Адахан Мадумаров: "Конституция - 40 мүнөттө жазып койчу ыр эмес"

"Конституция - 40 мүнөттө жазып койчу ыр эмес", - деп билдирди саясий ишмер Адахан Мадумаров 26-сентябрда "Референдумга жол жок!" кыймылынын отурумунда. Мадумаров Конституцияны өзгөртүү аракети боюнча коомдук талкуу өттү деп бийлик жалган сүйлөп жатканын, талкуу президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов баштаган эки-үч адамдын ортосунда гана өткөнүн белгилеп: "Эгерде ушул 3-4 кишини коом деп эсептесек, анда кыргыз эли кайда деген суроо жаралат. Конституцияга миналар катылып калган, жарылып кетет деп жатышат. Ошол миналардын үстүндө 6 жыл басып эле жүрүштү го. Конституцияны өзгөртүү керек болсо, Атамбаев кеткенден кийин өзгөртүлүшү керек. Кетерман киши кетсин", - деди.
Саясий ишмер референдум өткөрүү аракетин токтотуу жана парламентти таратуу демилгелерине кол топтоого активдүү катышууну жарандардан суранды.
"Референдумга жол жок!" кыймылы парламентти таратууга кол топтоону баштады





