super.kg logo

Ошто БУУнун колдоосу менен мектеп тамактануусу боюнча иш-чара өттү

 

Ош шаарында БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында мектептерде тамактануу системасын өнүктүрүүгө арналган иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана Орусия Федерациясынын Оштогу башкы консулу Роман Свистин катышты.

Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарында 39 мектепте 26 миңден ашуун окуучу ысык тамак менен камсыз болуп, дагы 29 мектепте 20 миңге жакын окуучу шашке чай алууда. Быйылкы жылы кошумча 7 мектепке ысык тамак киргизүү пландалууда.

2013-жылдан бери 14 мектеп жана 2 бала бакча бул программага кошулуп, байытылган ун жана техникалык колдоо алып келет. Ошондой эле 7 мектептин ашканалары оңдолуп, 2026-жылдын сентябрына чейин толук ишке киргизилет.

Адистердин айтымында, мектеп тамактануусу балдардын ден соолугуна жана билим сапатына түздөн-түз таасир берип, аймактагы билим берүү системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: