Таксистке "балдарыңды эми көрбөйсүң" деп бычак такап коркутуп, унаасын тартып алууга аракет кылгандардын бири кармалды






Чүй облусунда жол-кайгуул кызматкерлери айдоочунун өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин үй-бүлөсүн такси кызматында иштеп багып жүргөн Улан Арыстанбаев 8-февралда саат 20:30 чамасында өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен “Манас” кең көчөсүндөгү “Рахат” кафесинин жанынан өтүп бара жатып, кол көтөргөн балдарга токтойт. Алар Дордойго жеткирип коюусун суранышкан. Бирок кардарлар көздөгөн жерине жеткенде айдоочуну коркутуп, ур-токмокко алып, моюнуна жип салып муунтушкан. Өзүн коргогон Уланга бычак такап, колунун булчуң этине сайып жиберишкен. Ошол боюнча унаанын арткы орундугуна отургузуп, бейтааныш балдардын бирөөсү унааны айдап Сокулук тарапка бет алышкан. Жолдо бара жатып Уландан “Канча балаң бар? Аларды эми көрбөйсүң, андан көрө келме келтир!” дешип башка-көзгө ургулашкан. Качуунун амалын ойлогон таксист “машинанын майы түгөнүп, өчүп калбасын, талон бар, ошого бензин куюп алгыла” дегенде алар макул болуп, Сокулук районунун Гавриловка айылындагы май куюучу жайга токтошкон. Бул учурда жабырлануучу каршылык көрсөтүп, кыйкыра баштаган. Муну ошол жерде унаасына бензин коюп жатышкан жол-кайгуул кызматкерлери байкап калышып, жардамга келишкен. Кылмышка шектүүлөрдүн экөө качып кетүүгө үлгүрүшкөн, ал эми 24 жаштагы Автандил кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Таксист: "Кылмышкерлер "сени жок кылып салалы" дешти"


Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
ПС: Таксовать эткендер, жанынарга ХХХ же электрошокер ала жургуло, анан созсуз турдо видеорегистратор койуп алгыла, мумкун болсо экини койуп алгыла, бироосун алдынкы лобовойго, экинчисин арттагыга, артка койгон видеорегистраторду болушунча жашыруун кылып койгула
Этика нормаларын сактап, жаргон сөздөрдү колдонбоңуз жана провокация жаратпаңыз.
Посмотрите видео там Нападение на таксиста Бишкек.
вот комент оттуда-
(LoVe)Лю ТвО (YoU)УлЫбКу 14:53 Вот козлы не стыдно вам врать? а пострадавшему Улану тоже хочу сказать что ты ХХХ! Дело было не так таксиста спас мой жездеша его же коллеги службы такси 1236. а то что награду присвоили нашим милиционерам позор и бред. Улану тебе не стыдно врать ведь тебе спасли жизнь !!!!! куда мир катется
Сиз бул кабарга комментарий жазган эмессиз.
1. Коомдук этиканы сактаңыз!
2. Провокацияга жол жок!