Бишкекте түнкү рейддер күчөтүлдү (видео)
Бишкекте дем алыш күндөрү 200дөн ашуун милиция кызматкери коомдук тартипти камсыз кылууда. Бул тууралуу кечээ, 7-ноябрда шаардык милиция билдирди.
Маалымдалгандай, дем алыш күндөрү күчөтүлгөн тартипте кайгуул-күзөт иштери уюштурулуп, мобилдик кайгуул топторунун 60тан ашык кызматтык унаасы пайдаланылууда.
"Өзгөчө көңүл түнкү клубдардын, көңүл ачуучу жайлардын, кафелердин жана ресторандардын айланасында коомдук тартипти камсыз кылууга бурулууда. Милиция кызматкерлери укук бузуулардын алдын алуу, бейбаштык аракеттерге бөгөт коюу жана кечки, түнкү убактарда жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу максатында алдын алуу иш-чараларды жүргүзүшүүдө", - деп белгиленди маалыматта.
Бишкекте түнкү рейддер күчөтүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:28
2026-11-09
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















