Түрмөдөн качып, кармалган Эдил Абдрахмановдун атасы уулу менен жолуккан күнү эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтып берди



"Балам менен жолукканымда, ал "Мени өлтүрчү, ата!" деп суранган",- деди бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйынында №50-СИЗОдон качып, 10 күндөн кийин тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун атасы Алимжан Абдрахманов.
"Эдилди талаадан кошуна бала көрүп калып, мага айткан болчу. Аны менен чогуу балама барганбыз. Чөнтөгүндө оюнчук тапанча болгон. Муну Эдил "мени милиция кызматкерлери өлтүрсүн деп бул тапанчаны алдым" деп түшүндүрдү. Ал бир да милиция кызматкерин өлтүрбөгөнүн айткан. Андан соң балам "Ата, мени өлтүрчү! Мени кармашса, кыйнашат, тепкилешет" деген. Мен кантип баламды өлтүрөм? Тирүү карматып берейин дедим. Милицияга өзүм маалымат бергем. 100гө чукул милиция кызматкери келген. Баламдын аркасынан кубалашканда, "Атпагыла!" десем да, бутуна ок чыгарышкан. Андан соң жанына келип, бетине тебишкен",- деди Алимжан Абдрахманов.









Качкын кылмышкер: "Ата, мени өлтүрчү! Милициялар кармашса, кыйнашат, тепкилешет"





































1 | 2 |