super.kg logo

Ботаникалык бакчадан кылмышкерлердин бири да табыла элек

 

Бишкектеги Ботаникалык бакчада №50-түзөтүү колониясынан качып кеткен кылмышкерлерди издөө уланууда. Болжол менен саат 12:00дө башталган операция төрт сааттан бери жыйынтыксыз өтүп жатат. Ал жерде иштеген кызматкерлер операциянын башталышы менен сыртка чыгарылган. Милиция кызматкерлери, куралчан атайын багыттагы жоокерлер жана сапёрлор бакчанын ичинде издөөлөрдү жүргүзүшүүдө, ал эми бакчага эч кимди киргизбей жатышат. Мындан тышкары сырттагы күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышууда.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Аларды токтотуп жатканда ЖАМКтын үч кызматкери каза таап, дагы бири оор жаракат алган. Кийин Ленин айылында кылмышкерлердин бешөөсү кармалган. Ал эми төртөө учурда боштондукта жүрөт. Алар:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Кадыралиев Данияр Кылычбекович 1976-жылы Жумгал районунун Миң-Куш айылында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 170-175 сантиметр. Көзү кара, чачы кара.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, ЖАМКка жана ИИМге төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылыңыз:

ЖАМКтын нөөмөт бөлүмү – 68-05-37

ЖАМКтын ишеним телефону – 43-11-77

ИИМдин нөөмөт бөлүмү - 66-23-31 же 102.






Түрмөдөн качкан кылмышкерлер Ботаникалык бакчадан табылган жок

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.10.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде жокда журогум сезип атат:-)
SUPER.KG видео
14.10.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармалган бешоо билет болуш керек. Аларды кыйнап сураш керек
15.10.2015. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аларды эки кундон бери ал жерге бакчага байлап койсон да турмак эмес.жетчүү жерине жетти акмактар.Өлгөндөрдүн жерге берилгенин көрүп ыйладым, жаткан жерлери жайлуу болсун.
SUPER.KG видео
15.10.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алар талаада эмес биронун уйундо жашынып жатса керек менин оюмча бир байкуштарды айтсан олосун деп уйуп ээлеп жатышы мумкун
Медиа-портал
15.10.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур бою абакта бакбай,жок кылыш керек эледа баашында,мамлекет бакбай буга окшогон айбандарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: