Бишкектеги №38-мектептин кызматкери: "Отуздай бала бастырып киришип, окуучуларды сабап кетишти"







Бишкекте №38-мектептин коопсуздук кызматкери Айша Султанова SUPER.KG`ге мектептеги тополоң кандай болгонун айтып берди. Анын билдиришинче, окуя саат 8:00 чамасында орун алды.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
"Отуздай спорттук кийимчен балдар кирип келишип, 3 мүнөт ичинде мектептин ичиндеги балдарды токмоктоп башташты. Саат 8:06да баары сыртка чыгып качып кетишти. Мектептин администрациясы толук курамында мектептин кире беришине чыгып, балдарга тоскоолдук кылышты",- деп билдирет күбө.
Окуя боюнча "бейбаштык", "мамлекеттик мүлккө зыян келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголду. Азыркы тапта 47 бала катыштыгы бар деп кармалып, сурак берип жатышат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары Аскат Султаналиев билдирди.
№38-мектептин окуучуларынан оор жаракат алгандар жок. Бир нече терезе талкаланган.
№38-мектепке бастырып кирген окуучулардын 47си кармалды
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
4

бала.