Оппозициянын Бишкекте өтүүчү митинги токтотулду
Оппозициянын бүгүн, 30-мартта Бишкекте өтүүчү митинги токтотулду. Бул тууралуу оппозиция өкүлү Мамбетжунус Абылов билдирип, митинг 20-апрелге жылдырылганын айтты. "Жогорку Кеңештин тармактык комитети кечээ Аксы районундагы Үңкүр-Тоо маселесин карап, чечим кабыл алды. Башкы прокуратура аталган тоого байланыштуу өкмөттүн документин иликтеп, 20-апрелге чейин комитетке маалымат бере турган болду. Ошол иликтөөнүн жыйынтыгын күтө турууну чечтик",- деди Абылов.
Бүгүн Аксы районунун Кербен шаарында өтө турган митинг да токтотулганы белгилүү болду.
Оппозиция өкүлү Темир Сариевге кылмыш иши козголуш керектигин айтты
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:34
2025-11-27
21:40
2025-11-26
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















