Туугандары аркылуу Казакстанга үй-бүлөсү менен иштегени барып алданып калган Нурбек Мадумаров: "Кургак нан, макарон жеп күн өткөрүп жаттык"



Башка өлкөгө жумуш издеп барып алданып, кулчулукка кабылган кыргыз жарандарынын саны аз эмес. Алардын бири Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мөнөк айылынын тургуну Нурбек Мадумаров Казакстанга иштегени барып алданып калганын SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мындан 5 ай мурун келинчегим жана 3 балам менен Казакстанга мал караганы барганбыз. Ал жумушту жездем таап берген. Алматыга барганда жездемдин жээни тосуп алып, бизди малы көп Ибрагим аттуу күрттүн колуна тапшырды. Алар бизге ай сайын 60 миң теңге төлөп беришерин айтышкан. "Келинчегиң иштебейт, үйдө отурат" деген, бирок ага дагы 30 уй саадырып, оор жумуш жасатышты. Башында "каттоого тургузабыз" деп паспортторубузду алган. Көрсө, алдаптыр. Алданып калганыбызды эки айдан кийин билип, кетүүгө аракет кыла баштадык, бирок акча беришкен жок",- дейт ал.
"Кургак нан, макарон жеп күн өткөрүп жаттык. Акыры "эжебиз каза болду, барып келели" деп алдадык. Алар ошондо ишенип, 10 миң теңге карматышты. Ошону менен "Алтын-Ордо" деген базарга жетпей, жолдон таштап коюшту. Ал жерден такси менен кыргыздар иштеген базарга келдик, алар акча, кийим-кече чогултуп, кыргыз жерине кеткенге жардам беришти. Үч-төрт күндөн кийин чек арадан ИИМдин Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү бизге жардам көрсөтүштү. Эми Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги 5 айдан берки айлыгыбызды алып берсе жакшы болот эле",- дейт Нурбек Мадумаров.
Кулчулукка кабылган аял: "30 уй саап, чакалап суу ташычумун..."
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Максат Орозумбетов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(35)
azamat85

06.12.2015. 09:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыйналыптыр байкуш, каяктарга барып иштеп журобуз
briliant87

06.12.2015. 10:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш
marmilantka

06.12.2015. 10:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Оз мамлекетинде иштегенге не жетсин,чондорубуз елди жумуш менен камсыз кылып айлыктарын которуп беришсе мындай окуялар аз болмок.Тилеке каршы жумуш болсо да айлыгы аз.
mirba93

06.12.2015. 11:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаман болгон экен.мамлекет ушундай нерселерди жакшылап караса мындай корунуштор азырак болот беле казакстандагы кыргыздарга куч кубат берсин кудайым кандай жагдай болсода жардам кылганына менда окуп алып 4 жыл мурда 55 мин тенгени тонотуп келгеним эске тушуп кетти казактарга
1 | 2 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.