super.kg logo

Бишкек-Ош жолу 6 ай аралыгында 105 адамдын өмүрүн алып, кандуу жолго айланууда

 

2016-жылдын алгачкы 8 айында өлкө аймагында 3667 жол кырсыгы катталып, 567 адам каза болсо, 5690 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми 2015-жылы 4418 жол кырсыгы катталып, 680 адам каза болгон. Жол кырсыгы көпчүлүк учурда айдоочулардын жол эрежелерин бузгандыгынан болууда.

Айрым кырсыктар айдоочулардын тиешелүү деңгээлде өз унаасын техникалык жагынан көзөмөлгө албаганынан улам болот. Өлкө аймагында өзгөчө кооптуу делген жол тилкелери бар. Алардын катарын Бишкек-Ош жолу дагы толуктайт. Дал ушул жолдо 6 ай аралыгында 389 жол кырсыгы катталып, 105 адам каза болсо, 663ү жаракат алган.

Мындай көрсөткүчтөр далилденгенсип, Ош облусун көздөй бара жаткан чыгармачылык топ Ала-Бел ашуусунда жол кырсыгына күбө болду.

Бул жол узактыгы менен гана эмес, деңиз деңгээлинен бир нече миң метр бийиктикте жайгашканы, өзгөчө чукул бурулуштары менен айырмаланып, кооптуу деп эсептелет. Жогоруда айтылган жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 223-чакырымында болгон. Анда 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.

"Өзүңүздөр көрүп тургандай, Дэу Тико унаасы кырсыкка учурады. Кырсык айдоочунун жол эрежелерин сактабаганынан улам болуп жатат. Анын айынан бир адам - айдоочунун келинчеги каза болду. Негизинен Ала-Бел ашуусу тоолуу өрөөндө болгондуктан, ушул аймакта жол кырсыктары көп катталат. Бишкектен да, Оштон да чыккан айдоочулар дал ушул ашууга келгенде чарчашат.

Бишкек-Ош жолунун Токтогул районундагы аймагы боюнча жыл башынан бери 66 жол кырсыгы катталса, 25 адам каза таап, 129 адам ар кандай жараат алган. Айдоочулардан жол белгилерине көңүл буруп, ылдамдыкты белгиленген көрсөткүчтөн жогорулатпоону суранат элек", - дейт Токтогул районунун Патрулдук кызматынын ага тескөөчүсү Ырыскелди Усумбаев.

Кырсыкка учураган унаанын айдоочусу Абдимиталип Абдипатаевдин айтымында, унаанын дөңгөлөгүн кармап турган тетиги ыргып, унаа жолдун четине чыгып, 2 жолу оодарылып кеткен.

"Кырсык болгон соң адамдар чуркап келип, унааны оодарышты. Жубайым ошол жерден эле жан берген экен. Жубайым ооруп жүргөндүктөн аны Ысык-Көлгө алып барып келаткам. Кудайдын жазганы экен, эми мен кантем?.." - дейт оор жоготуусу тууралуу Абдипатаев.

Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы айдоочулар орнотулган жол белгилерге көңүл бурбай жатышкандыгын айтат.

"Жолдун өзгөчө кооптуу тилкелеринде айдоочуларга көрүнгөндөй жерлерде талап кылынган ылдамдык көрсөтүлгөн, бирок айдоочулар аларга көңүл бурушпайт. Жол тоолуу өрөөндө жайгашкандыктан, айрым жерлерде унааны тез токтотууга мүмкүн эмес. Бул дагы кырсыкка учуроонун бирден-бир себеби", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин патрулдук кызматкери Замирбек Иманбеков.

Ал эми "Тез жардам" кызматкери мындай кооптуу аймактарга жакыныраак медициналык пунктун ачуу зарыл экендигин айтат. Медициналык пункттун алыстыгынан, жолдун татаалдыгынан улам кырсык болгон жерлерге өз убагында жетүү мүмкүн болбогондуктан, кырсыкка кабылгандардын айрымдарынын абалы оорлошуп кетет.

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча Ички иштер министрлиги Транспорт министрлиги менен биргеликте аталган жолду тейлөө боюнча атайын бөлүм ачкан. Ал бөлүмдүн иштеп жатканына 9 айдын жүзү болду. Бул аралыкта жол кырсыктарынын саны азайганы байкалып жатканын Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

"Кырсык айтып келбейт экен. Мисалы, бир бурулушта иштеп жатсаң, аркы эле бурулушта кырсык катталган болот. Өзгөчө түнкүсүн айдоочулар катуу айдашат. Бизде жеңил унааларга техникалык кароону жокко чыгарып коюшкандыктан, айдоочулар унааларын жакшы карабай калышты. Мындай шалаакылыктан улам да кырсыктар көбөйдү", - дейт Патрулдук кызматтын Башкы башкармалыгынын ага инспектору Чыңгыз Убайдылдаев.

Жол кырсыктарынын айынан жаш балдар, кыздар, аталар, энелер каза болуп жатат. Айдоочулар ар бир кыйылган өмүрдүн артында сыздаган балдар, ата-энелер жана жубайлар калып жатканын эске алып, жол эрежелерин сактап, этият болушса...


кошулду





Айдоочу: “Байбичемди көз алдымда жоготуп алдым”

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
04.10.2016. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биринчт себеп: айжорчулар укмуш акшындап айдашат.
Экинчиси, он рульдун кесепети
04.10.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Lion.,биринчиден айдоочу куболугун сатууну токтотмоюн,ушундай боло берет!Эгер айдоочу абалы окуп,билип анан ролго олтурса он руль болмоктон нары акшындап айдаса да тажрыйбалуу айдайт.Праваны сатууну токтотуу керек!Окушсун.
04.10.2016. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аддах сактасын ар бир пендесин
04.10.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзү бизге асфальт жолдун деле кереги жокпу деп калдым,жакшыраак жол болсо эле өпкөлөрүн капоттун үстүнө коюп алып учуруп айдап жөнөшөт.ылдамдык жогору болсо кырсык болот,эгер ылдамдык жай болсо,дөңгөлөгүң чыгып кетмек тургай балее болсо да акырындык м.н токтоп калууга болот.
04.10.2016. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка олколордо жол эрежесин одоно бузган айрым учурларда жана мас абалында унаа айдагандарды 1-3 жылга машине айдоо укугунан ажыратышат. Ал эми бизде ал нерсе жок. Кечоо мас абалында унаа айдап бир канча адамдын олумуно себепкер болгон айдоочу акчанын жана таанышынын кучу менен бугун эч нерсе болбогондой кайра эле машине айдап жургон болот... Кырсыктарды алдын алуудагы башкы койгой МАИдеги коррупцияны жою, айдоочулардын жол эрежелерине баш ийуусун камсыздоо, ж.б.
SUPER.KG видео
04.10.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын баарыбызды кырсыктан .Мед айым жылмаңдайтго же мен ошондой көрдүмбү?
SUPER.KG видео
04.10.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мед айым жакшы эле жылмайып турат ал учун майрамдай
04.10.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супердин журналисттери он рулдуу машинада баратышат,коркушпады бекен... Он рулдуу машинада журуу коркунучтуу го.
SUPER.KG видео
04.10.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош Бишкек жол бөлөндүң го нечен канга,
Жүз беш жанды алып кеттиң сен ажалга.
О дүйнөгө эмне мынча шашылдын сен,
Тийбей турчу бал жыттанган жаш балдарга.
Медиа-портал
05.10.2016. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ош-бишкек жолдорго камераларды коюп 60тан ашкан айдоочуларга 10минден штрафтарды салгылачы элибизди кырмай болдунар го ар жумада созсуз адам олуп атат
05.10.2016. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишиге кырсык жазмыштан го,,болбосо катуу деле айдабаган чыгаар кары адамдар экен ким билет ай балким журогу жаштыр:-):-)
Медиа-портал
05.10.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамбыл Камчиев куудул айткандай 100 дон ашырып айдагандар олгусу келгендер деп туура айткан, авариянын баары катуу ылдамдыкта айдагандын себеби .
SUPER.KG видео
05.10.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
105 тен көп болду окшойт жайында да аяштам келине сойко салышып кайтышып кайра аяш атам аялы,кайра аяштамын иниси бир мезгилде отуп ичиндеги аяш энемин күйо баласы кийин отту
SUPER.KG видео
05.10.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: