super.kg logo
  Саясат  

Мандат маселеси бүтпөгөн депутат кайрадан президентке кайрылуунун жолун издөөдө

 
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жаныбек Асанбеков президент Садыр Жапаровго кайрадан кайрылуунун жолун издеп жатканын билдирди.

Ал депутаттык мандаты боюнча өлкө башчы берген тапшырма аткарылбай жатканын айтты.
"22-октябрда Манас шаарында президентке кайрылганымда, үч ай мурда берген тапшырмасынын аткарылышын текшерерин айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жооп жок. Эртең президент Чүй облусунун тургундары менен жолугат экен. Мүмкүнчүлүк болсо, кайра кайрылып, бул жолу кимдерге кандай тапшырма берилгенин, эмне үчүн аткарылбай жатканын аты-жөнүн атап, так сурайм. "Бул жигит телефон жок болсо, калькулятор менен чалам дейт экен" деп тамашалабагыла. Башка арга калбай жатат",- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Жаныбек Асанбеков быйыл июнь айында Садыр Жапаров Кочкордун эли менен жолугушуу өткөрүп жатканда кайрылган. Ал өлкө башчысынын Манастын тургундары менен болгон жолугушуусунда, кайрадан кайрылып, ошондо берилген тапшырма аткарылбай жатканын билдирген. Ал депутаттык мандатын басымдын негизинде тапшырууга аргасыз болгонун айтып келет.

Асанбеков 31-мартта Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык мандатын тапшырган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: