super.kg logo

Ботулизмден улам Тогуз-Торо районунан Бишкекке алынып келген эки жаран комада жатат

 
Тогуз-Торо районунан келген 2 жаран азыркы тапта оор абалда жатат.
Оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев
Кочкор районунан келген бейтаптар учурда жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Алардын абалы оор бойдон калууда.
Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптардын жакындары.
Ботулизмден сырткары сасык тумоо менен ооруканага кайрылган кичинекей балдардын саны да арбын.

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына ботулизм оорусу менен түшкөндөрдүн саны кескин көбөйдү. Учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда 5 бейтап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда SUPER.KG порталына аталган оорукананын директору Гүлжигит Аалиев билдирди.

"Жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө ботулизм оорусу менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 18 адамга жетти. Өткөн жыл менен салыштырсак, жыл аралыгында бул оорудан жабыркагандардын саны 37ни түзгөн. Учурда ооруканада Кочкор районунан келгендердин саны көп, алардын айтымында, алар чогуу отурушта болуп, козу карындан жасалган салат жешкен. Ал эми Тогуз-Тородон келген 2 жарандын абалы өтө оор, алар сүйлөбөй, кыймылдай албай калышкан. Учурда алар аппараттын күчү менен дем алышууда. Жалпысынан жандандыруу бөлүмүндөгү оор абалдагы 5 жаранга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", - дейт Г.Аалиев.

Дарыгердин айтымында, ооруканага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү козу карын жегенден кийин өздөрүн начар сезе баштаган.

"Ботулизм оңой оору эмес, эгер өтүшүп кетсе, адам майып болуп же каза болуп да калышы мүмкүн. Ошол себептен улам консерваланган азыктардан жана козу карын жегенден алыс болууга чакырат элем", - деп кошумчалайт Г.Аалиев.






Азыктан ууланган бейтаптардын абалы оор

Автор: Мальвина Уметбекова
Оператор: Мундузбек Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
08.01.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ботулизм өлүмгө жеткирет! Окуп койгула!
http://www.super.kg/article/show/34691
08.01.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын.
08.01.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салатты сатып алганбы же өздөрү жапкан салатбы ?
Сатып алган болсо, кененирээк жазсаңар. Мен окугандан кийин эле салат сатып албай жатам. Бизде ооруканада ПБС бар деп бүгүн жыйында билдиришти. Баары бир коркунучтуу.
08.01.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_2,салатты Бишкек шаарынан сатып алган экен
08.01.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир продукциянын мооноту болот ошол датаны карап алыш керек консерваланган эмес башкасы деле ошондой бизде мооноту буткон продукциялар деле сатыша берет ошолорду жоопко тартыш керек
Медиа-портал
09.01.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Козу карынды жебей эле койгулачы,анын сырын биз жакшы биле бербейбиз!Анын сырын орус туугандар жакшы билишет!Сак бололу!
SUPER.KG видео
09.01.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сүйлөгөн кыз жаңы окшойт.. Үнү эле укмуш го . бир аз жумшагыраак сүйлөсө болмок экен. Айзат Болотбек кызы эле жагымдуу сүйлөйт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: