Албек Ибраимов кыргыз тили боюнча сынакта сөздөрдү эмне үчүн ката жазганын түшүндүрдү

Бишкектин жаңы шайланган мэри Албек Ибраимов кыргыз тили боюнча сынакта жазган программасында эмне себептен каталарды кетиргенин SUPER.KG порталы берген суроого жооп берип жатып түшүндүрдү. "Бүгүнкү күндө биз заманбап технологияларды колдонуп калбадыкпы. Компьютерде Т9 деген программа бар, ал сөздөрдү өзү оңдоп коёт. Ошого көнүп калгандыгымдан, каталар кетип калгандыр",- деди Ибраимов.
Эскерте кетсек, Ибраимов 19-февралда кыргыз тили боюнча сынактан өткөн. Ал программасын оозеки жана жазуу түрүндө баяндап берип, "Манас" эпосунан үзүндү окуган. Талапкерден сынак алган атайын комиссия ага "кыргыз тилин билет" деген баа берген. Бирок анын жазуу түрүндө берген программасынан одоно каталарды көрүүгө болот. Мисалы, "коррупция" деген сөздү "корупция" деп жазган. Ошондой эле башка каталарга да орун берген.
Албек Ибраимов: "Өзүмдүн программамдагы 5 кадам:
1. Бюджеттик саясатты күчөтүү, өзгөчө толуктоо бөлүгүн;
2. Бишкек таза, коопсуз жана эркин адамдардын шаары болууга тийиш;
3. "Коопсуз шаар" программасынын алкагында жол тыгындарын азайтуу;
4. Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын борбору катары дүйнөлүк аренада өзүнүн аброюн көрсөтүп турушу керек;
5. Коррупция менен күрөш. Коррупция менен күрөшүү демократия алкагында жетишилет",- деп жазган.
Бишкек шаарынын мэри болуп Албек Ибраимов шайланды


