Москвада өрт кырсыгынан 12 адам каза болду, алардын арасында кыргыз жарандары бар
Москвадагы Стромынка көчөсүндө 30-январдан 31-январга караган түнү болгон өрттөн кыргыз жана өзбек жарандары каза табышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын 8и кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан 2ден адам болгон. Өрттөнүп жаткан имараттан Кыргыз Республикасынын 2 жараны, Орусиянын жарандыгын алган 1 кыргыз жана 1 өзбек жараны качып чыкканга үлгүрүшкөн.
Укук коргоо органдары өрттүн эки булагы болгондуктан, имарат атайылап өрттөлүшү мүмкүндүгүн айтышкан. Адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.
1410 Москвадагы өрт учурунда 12 адамдын сөөгү табылды
1410 Москва. Өрт. 12 адам күйүп кетти (((
1410 Москвадагы Стромынка көчөсүндө өрт уланууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2026-11-07
17:52
2026-11-06
17:48
2026-11-06
17:30
2026-11-06
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Жаман эле болуптур.