Адвокат: "Түрмөдөн качкандарды жок кылуу - бийликтен берилген "заказ"

"№50-абактан качкандарды өлтүрүү - бийликтен берилген "заказ",- деди өлтүрүлгөн Данияр Кадыралиевдин адвокаты Жаманкул Жунусов маалымат жыйынында.
"Атайын багыттагы жоокерлер түрмөдөн качкандарды өлтүрбөй эле кармаганга мүмкүнчүлүгү бар болгон. Бийликтегилер качкындарды жок кылууга кызыкдар. Алар куралчан жоокерлерден киллерлерди жасап жатышат. Мисалы, Кадыралиев колун көтөргөндө, ага 8 ок чыгарылган. Кийин сүрөт жана видео үчүн жанына бычакты коюп коюшкан",- дейт адвокат.
"Бул маселени чечүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүү керек. Анын курамына бийликтин өкүлдөрү, курман болгондордун туугандары, медициналык адистер кириши зарыл",- деп сунуштады Жунусов.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева түрмөдөн качкандардын өлүмүнө парламенттин жаңы чакырылышына келчү 3-4 депутат кызыкдар экенин баса белгиледи.
"Түрмөдөн качкандарды жок кылуу - бийликтен берилген "заказ"
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
2

Ызылдагандар кантип эле бир баланы тируу тута алышпайт,анын жанында курал эмес жегенге наны жок болгон сон.Чындыкты билген балдар аман болсо экен жана ошол чындык аныктаоып калсын.
4 эле ГАИ кызматкерлери 5 кылмышкерди тируулой эле кармашпадыбы (хотя их тоже убивают)
болмок тоок урдагандар турмодо отурат туурабы достор
Туура кылат жанакы 5 кармалгандын 3 эле олуптур калган 2 дагы олтурушсун андайларга жашоо кереги жок. Мыкаачы айбандарга. Мен за мын. Молодцы милиция кызматкерлери сразу аткыла аларды деги 9 нун бироосун тирууу калтырбагыла.
кыргызстанда аларды бакканга акча жок
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.