Ошто кийим уурдаган делип эки кыз кармалды
Ош шаарында уурулукка шектүү эки кыз кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы 14-сентябрда билдирди.Буга чейин соцтармактарда шектүүлөр тууралуу видео тараган.
Ал кыздардын өздүктөрү аныкталып, алар ата-энелери менен биргеликте тергөөгө жеткирилди. Алардын бири Алайда, экинчиси Ош шаарында 2011-жылы төрөлгөн. Кыздар эч жерде иштебейт жана окушпайт.
Кыздардын ата-энелери келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө даяр экендиктерин убадалашууда.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















