АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА КАНДАЙ ҮЙДӨ ЖАШАЙТ?
№19500
Айчүрөк Иманалиева Бишкектин борбордук бө­­лүгүндө көп кабаттуу үй­лөрдүн биринде төрт бөл­мөлүү квартирада жашайт. Кире бериш бөл­мө­сүнө баш бакканда эле ырчынын үйү европа тибинде жасалгаланганы көрү­нүп турат. Таза жана жарык бөл­мө­­­лөр­дөгү ар буюм өз орду ме­­нен жайгаштырылып, терезеге эмеректер менен бир өңдөгү Франциянын ламбрекен пар­далары илинген.
толугу менен
НЕЛЯ ЖАҢЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУБУ?
№1950-1
– Жакында эле шаардын көчөлөрүнөн ырчы кыз Нелянын жаңы машина айдап баратканын көрүп «чын эле Нелябы же алмаштырып жатамбы» деп кала бердим. Анткени, мурда Нелянын “Ауди 80” маркадагы машина айдап жүр­гөнүн көргөн элем. Сүйүктүү ырчым жа­ңы машинелүү болгонбу? Турат, Бишкек.

Неля:
– Сиз көргөн “Ауди 80” машинамды сатып, 4500 долларлык жаңы “Фольксваген Вента” маркасындагы машина...

толугу менен
АЗАТ
№19500

Жакындан бери «Сагындым», «Звезда моя», «Мир любви» аттуу ырлары менен көпчүлүктүн көңүл борборунан түнөк таап келаткан Азат менен тааныштырабыз.

Азат 1987-жылы 7-майда Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүгө кызыгат. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетинин 1-курсун аяктаган кези.


толугу менен
ЖЕРДЕ ЖАШАГАН ЖЫЛДЫЗДАР
№19500

ЛЮДМИЛА ГУРЧЕНКОГО ТИРҮҮ КЕЗИНДЕ ЭЛЕ ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛУУДА
Белгилүү орус актрисасы Людмила Гурченконун 70 жаш юбилейине карата Украинанын Харьков шаа­рынын опера театрынын алдына актрисанын эстелиги тургузулуу­да. Актрисага эстелик орнотуу тууралуу сунушту депутат Александр Фельдман ушул жылдын башында сунуш кылган. Гурченкону рекорд китебине киргизсе болот. Анткени, ал актрисалардын ичинен мүчөсү келишкен, эң ичке белдүү айым. Учурда...


толугу менен
Кикбокс боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Мирбек Сүйүмбаев: «СЫНГАН БАРМАГЫМ МЕНЕН АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУН УТУП АЛГАМ»
№19400


Кыргызстанды кикбоксинг жаатында дүйнөлүк аренага алып чыгууга салым кошкон эр азаматтарыбыздын бири – Мирбек Сүйүмбаев. Ушундан улам ал элинин сыймыгына айланып, көпчүлүк жеткинчиктердин кумири болуп келет.
Кикбокс боюнча дүйнөнү эки ирет багындырган “Сухебатор” кличкалуу Мирбек Сүйүмбаев 1975-жылы 17-июлда Карабуура районунун Бакайыр айылында төрөлүп-өскөн. Кесиби боюнча экономист, юрист. Бойдок.


толугу менен
ЖАШ ЫРЧЫЛАР КАРТАСЫ
№19400

Учурда сахнанын төрүн жалаң жаштар ээлеп турганы жалпыга белгилүү. “Бектер кетип эл калат, бетеге кетип бел калат” демекчи, мезгилдер жылган сайын бирөөнүн сапары карып, экинчинин жылдызы жанат тура. Анын сыңарындай элдин элегинен өтүп, популярдуулукка жетишкен жаш жылдыздарыбызды карта көзөлдөрүнө салыштырсак, тузу, королу, дамасы, валети болуп иргелип чыга келди.

толугу менен
Санжар Бердибеков: «КОНЦЕРТИМДЕ «ДЕЛБИРИМ» ТОБУ МЕНЕН ЫРДАП ЧЫГАМ»
№19402

– Санжар, алдыда бере турган концертиңизди эмне максат менен коюп жатасыз?
– Учурда борбор калаабызга жаштар ар кайсы региондордон окууга тапшыруу үчүн келип башташпадыбы. Ошондуктан, аларды «Ийгилик сага, абитуриент» деген ыр-күлкү концертим менен тосуп алайын дедим. Негизи, бул концерт продюсерим Жаныбек Борбиевдин демилгеси менен уюшулуп...

толугу менен
ФАРИДА КАРБОСОВА
№19400

Фарида 1981-жылы 23-мартта Талас районунун Манас айылында төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары тарыхый чыгармаларды окууну жакшы көрөт. Учурда Улуттук консервато-риянын 5-курсунда сырттан окуйт.
«Сагынуу», «Күтүү», «Сени гана дедим» аттуу ырлары менен эл оозуна алынып келаткан Фарида Карбосова менен тааныштырабыз.

Фарида, “Алина” тобунда иштеп келатканыңа канча болду?
– Быйыл туура 9 жыл болду. “Алина” тобуна мектепти бүт­көнүмдө...


толугу менен
Гyлмира Рысбаева: «ТАЖИК КЫЗЫ ЭКЕНИМДИ БОЙГО ЖЕТИП КАЛГАНЫМДА БИЛДИМ»
№19300


«Бүлдүркөн», «Телефон» деген ырларды ырдап, «Кичинекей Гүлмира» атка конгон сүйгүнчүк кыз көпчүлүк окурмандардын эсинде болсо керек. Аны кээлери Динара Акулованын өз кызы дешсе, кээлери өз кызы эмес экенин билишчү. Ошол бир кездеги «Кичинекей Гүлмира» азыр асырап алган апасы Динара Акуловадан бөлүнүп, чыгармачылыктын даңгыр жолуна өз алдынча түшүүгө даярданып жаткан учуру.


толугу менен
«ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ» МЕНЕН ООРУГАН УЧУРУҢУЗ БОЛДУ БЕЛЕ?
№19300

Чыгармачыл адам атак-даңкка жетиш үчүн болгон дараметин жумшаары баарыбызга белгилүү. Анан кээлери популярдуулукка жеткенде өзүн өзгөлөрдөн жогору санап, “жылдыз оорусуна” чалдыгып чыга келишет. Ушундан улам артисттерибиздин ичинде “жылдыз оорусун” башынан өткөргөндөр бар болду бекен деген кызыгуунун аркасында айрымдарына суроо узаттык.

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
– Жок ай, антип өзүмдү...


толугу менен
САУЛЕ
№19300

Жакындан бери “Мама”, “Сауле” деген ырлары менен көпчүлүктүн сүймөн-чүлүгүнө ээ болуп келаткан, шоу дүйнөсүнүн эң кенже, келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы кызы Сауле менен тааныштырабыз.

Сауле 2000-жылы 21-августта Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары парк аралап сейилдөөнү жана кур-булары менен ойногонду жакшы...


толугу менен
ЖАСМИН ЧЫН ЭЛЕ КҮЙӨӨСҮНӨН ТОКМОК ЖЕДИБИ?
№19300
Жасмин (Сара Манахимова) 1977-жылы Россияга караштуу Дагестандын Дербент шаарында төрөлүп-өскөн. Учурунда апасы дирижёр, атасы балетмейстер болгон. Жасмин 18 жашка чыкканда апасы оорунун айынан жашоо менен кош айтышат. Бул Жасминди жашоого өз алдынча кадам таштоого аргасыз кылган.

СЕНСАЦИЯЛУУ СУУК КАБАР
Жасмин өткөн аптада башынан алган...

толугу менен
Ильяз Абдразаков: «АРМАНЫМДЫ» УГУП КӨЗДӨРҮНӨН ЖАШ КУЮЛТУП ЫЙЛАГАН КЫЗДАРДЫ КӨРӨМ»
№19202


«Малыш» деген кличкасы өзү эле айтып тургандай, Ильяз азыркы популярдуу ырчылардын эң кенжеси. Көпчүлүк билгендей, ал ырларды кооздоп-түздөп, жасалгалап, кыскасы, өмүр берет. Башкача айтканда, аранжировка жасайт. Андан тышкары кулакка жагымдуу ырлары менен көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алып келүүдө.

Ильяз 1988-жылы 21-январда Кызылкыя шаарында туулган. Эки бир туугандын улуусу. Бойдок.


толугу менен
КЫРГЫЗ ТИЛИН КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛЕСИЗ?
№19200

Кыргыз шоу чөйрөсүндө кыргыз тилин пайдаланбагандардын бар экени белгилүү. Мына ушундайлардын кыргыз тилин канчалык деңгээлде билээринен кабардар болгусу келген окурмандарыбыз бар экен. Алардын сунушун четке какпай, орус тилинде сүйлөгөн кээ бир шоу адамдарынын өздөрүнөн бул жөнүндө сурадык.

САМАНДАР:
– Мени орусча ырдаганымдан уламбы, көптөр кыргызча билбейт деп ойлошот экен. Бирок, менин каным кыргыз. Андыктан, кыргыз тилин...


толугу менен
Канат Култаев: «ТЕМИР МЕНДЕН КЕТКЕНДЕН КИЙИН ЭЧ КИМ МЕНЕН ИШТЕШКИМ КЕЛБЕЙ КАЛДЫ»
№19200
Көпчүлүк кыздардын жүрөгүн сыздаткан жаш ырчы Темир Назаровдун ийгилигине продюсери Канат Култаевдин да зор эмгеги бар эле. Тилекке каршы, ырчы менен продюсер келишиминин аягына чыга алышкан жок. Экөөнүн чогуу иштешпей калганына эмне себеп болгонун Канаттын өз оозунан угалы.

Канат, Темир экөөңөрдүн чогуу иштешпей калганыңарга эмне себеп болду?
– Мен Темир менен келишимдин аягына...

толугу менен
АЙЖАН ГАЗИЕВА
№19200
Жакындан бери «Сага», «Первая любовь» аттуу ырлары, жагымдуу имиджи менен көпчүлүктүн купулуна толо баштаган Айжан Газиева менен тааныштырабыз.

Айжан 1984-жылы 1-октябрда Бишкекте төрөлүп-өскөн.
Бош убактысында пианинодо ойногонду жакшы көрөт. Курөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды ийгиликтүү бүтүргөн.
Учурда...

толугу менен
ШАКИРА
№19210
Дүйнөлүк шоу-бизнесте популярдуу­лукка ээ болуп келаткан ырчы Шакиранын талантына суктангандар аз эмес. Анын керемет үнү жана бийчилик өнөрү көптөрдү тамшандырып, чыгыш бий сүйүүчүлөрүнүн ар биринин жүрөгүнөн түнөк таап келет. Ошондой эле Шакиранын өмүр таржымалына кызыккан күйөрмандары миңдеп саналат. “Шакира” деген сөз араб тилинен которгондо “Жакшылыкка толтурулган аял” дегенди билдирет.
толугу менен
Айтурган Темирова: «РАДЖ КАПУР МЕНИ ИНДИЯ КИНОСУНА ТАРТЫЛУУГА ЧАКЫРГАН»
№19100
Айтурган Темирова деген ысымды ким билбейт? Бул ысым кыргыз журтчулугуна даңазалуу кыргыз фильмдеринде роль жараткан актриса катары белгилүү. Айтурган Темирова жакында эле кыргыз элине жакшы жаңылык менен келди. Дегеним, Айтурган айым өзүнүн аткаруусундагы он бир ырдан турган компакт-дискин элинин назарына сунуштап отурат.

– Айтурган эже, сизди элиңиз белгилүү актриса катары таанышат. Эми ырдап чыгууну чечкен экенсиз. Буга ким же эмне түрткү болду?
– Мен Чехияда үч жыл бою жалаң тил үйрөнүү менен алек болдум. Тил билбеген кезимде өзүм менен өзүм элем. Чөйрөм тар болчу. Кийин тилди үйрөнүп, эркин сүйлөп...

толугу менен
АЛГАЧКЫ ӨБҮШКӨНҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ?
№19140

Ар бир адам өзүнүн алгачкы кадамын эстеп калат эмеспи. Алгачкы мектепке барганы, алгачкы ашыктык каты, алгачкы студенттик орундугу, айтор, жана башка алгачкылар. Ошондой эле ар бир адамдын алгачкы өбүшкөнү да эсте кала тургандардан. Анда эмесе, жаш жылдыздардын алгачкы өбүшүүсү сиздердин назарыңыздарда.

БАКТЫГYЛ БАДЫЕВА: – Мен 17 жашымда сүйүү сезимине кабылып, биринчи жолу жигит күткөм. 17 жашка чыкканда туулган күнүм...


толугу менен
ТЕМИР НАЗАРОВ САХНАДАН КЕТЕБИ?
№19100
– Темир Назаров менин эле эмес, көпчүлүк кыздардын сүйүктүү ырчысы болсо керек. Жакында эле биздин бир туугандарыбыз Темирди тоюна чакырган экен, продюсери «Эми Темир ырдабайт. Ошондуктан, тоюңарга бара албайт» дептир. Кантип эле ошондой болсун? Эмнеси болсо да ушунун чын-төгүнүн билип бериңиздерчи?! Биз, Темирдин күйөрмандары сүйгөн ырчыбыздын сахнадан көрүнбөй калышын каалабайбыз.
Назгүл, Бишкек.
Темир Назаров: – Сиз мен жөнүндө уккан маалыматыңызды туура...

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: