super.kg logo

Махабат Мавлянова бала бакчаларды толук кыргызчага өткөрүү керектигин айтты (видео)

 

Бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова бала бакчаларда билим берүүнү толугу менен кыргыз тилине өткөрүүнү жана чет элдик, эл аралык, орус тилдүү мектептерде сабактардын кеминде 30 пайызын кыргыз тилинде окутууну сунуштады.

Анын пикиринде, балдар кыргыз тилин күнүмдүк окуу процессинде колдонбосо, аны жетиштүү деңгээлде үйрөнө алышпайт. Ошондуктан Агартуу министрлиги менен биргеликте бул багытта стратегия иштеп чыгып, тиешелүү талаптарды киргизүү зарыл.

"Бала бакчаларды 100 пайыз кыргызчага өткөрбөсөк, шаардагы балдарыбыз кыргыз тилин эч качан үйрөнө албайт. Орусчаны, англисчени алар бат эле үйрөнүп алышат. Экинчиден, эл аралык жана башка тилдерде билим берген мектептерде сабактардын 30 пайызын кыргызча окутуу керек. Эл аралык мектептердеги балдарыбыз такыр эле Европанын балдары болуп калды",- деди депутат.

Кыргыз тили жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев бул багытта иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Агартуу министрлигинин түздөн-түз компетенциясына кирген маселелерге комиссия кийлигише албайт. Ошол эле учурда окуу куралдарын даярдоо, терминологияны өнүктүрүү багытында министрлик менен кызматташтык жүргүзүлүүдө. Мураталиев ата-энелердин балдарын кыргыз тилдүү класстарга жана тайпаларга бербегени да көйгөй жаратып жатканын белгиледи.

Буга жооп кылган Махабат Мавлянова сапаттуу кыргыз тилдүү класстар жетишсиз экенин айтып, ата-энелерге балдарын кыргызча окутуу үчүн шарт түзүү зарылдыгын белгиледи.






Махабат Мавлянова бала бакчаларды толук кыргызчага өткөрүү керектигин айтты (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: