№50-абактан качкан кылмышкерлердин бири Азамат Мусуралиев Сокулукта өлтүрүлдү
Мусуралиев Азамат Мамасеитович

№50-абактан качкан кылмышкерлердин бири Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тарапта өлтүрүлдү. Бул тууралуу 20-октябрда укук коргоо органдарындагы өздүк булактарыбыз билдиришти.
Өлтүрүлгөн Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Абактан качкан кылмышкерлерди издөө иштери өткөн аптада Дордой, Эне-Сай конуштарында жүргүзүлгөн. Алардын бири Данияр Кадыралиев 16-октябрда түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн.
Изделип жаткан 2 кылмышкер:
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен.
Качкын кылмышкерлердин бири Сокулукта өлтүрүлдү
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
4

Дордойдон Сокулукка отуп кеткенин байкалбай