super.kg logo

Ылдам, ылдам, ылдам, поезд жүрүп барат! Поездде төрөлгөн наристелер, эс алууга аттангандар, жаратылыш кооздугу... (Фоторепортаж)

 

Жайкы эс алуу сезонуна карата Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезди 17-июндан тарта “Бишкек I” станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай баштаган. Бул каттам менен кетүү жүргүнчүлөргө кандай эсте каларлык көз ирмемдерди тартуулаарын төмөнкү сүрөттөрдөн байкоого болот.

Белгилей кетсек, жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6:40та. 1 мүнөт эрте да, кеч да кетпейт. Андыктан өз убактысында келүү керек. Поезд Балыкчы шаарына болжол менен 5 саатта кирип барат. Бир тарапка барчу билеттин баасы төмөндөгүчө:
“Бишкек I” станциясынан Балыкчыга чейин чоңдор үчүн 69 сом, балдарга (10 жашка чейин) 35 сом.


Каттам жаңы эле ишке киргендиктен жана учурда Орозо айы болгондуктан, эс алууга жөнөгөн жүргүнчүлөр аз. Көпчүлүгү таң эрте туруп жөнөшөт, мындан улам чырым этип бараткандарды кездештирүүгө болот.

Поезд тоолорду, айылдарды аралап, атайын станцияларда 3-5 мүнөткө токтоп, жүргүнчүлөрдү алып жатты.

Терезесинен жаратылыштын кооздугун көрүүгө болот. Кээ бир жүргүнчүлөр уйкунун ордуна терезени тигиле карап, кооздукка суктанып баратышты.

Узун жолду кыскартуунун эң жакшы жолу - маектешүү, шахмат ойноо, анан, албетте, мезгилден артта калбай "Супер-Инфо" гезитин окуу. Поездде баратып аталган гезиттин окурмандарын да кездештирдик.

Поезддин коштоп жүрүүчүлөрү ар бир жүргүнчүнүн коопсуздугуна жооп беришкендиктен, баарын дыкат текшерип, көзөмөлдөшөт. Ошондой эле ар бир жүргүнчүгө жылуу мамиле жасап, убактысы боло калганда баарлашып, жүргүнчүлөргө жумуш учурунда болгон кызыктуу окуяларды айтып берип жатышты.

Кызматкерлердин айтымында, кызыктуу окуяларга көп эле кабылышат. "Түрдүү тагдырдагы, мүнөздөгү адамдарга кез келебиз. Баарына бирдей мамиле жасап, керек учурда милиция кызматкерлеринен да коргоого туура келет. Учурда жаш кыз-келиндер чет жерге иштегени кетип жатышат. Ал жактан боюнда болуп, келе жатканда поездде төрөгөн учурлары да болот. Андай учурларда биз тамашалап "поездде төрөлгөн наристелерге жетекчинин ысымын ыйгарабыз" деп калабыз. Өлкөбүздө жумуш орундары көп болсо, жаштар да чет өлкөгө агылып кетпейт эле. Кыйналган жаштарды көрүп, ата-эне катары жүрөгүбүз ооруйт", - дешет поезд кызматкерлери.

"Бир жолу Москва-Бишкек каттамына кош бойлуу жаш келин түшүп калды. Түркстанга (Казакстандагы шаар) келгенде толгоосу башталды. Ага чейин деле төрөткө катышып калгандыктан, коркунуч деле болгон жок. Атайын бир купени алып, шейшеп менен тосуп койдук да, төрөтө баштадык. Келиндин биринчи төрөтү экен, ага карабай жеңил төрөп алды. Анан Түркстан аймагынан "Тез жардам" кызматы келип алып кетти. Баарыбыз тамашалап, наристеге жетекчибиз Сатар агайдын ысымын ыйгардык",- дейт Асымкүл Майчинова.

Асымкүл Майчинова

Белгилей кетсек, 17-июндан тартып 31-августка чейин күн сайын аталган багыт боюнча поезд каттайт. Балыкчы шаарына жеткенде андан ары Чолпон-Ата шаарына маршруттук каттам же такси менен кетүү керек. Поездден түшкөн жүргүнчүлөр жергиликтүү айдоочулардын талашына түшүп, жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн көтөрүп кеткенге чейин барышат. Маршруттук каттам менен жетүү 120 сомго барабар болсо, такси кызматы 150 сом турат. Бирок сүйлөшүп, баасын 20-30 сомго арзандатууга мүмкүн.

Учурда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Балыкчы-Корумду жолунда оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Жолдун жалпы абалы тууралуу жакында SUPER.KG порталынан атайын даярдалган материалдан көрө аласыздар.






Бишкектен Балыкчыга 69 сом жол кире менен жетсеңиз болот

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(13)
20.06.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
А жакшы ! Онуго бер "Мекеним" !
20.06.2016. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дайыма эле ушундай маанайды которуп турчуу кабарларды окуп турайлы. Алга мекеним.
20.06.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошко да поезд каттай турган болгондооо
20.06.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Союзду жамандайсынар так ошол Советтер Союзунда Фрунзе-Рыбачье темир жолу 1950ж курулуп бутуп эксплуатацияга берилген.Ким билет бальким 90чу жылдары Советтер Союзу кулабаганда Бишкек-Ош темир жолу дагы курулуп калабы эле.
KGstan1981 түзөттү 2016-06-20 14:47:47
20.06.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KGstan1981,Союзду эч ким жамандабайт.Ошондо да Исхак Раззаковдун эмгеги аябай коп.Усубалиев,Масалиевдер анчалык Кыргызстан учун куйуп иштебеди.Усубалиев Озбекстанга канчалаган жерлерди карматып салды.
Ошго поезд менен барат болчук.Ал убакта Казакстан,Озбекстан менен отот болчу.Озбектер жол акысын которуп темир жолун жаап салган.
20.06.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
140 сомго кыйла айланып келет экенсин да. Арзан экен еще. Базар жок
20.06.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайра кайтып келсе болот бекен поезд менен???
20.06.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ersu,Кайтып келбегенде андан ары колго кирип кетмек беле?
21.06.2016. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
novayariga,))))
21.06.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
novayariga,катырыпсыз да ))
22.06.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок,поездер бир жакале жүрүшөт %)))
20.06.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Конулду котордунор соннун кабар менен.
21.06.2016. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстаным Мекеним менин!!! Кыргызстанда торолуп жашап жатканыма сыймыктанам !!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: