“Айчүрөк” соода борборунун 6-кабатынан кулап каза болгондордун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте “Айчүрөк” соода борборунда 2 жарандын 6-кабаттан кулап каза тапканы боюнча соода борборунун жетекчилиги да суракка алынат. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза тапкандар курулуш ишканасынын жумушчулары болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаев билдирди. Анын айтымында, бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө иштеринин алкагында соода борборунун жетекчилиги да суракка алынат.
Кошумчалай кетсек, Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунда лифттен кулап каза тапкандардын аты-жөнү такталган. Каза тапкандардын бири 1979-жылы Түп районунда туулган Кубаныч Эстебесов жана экинчиси 1980-жылы Сузак районунда туулган Алтынбек Алиев болгон. Окуя боюнча соода борборунун жетекчилиги комментарий берүүдөн баш тарткан."Айчүрөк" соода борборунда 2 адам лифттен кулап каза болду
Автор: Наргиза Бекжанова
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Alardy kim teksheret? Je degi teksherilbeibi?