"Евровидение-2016" Эл аралык сынагынын финалына Азербайжан, Орусия, Нидерланды жана 7 өлкөнүн ырчылары чыгышты (видео)
Кечээ, 10-майда Швециянын Стокгольм шаарында "Евровидение-2016" Эл аралык ырлар сынагынын биринчи жарым финалы болуп өттү. Сынактын жыйынтыгында 18 өлкөдөн келген катышуучулардын арасынан Азербайжан, Орусия, Голландия, Венгрия, Хорватия, Австрия, Армения, Чехия, Кипр жана Мальта өлкөлөрүнөн келген ырчылар финалга өтүштү. Ал эми Финляндия, Греция, Молдова, Сан-Марино, Эстония, Черногория, Исландия, Босния жана Герцеговинадан келген катышуучулар финалга өтө алышкан эмес. 12-майда сынактын экинчи жарым финалы орун алат. Финал 14-майда болот.
Ал эми Ошто төрөлгөн Жамала Украина өлкөсүнүн атынан жана сынакта Беларусь мамлекетинин атынан энеден туума жылаңач чыкмай болгон Ivan (Александр Иванов) экинчи жарым финалда ырдашат.
Сынактын финалына өткөн 10 катышуучу жана алардын аткара турган ырлары:
1. Семра Рагимли – "Miracle" (Азербайжан)
2. Сергей Лазарев – "You are the only one" (Орусия)
3. Дауэ Боб – "Slow down" (Голландия)
4. Freddie – "Pioneer" (Венгрия)
5. Нина Кральич – "Lighthouse" (Хорватия)
6. ZОЁ (Зои Штрауб) – "Loin d'ici" (Австрия)
7. Ивета Мукучян – "Love wave" (Армения)
8. Габриэла Гунчикова – "I stand" (Чехия)
9. "Minus One" тобу – "Alter ego" (Кипр)
10. Ира Лоско – "Walk on water" (Мальта)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Ивета Мукучян - Love Wave (Армения)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Нина Кральич- Lighthouse (Хорватия)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Дауэ Боб - Slow Down (Нидерланды)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Сергей Лазарев - You Are The Only One (Орусия)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. ZOË (Зои Штрауб) - Loin Dici (Австрия)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Семра Рагимли- Miracle (Азербайжан)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. "Minus One" тобу - Alter Ego (Кипр)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Ира Лоско - Walk On Water (Мальта)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Габриэла Гунчикова - I Stand (Чехия)
1410 Евровидение 2016. Жарым финал. Freddie - Pioneer (Венгрия)
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















интернет слабый болсо керек, менде корунду баары
Кайсы өлкөдөн жана кайсы браузер менен киресиз? Мага купуя менен жазып койсоңуз.