Махатма Ганди көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым кичи автобустардын маршруттук схемасы өзгөрүлдү
Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу айрым кичи автобустардын маршруттук схемасы өзгөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, №145, 175, 180, 270, 218-маршруттагы кичи автобустардын каттамдары Боталиев, Түлөбердиев, Витебск, Школьная көчөлөрүнө, №173, 206-маршруттар Пригородная, Дастан, Мидин, Ленск, Юбилейная, Фучик көчөлөрүнө которулду. Ал эми №281-маршрут Түлөбердиев жана Щербаков, №133, 143, 225-маршруттар Весёлая, Түлөбердиев, Көкчө-Тоо, Тоголок Молдо, Баялинов, №195-маршрут Баялинов, Тоголок Молдо, Көкчө-Тоо, №155-маршрут Түлөбердиев, Витебск, Школьная жана Весёлая көчөлөрү менен жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:15
2026-11-25
19:57
2026-11-25
13:31
2026-11-25
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, маалымат ала аласыз: http://www.super.kg/jylnaama/event/4965