Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ: МЕН ҮЧҮН ҮЙБҮЛӨМ АЛДЫҢКЫ ОРУНДА ТУРАТ
№20300

Съездбек Искеналиев табияттан тартууланган талантын ачуу менен өзүн сахнадан да, кинодон да көрсөтүүгө жетишип жатканы талашсыз. Дал ушул эл сүйгөн ырчынын турмушунда жакында жагымдуу чоң бурулуш болуп өттү. Тактап айтканда, Съездбек сүйүктүүсү менен баш кошуп, турмуш жолун аттады. Ушул жаатында биз Съездбектин үйүнө баш багып, келинчеги экөө менен маек курган элек...

толугу менен
ЭЛНУРА
№20300
Жакындан бери жаштардын сүйүктүү программасына айлана баштаган «Браво» телеберүүсүнүн сүйкүмдүү алпаруучусу Элнура менен тааныштырабыз.

Элнура 1986-жылы 5-июнда Бишкекте төрөлүп-өскөн. Бош убактысында достору менен сейилдөөнү жакшы көрөт. Учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетинин 4-курсунда окуйт.

толугу менен
БЫЙЫЛ ОРОЗО КАРМАЙСЫЗБЫ?
№20302
ДҮЙШӨН БАЙДӨБӨТОВ, КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ:
– Чынын айтсам, өмүрүмдө бир жолу орозо кармайм деп ооруп калгам. Катуу сасык тумоо тийген экен, дары ичүүгө туура келди. Мечитке молдого барып, жөн-жайымды түшүндүрдүм. «Минтип өзүңүздү кыйнап эч качан орозо тутпаңыз. Оозуңузду ачып, дарыланыңыз» деди. Кийинки жылы кармайын десем мага жанагы «кант диабети» деген оору жармашыптыр. Мындайда ачка жүргөнгө такыр болбойт экен, ар бир саат сайын бир нерсе жеп туруш керек экен. Болбосо, орозо кармоо тилегим бар.

толугу менен
КАЙЛИ МИНОУГ
№20300

Дүйнөлүк аренага алгач актрисалык, андан кийин ырчылык өнөрү менен таанылган Кайли Миноуг учурда эң сексуалдуу айымдардын бири. Эки кесипти бирдей аркалап келаткан жылдыздын күйөрмандары миңдеп саналаары талашсыз. Анын аткарган ролдору, хитке айланган ырлары мактоого арзып, кино, музыка сүйүүчүлөрүнүн жүрөгүнөн орун алып келет. Анда эмесе, көптөгөн кыздардын кумири болгон Кайлинин турмушунан кыскача маалымат...


толугу менен
САБИРА КҮМҮШАЛИЕВА. САХНАГА АРНАЛГАН ӨМҮР
№20200

Эл ар дайым элдин атын чыгарган эренин, калкка кадыры өткөн көсөмүн, кайталангыс өнөрлүү инсандарын жүрөгүнүн түпкүрүндө сактап, канча жыл өтсө да жадынан чыгарбай келет. Ошондой эл жүрөгүнөн орун тапкан өнөрлүү инсандардын бири – актриса Сабира Күмүшалиева. Кыргыз театр жана кино искусствосуна эбегейсиз эмгек сиңирген Сабира Күмүшалиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси. Анда эмесе, Сабира апанын чыгармачылык жолу, кайталангыс таланты, аялдык, актрисалык...

толугу менен
СЪЕЗДБЕК «ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ»
№20200
Ооба, ошондой болду. Бирок, албетте, жакшы маанисинде. Башкача айтканда, Съездбектин баягы барам деген жагына барып, кылам дегенин кыл­ган бойдокчулук мезгили артта калды. Ырчы жигит ушул жуманын дүйшөмбү күнү өзү сүйгөн сулууга баш кошуп, бир үйбүлөнүн кожоюну болуп калды. Эми Съездбектин популярдуулугу артып, ырлары биринин артынан бири жарыкка чыгаар бекен же тескерисинче, сахнаны акыркы планга калтырып коёр бекен? Албетте, аны...
толугу менен
БАШ КОШКОН КҮНҮҢҮЗ ЭСИҢИЗДЕБИ
№20210

Күз айы башка мезгилдерге салыштырмалуу берекелүү, мол түшүмдүү мезгил. Ошондуктан, аш-тойлор, өзгөчө үйлөнүү-үлпөт тойлорунун көбөйүшү талашсыз. Үйлөнүү той менен кошо ак көшөгө, ак жоолук, толкуп ташыган сезимдер... адамдын эсинде түбөлүккө калат эмеспи. Ушул жаатында сахна жылдыздарыбыздын үйлөнүү тойлорун эстетсек, төмөндөгүлөр белгилүү болду.

толугу менен
БЕГИМАЙ
№20200
Жакындан бери «Сүйүү санаты», «Жаш жигит» аттуу ырлары менен эл оозуна алына баштаган жаш ырчы кыз Бегимай Бекбоева менен тааныштырабыз. Бегимай 1990-жылы 27-февралда Нарында төрөлүп-өскөн. Музы-кадан тышкары сууда сүзүүгө кызыгат. Учурда Кант шаарындагы Дмитриевка атындагы орто мектептин 10-классында...
толугу менен
АЛСУ АКШда КӨЗ ЖАРДЫ
№20200
Белгилүү ырчы Алсу 7-сентябрда кыздуу болду. Ал Америка Кошмо Штаттарындагы Лос-Анжелес шаарында жайгашкан эң бир кымбат клиникалардын биринде – “Седарс-Синайда” төрөдү.ЫМЫРКАЙГА АТАСЫ САФИНА ДЕГЕН ЫСЫМ ЫЙГАРДЫ
Алсунун кызынын салмагы – 3 килограмм 200 грамм, бою – 50 сантиметр. “Седарс-Синай” клиникасында Голливуд жылдыздарынын көбү көз жарган...

толугу менен
БРАТЬЯ ГРИМ ТОБУ
№20200

Оригиналдуу стили менен орус рок-музыкасын жандандырууга жетишкен «Братья Грим» тобу «Ресницы» аттуу ыры менен популярдуулукка жетише алды. Аталган ыр жарыкка чыгаары менен хитке айланып, бардык радиолордон жаңырып, жыйынтыгында, топтун күйөрмандарынын көбөйүшүнө алып келген. Эгиз бир тууган Боря менен Костянын азыркы учурда жылдызы жанып турган учуру. Ошондой эле аталган топ...


толугу менен
ПРОДЮСЕР ЖАНА ЫРЧЫ
№20100
Алгач бизде продюсер деген түшүнүк жок эле. Бирок, мекенибизде шоу-бизнестин өнүгүшү менен продюсер деген түшүнүк пайда болуп, ырчылар продюсерлер менен иштей башташты. Ырчыны продюсеринен жакшы билбеген адам болбосо керек. Биз сырттан гана билип жүргөн ырчыларыбыз продюсеринин көзү менен караганда кандай болду экен?..

ПРОДЮСЕР ДЕГЕН КИМ ЖАНА ЭМНЕ ЖУМУШ АТКАРАТ?
Продюсер – бул ырчынын чыгармачылыктагы...

толугу менен
АКБАР СҮЙҮНБАЕВГЕ 10 МИҢ СОМ САЛЫК САЛЫШТЫБЫ?
№20100
Ырчы Акбар Сүйүнбаевди белгисиз би­рөө­лөр аркылуу ушуну менен экинчи жо­лу коркутуп жатышыптыр. Биринчи жолкусунда Көлдө ашканада тамак ичип отурган жеринен бейтааныш үч жигит чакырып кетишкен да, акча доолашыптыр. Анысында го Акбар эптеп жакшы сүйлөп, ийге келтирген экен. Экинчи жолу болсо Бишкекте Спорт Ордосунан концерттен чыкса, башка бейтааныш балдар жолдун четинде токтоп турган номери жок кара түстөгү эки «Мерседеске» ээрчитип барышыптыр. Анда күтүп отурган...
толугу менен
«КОНЦЕРТТИН БАШЫНДА МЕН ЖӨНҮНДӨ ЖЕТИ МҮНӨТТҮК ВИДЕОСЮЖЕТ КӨРСӨТҮЛӨТ»
№20100
– Мирбек, жеке концерт берүү идеясы сенде качан пайда болду?

– Негизи, мен «Сени гана» ырым популярдуулуктун туу чокусуна чыгып турган кезде эле концертимди берсем болот эле. Бирок, 4-5 ырым менен концерт койгондон уялгам. Ошондуктан, сентябрь айында беребиз деген планыбыз кышында эле жаралган. Чындыгында, ушул концертке...

толугу менен
«ТААРЫНБА»
№20100
Учурда көпчүлүктүн көңүлүнөн орун таап турган жаш ырчы Султан Садыралиев жакында
«Таарынба» аттуу ырына клип тарттырды. Ырдын сөзү, обону Урмат Усеновдуку. Клип албетте, Султандын ырларындай эле көргөн адамды кайдыгер кал-тырбайт. Клип жөнүндө кенен маалыматты Султандын өз оозунан угалы.
– Клиптин кыскача мазмунун айта кетсем, төмөн­күчө: Сүйүш­көн кыз менен жигит көлдө кемеде сүзүп жүрүшүп, жигиттин...

толугу менен
АЛТЫНБЕК жана АЗЕМА
№20100

Өздөрүнүн «Өмүр» аттуу ыры менен белгилүү болгон Алтынбек жана Азема менен тааныштырабыз.

Азема 1989-жылы 1-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Музыкадан тышкары баскетбол ойноого кызыгат. Учурда финансы техникумунда 2-курста окуйт.
Акматов Алтынбек 1978-жы­лы 27-январда Жалалабат областына караштуу Көкжаңгак шаарында төрөлүп-өскөн. Музыкадан...


толугу менен
АНЖЕЛИНА ЖОЛИ МЕНЕН БРЭД ПИТТ АЖЫРАШАБЫ?
№20110
Бул Голливуд жылдыздары сүйүүнүн жана үлгү­лүү үйбүлөнүн символу болуп келатканына бир жылдай болуп калды. Өзгөчө алардын кызы Шило төрөлгөндөн бери (7-июнь 2006-ж.) бул абдан даана көрүндү десек жаңылышпайбыз. Мына ошол бейпил жашоо учурунда эки сүйүшкөндүн ортосун бөлгөн окуя болуп, алар уруша кетишти. Бул уруш абдан оор болгондуктан, экөөнүн ортосундагы жарака ажырашууга алып кел­чүдөй. Чатактын себеби эмне десеңиз, күйөөсү Брэд Питт...
толугу менен
ДИСКОТЕКА АВАРИЯ
№20100
Бүйүрдү кызытып, турган жериңде бийлетип жиберчү ырлары, анан кайталангыс имидждери менен популярдуулукка ээ болгон «Дискотека Авария» тобу бүгүнкү күндө модага айланган «ремикс» жанрын алгачкылардан болуп колдонгонун көпчүлүк күйөрмандары биле бербейт.

ТОПТУН ТҮЗҮЛҮШҮ
Авария деп аты айтып тургандай, булардын жашоосунда...

толугу менен
МИРБЕК АТАБЕКОВ: «ПРОДЮСЕРИМЕ ТААРЫНЫП, БИР КҮН СҮЙЛӨБӨЙ ЖҮРДҮМ»
№20000

Учурдагы кыргыз сахнасын жаш жылдыздардын ээлеп турганы айтпасак да белгилүү. Мына ошондой сахна шааларынын бири, өзүнүн «Сени гана» ыры менен аты таанымал ырчы Мирбек Атабеков 1986-жылы 11-августта Талас районунун Жонарык айылында туулган. Үч бир туугандын ортончусу. Бойдок.

– Мирбек, сенин балалыгың айылда өткөнбү же шаардабы?
– Мен өзүмдү айылдык эле баламын деп эсептейм. Талас районунун Жонарык айылында төрөлгөм. Мен эки жашка чыгып, карындашым жаңы төрөлгөн жылы...


толугу менен
ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ЭЛ АРТИСТИ НААМЫНА ЭЭ БОЛДУ
№20000
Жакында Эгемен­дүүлүк күнүнө карата мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров ар тармактын ишмерлерине, анын ичинде маданий ишмерлерге да наамдарды тапшырды. Атай кетсек, композитор жана аткаруучу Ибрагим Жунусов менен Кыргызбай Осмонов Кыргыз Республикасынын эл артисти деген наамга ээ болушса, эстрада ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асел Турдалиева, Дилшат Кангелдиева жана продюсер Ассоль Молдокматовалар президенттин Ардак Грамотасына ээ болушту.
толугу менен
ТАШКЕНТ кызы ГҮЛ
№20000


Жакындан бери «Мен өзгө­р­үп баратамын», «Сүйүү жалган», «Сагыныч» аттуу ырлары менен эл алдына чыгып, тааныла баштаган Ташкент кызы Гүл менен тааныштырабыз.

Ташкент кызы Гүл 1986-жылы 1-майда Талас районунун Манас айылында төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары кол өнөр­чүлүккө кызыгат. Учурда Искусство институтунун 3-курсун аяктаган кези.


толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: