгат. Үйбүлөлүү, эки кыздын атасы.
Жакындан бери «Алыстаба», «Айлуу кеч», «Сен элең го» аттуу ырлары менен көпчүлүктүн сүйүктүү ырчысына айлана баштаган Ынак Осмоналиев менен тааныштырабыз.

Ынак, чыгармачылыктын жолуна түшкө­нүңүзгө канча болду?
– Чоң сахнада келатканыма 3 жыл болду. Ал эми ырга...


толугу менен
Тынчтыкбек Кожобеков: “КЕЛЕЧЕКТЕ КҮЙҮМДҮҮ КҮЙӨӨ БОЛООРУМ АНЫК”
№19000
Учурдун талабы менен иш алып барып, маданият чөйрөсүндө аты чыгып келе жаткан бир топ жаштар бар. Алардын арасында Тынчтыкбек Кожобековду бөлүп көрсөтүүгө болот. Алгач элге ди-джей катары таанылган Тынчтыкбек өзүнүн жөндөмү менен эл оозуна алынып, мыкты деген журналисттердин катарына кошулуп келет. Жаш болсо да чоң жоопкерчиликти аркалаган Тынчтыкбек учурда “21-кылым” радиосунун продюсери. Тынчтыкбек 1979-жылы Ысыккөл областынын Жетөгүз районунун Саруу айылында туулган. Он бир туугандын кичүүсү. Бойдок.
толугу менен
“ДЕЛЬ МАР” тобу
№19000

«Принцесса», «Девочка ночь», «Спасти любовь» аттуу ырлары менен жаштардын сүйүктүү тобуна айланып, популярдуу боло баштаган «Дэль Мар» тобу менен тааныштырабыз.

– “Дэль Мар” бул испан тилинен которулганда “көлдүн жээги” дегенди билдирет. Ролан экөөбүз бир жарым жыл мурун Сардар менен көлдүн жээгинен таанышканбыз. Ошондон улам топтун атын ушундай коюп алганбыз. Топ түзүлө электе Ролан экөөбүз шаардагы ресторандардын биринде ырдачубуз. Ал эми Сардар менен таанышкандан ...


толугу менен
АРТИСТТЕР ҮЙБҮЛӨГӨ ТУРУКСУЗБУ?
№19003
Шоу-бизнес жылдыздарынын жашоосу катардагы адамдардын жашоосуна караганда бир топ кыйын. Анткени, аларга көбүнчө үйбүлөсүн же карьерасын тандоосуна туура келет. Кээ бирлери гана сүйүү менен ишин айкалыштырып кете алышат. Ал эми калгандары турмуш курган соң ажырашууга, кийин кайра үйбүлө очогун түзүүгө аргасыз. Ушул багытта мырза артисттердин кимиси канча жолу үйлөнгөн деген темада иликтөө жүргүзгөн элек.

Кыргыз эстрадасына Батыштын стилин алгачкылардан болуп...

толугу менен
“АРМАНЫМ”
№19000
– Бул ырдын тексти меники. Ырды ушул жылдын февраль айында жазгам. Ал эми обону Ильяз Абдразаковдуку.
“Арманым” менин башымдан өткөн армандуу махабаттан улам жаралган. Мындан эки жыл мурун мен сүйүүмдү арнаган адамга жолуккам. Эмнегедир бактым ошол адам менен деп ойлочумун. Экөөбүз бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнчүбүз. Эки жылдын ичинде сүйүк­түүм менен кандай сонун бактылуу мүнөт­төрдү өткөрдүк. Бирок, ошол бактылуу күндөрдө армандуу сүйүүгө кабылганымды, ак сүйүүм­дөн адашып жалгыз...

толугу менен
Айчүрөк Иманалиева: “КЫЗЫМ ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛУШУН КААЛАЙМ”
№18900
Жыйырма жылдан бери сахнадан түшпөй, бир канча мамлекеттерге барып кыргыздын атын таанытып келген ырчы айым Айчүрөк Иманалиева жакында эле дагы бир кезектеги сапарынан кайтып келди.

Айчүрөк эже, жакында эле улуттар аралык чоң концертке катышып келиптирсиз. Ал жакка атайын чакыруу менен бардыңызбы?
– Бул концертти Россиянын депутаттары уюштурду десем да болот. А негизгиси Россиядагы «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү өткөрүштү. Тюмень шаарында өткөн бул концертке Татарстандан, Өзбекстандан, Казакстандан, Кыргызстандан болуп төрт өлкөнүн...

толугу менен
ЧӨНТӨГҮҢДҮ КАРАЧЫ, СӨЛКӨБАЙЫҢ САНАЧЫ...
№18900
Биздин жылдыздардын жеке жашоосунан тартып турмуш тиричилигине, атүгүл, капчыгына чейин кызыккан күйөрмандардын көп экендигин айтпасак да маалым. Биз да мына ушундай кызыгуу менен артисттердин бүгүн капчыгында канча акчасы бар болду экен деп айрым белгилүүлөргө концерт учурунда кайрылып көрдүк.

– Чындыгында менин чөн­тө­гүмдө дайыма 500-600 сом жү­рүүсү керек. Себеби, машинага май куйганга, токтоткон жердин акысына...

толугу менен
Мирбек Иманбеков: “КОНЦЕРТИМДЕ СУЛТАН, АКБАР, ЧЫҢГЫЗ, ТӨРТӨӨБҮЗ КВАРТЕТ ЫРДАП ЧЫГАБЫЗ”
№18900
– Досторум Султан, Акбар, Чыңгыз төртөөбүз квартет ырдап чыкканы турабыз. Ошондой эле күйөрмандарыма менин чыгыш стилине басып жасаганым белгилүүдүр. Ошол өзгөчөлүк байкалаар дейм. Дагы айта кетчү нерсе, концерт алдында жарыя­ланып илинген афишаларымды айрып кеткендери көңүлдү оорутуп жатат. Афишалар илинген күнү продюсерим менен кетип баратсак, төрт кыз афишаны сыйрып алып жаткандарына күбө болдук. Мындай көрүнүштү башка жактардан да кездештирдик. Сүрөтүңдү айрып жаткандарына өзүңдүн...
толугу менен
“BLACKEYEDPEAS” тобу
№1890-1

Кыргызча котормосунда “Кара тактуу буурчак” деген түшүнүктү берген бул топ учурда дүйнөнүн бардык бурчунун дискотека, клуб, радиолорунда айрыкча “My Humps” жана “Pump it” аттуу ырлары менен өзгөчө популярдуулукка ээ болуп жаткан кези.

Уилльям Жеймс Адамс
Ырчы 1975-жылы 15-мартта АКШнын Лос-Анжелесинде туулган. 3 бир туугандын эң ки­чүү­сү. Кичинекей кезинен бери эле белгилүү бий түрү “брейк-данс” менен алектенет. 8-класста окуп жүргөн мезгилинде...


толугу менен
СҮЙҮКТҮҮҢҮЗДҮН СҮЙҮҮСҮ КАФЕДЕ КАНТИП СЫНАЛАТ?
№18900
Сүйлөшкөн жигитиңиз менен кафеге же кечеге барып калдыңыз дейли...
  • Жигитиңиз бир кезде жаңы таанышкан кыздын отургучунун сүйөнгү­чүнө колун коюп, батинкесинин тумшугу менен кыздын туфлисине тийгизип отурууга өтсө...
  • Сиз сыртка чыгып, кайра келатканыңызда жигитиңиздин кыздын колун же ийнин же кофтасындагы кооздукту кармалап...

толугу менен
Асел Кыдыкова: «АЗЫР КЫЗЫМ ФАТИМАГА ГАНА ЫРДАП БЕРЕМ»
№18810


Жолдошу Мирлан менен дуэт ырдоодон тышкары “Арман эй”, “Сагынам”, “Кумарым” жана башка түркчө, англисче ырлары менен эл оозуна алынган Асел Кыдыкова эки жылдан бери сахнадан көрүнбөй келет. Буга анын сахнаны таштап, Кудай жолуна түшүп, беш маал намаз окуп кеткени себеп болгонун көпчүлүк билсе керек. Биз билген ырчы кыз азыркы убакта эмне менен алектенип жүргөнү тууралуу Аселдин өзү менен маек курган элек. Кызыгы, Асел атайын гезитке сүрөткө түшүп берүүдөн баш тартты...


толугу менен
БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА
№18840

Жакындан бери «Махабат арманы», «Гүл бактамын», «Кыял мырзасы» аттуу ырлары, татына жүзү менен көпчүлүктүн, анын ичинде жигиттердин көңүлүн бурдуруп келе жаткан
Бактыгүл Бадыева менен тааныштырабыз.

Бактыгүл 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, Токмокто өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүнү, түрдүү тамак-аштарды даярдаганды жакшы көрөт. “Жашоо керемет жана таңкалаарлык” деген девизди туу тутуп...


толугу менен
БИР КОНЦЕРТТИН ЧЫГАШАСЫ МЕНЕН КИРЕШЕСИ КАНЧА?
№18800
Борбор калаабыз Бишкекте концерттер биринин артынан бири өтүп, маданий жайлар күн алыс ыр-күлкүгө бөлөнүп тураары маалым. Бул көрүнүштү байкаган кээ бирөөлөр “Артисттер улам-улам концерт беришип, тимеле акчага көмүлүп жатышат” деп ойлошу мүмкүн. Ошондой ойлордун тууралыгы канчалык экендигин билүү үчүн бир концерттин чыгаша-кирешесин изилдеп көргөн элек. Эмесе, анын жыйынтыгы назарыңыздарда.
толугу менен
ТАБЫШМАКТУУ МИСТЕР КРЕДО
№18810

Башына чыгыш жоолугун салынып, чөл кезип, дербиштин кейпин кийип ырдаган Мистер Кредо чындыгында эле табышмактуу адам. Анын табышмактуулугу ырларында, өзүнүн эч кимге окшобогон имиджинде жана сырга бекем мүнөзүндө. Ушундан улам Мистер Кредонун көзүнүн өңүн, улутун билбей келгендер бар. Анын “Мама Азия”, “Медляк”, “Чудная долина”, “Я улетаю” деген ырлары миңдеген мызыка күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алып келет.


толугу менен
Нэля: «ЖИГИТИМ ЫРДАГАНЫМА КАРШЫ БОЛБОЙ КАЛДЫ»
№18702
Азыр эстрадага агып кирген жаш ырчылардын көпчүлүгүн жигиттер түзөт. Кыздар болсо саналуу гана. Алардын бири – назик ырчы кыз Неля. Неля 1983-жылы 3-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөн кезинде "Наристе аземи", "Хрусталь нотасы", кийинчерээк "Жаштык ыры", "Нота ринг", "Хит парад" телеконкурстарынын, "Алатоо жазы" фестивалынын лауреаты болгон. 2002-жылы өзү билим алган университетте өткөн сулуулар конкурсунда баш байгени утуп алган. Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экология факультетинде 5-курста окуйт. Эки бир туугандын улуусу.
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: