super.kg logo

Өзгөн "ашы" менен Ош самсасы кандай жасаларын көрүп алыңыз

 
Лутфилла Амилов
"Ашка" буюртма берген кардарлар
Самсыкананын кардарлары

Өзгөн күрүчү менен Ош самсасы өздөрүнүн өзгөчө даамы менен баарына белгилүү. Ошко болгон сапарыбызда бул тамактарды ооз тийип гана тим болбостон, окурмандарыбызды алардын жасалышы менен тааныштырууну туура көрдүк.

Алгач Өзгөн шаарына барып күрүч басуу процесси менен тааныштык. Шаардыктар айткандай, киши үзүлбөгөн чайканага бардык. Ош облусунун эли меймандостугу менен да өзгөчөлөнүп турат эмеспи, андыктан чайкананын кызматкерлери биздин чыгармачылык топту жакшы тосуп, ашканасына киргизүүгө дароо макул болушту.

Өзүн Лутфилла Амилов деп тааныштырган ашпозчу бизге палоонун басылышын көрсөтүп айтып бермей болду.

"Биз палоону койдун куйрук майына басабыз. Алгач казанды ысытып, куйруктун өзүн гана салып, майы чыккыча кууруйбуз. Башка май кошпойбуз. 1,5 килограмм күрүчкө болжол менен 500 грамм куйрук керектелет. Куйрук куурулган соң аны өзүнчө табакка чыгарып, үстүнө пияз кошуп кардарларга беребиз. Өзүнүн майына куурулган куйрук "чиза" деп аталат", - дейт Лутфилла Амилов.

Ашпозчу эттин өлчөмү басыла турган күрүчтүн өлчөмүнө барабар болушу керектигин айтат. Ысып турган майга сөөктүү этти салып кууруу керек, себеби сөөктүн даамы чыгат. Андан кийин сулп этин салып куурушат. Отту жайлатпоо керек. Пиязды кошуп, алтын түстүү болгуча кууруп, анан сабизи салынат. Өзгөн "ашы" сары сабиз менен басылат. Буга 1 килограмм 200 грамм сабиз кошулду. Ошол маалда күрүч тазаланып, жуулуп, сууга чыланат.

"Эгер күрүчтүн түсү кызыл болсо, сабизди кызарта куурубайбыз. Баса турган күрүч агыш болсо, сабизди кызартып кууруу керек", - дейт ашпозчу.

"1,5 килограмм күрүчкө 3 литр суу куябыз. Шорпосуна жуулган сарымсакты кошуп кайнатабыз. Биз жаш малдын этин колдонуп жатабыз, ал бат бышат, көпкө чейин кайнатпайбыз.

Шорпосу бир аз туздуу болушу зарыл. Жуулган күрүчтү кайнап жаткан шорпого салып, жай отко, шорпосу соолугуча кайнатабыз. Татымына жараша зире салып койсок болот.

Күрүчтүн шорпосу соолуп калганда кызыл калемпирди салып, жай отто демдейбиз. Жарым саатта күрүч бышып калат.

Палоо даяр. Үстүнө көк пияз менен анарды себелеп кардарларга беребиз", - деди ашпозчу.

Өзгөндөн Ош шаарын көздөй барып, даамдуу самсалары менен белгилүү болгон самсаканалардын биринде болдук. Самсакананын кызматкерлери да бизди өздөрүнүн күнүмдүк иши менен тааныштырууга киришишти.

"60 грамм камырдын ортосу калыңыраак жайылып, 100 грамм фарш кошулат. Бул жакта 9 адам иштейт, мен өзүм 3 жылдан бери иштейм, бала-чакам бар. Аялыма майрамдарда самса бышырып берем", - деди камыр жайып иштеген Асадбек Айдаров.

"Үч жылдан бери самса жасап иштейм. Күнүнө 930 сом алам, тапканым өзүмө жетет, ишиме ыраазымын. Самсага жаш малдын этин, майын колдонобуз, ар бир самсага эт менен май да кошуу керек. Ал өзгөчө даам берет. Этибиз таза болгондуктан кардарларыбыз көп", - дейт Данияр Сулайманов (солдо).

Ал эми самсаларды жапкан Исламбек Касымов 15 жылдан бери иштейт, башка жактан өзүнүн ишин ачканга аракет кылган, бирок кайра эле ушул жакка келгенин айтат.

"Кардарлар жакшы болгон кезде 4 миңдей самса сатылат. Самсаларды 250 градуста бышырабыз. Бышкан самса жумшак, жылтырап туруш үчүн аларды тандырдын бетине чаптаган соң суу сээп коюу керек", - дейт Касымов.

Айгүл Шербаева Озгур айылынан күндө келип иштейт.

"Кардарларга сылык мамиле кылам. Канчалык жакшы мамиле кылсаң, кардарлар ошончолук көп келет. Көбү ыраазы болуп кетет. Самсабыз 55 сом турат", - дейт Шербаева.

Оштогу тамактануучу жайлардын көбүндө спирт ичимдиктерин ичүүгө, чылым тартууга тыюу салынган.

Ош, Өзгөн шаарлары даамдуу тамактары, аларга болгон арзан баалары менен эсибизде калды.






Оштун самсасын жеп, өзгөндүктөрчө палоо басабыз

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(34)
07.10.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
коруп алып шлекейим акмак тугул, курсагым курулдап кеттиго чиркин))))
07.10.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Das151193,эшектин этинен болбоду бекен я?
07.10.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
baltabaev, сен озун бышырат окшойсун э эшектин этинен самсаны билип билбей эле жаман ойунду айтпачы жакшы ниети туз адамдын ойунан жакшы соз чыгат сен озунду кандай адам экенинди билдирип койдун
07.10.2016. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ошумдан айланайын,арзанчылык,молчулук,береке,тамактары даамдуу!!!
07.10.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Алхамдулиллах Кыргыз жерим соп сонун, кыйласынан Ош сонун!
07.10.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ikitaidesu,бардыгынан Ош сонун!
07.10.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошко келбепсиз самсысысын жебепсиз дейт беле?
07.10.2016. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мирзаалим самсы го
07.10.2016. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ноокаттын самсасына жетбейт Оштун самсасы баари бир
07.10.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
камырына эмне кошконун эч айтышпайт даа
07.10.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн сонун макала!!!
07.10.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мына ушунусу менен кызыктуу анан даамдуу
07.10.2016. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
55сомдук самсадан экини десен тойбойсун учту нан кошуп жесен норм.Акчасы наны менен180сом.Ноокатта бир самса нан менен тоесун.Самса 65 нан15 баары80 сомго зынк тоесун айырма бар го.Бирок Оштун самсасына да соз жок.Эки жакта да туугандар жасайт.
07.10.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соонуун эмгек кылсан береке болот,акча чонтокко толот..
07.10.2016. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Барибир оздорунун кандайдыр бир секреттери барда а аларды болсо айтышпайт
07.10.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Самсага калла гош ичеги боор анан эшектикинда кошсо керек азыркы заманда
07.10.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
dastan_2016,аппетиттин баарын олтурдунуз го
07.10.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
dastan_2016,ушу бизде созсуз бир кумалак чыгат да,негативный билдируусу менен.
07.10.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
уйлонбогон кочкордун думбасиго
07.10.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озбектердин фомалары жок сакалдары оскон уйунон кандай келсе кухняда ошондой аралар журушот , тарелка сунган колундагы танылган бинттин кири кантет ? Жийиркеничтуу ото
07.10.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
aikokul эмне мен туура эмес айттымбы..
Beise Чынеле формасы эмес озунон жииркенесин самсынын ичинде нормально эт жок каяктагы узунду бирбалакаттар мн пияз бар
07.10.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору самсычылар жесе болок белгиси менен 5.6. Самсаны таза эт менен жаап жешет аны билбей журосунорда
07.10.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dastan_2016,сен билет окшойсун озун ошо жерде иштебейсинби?
07.10.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Да...санитария деген жок жийиркеничтуу,,ревизоррону жиберсе биздин наабайчыларга.
Медиа-портал
07.10.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаарымды сагындым гоо!!Соонун репортаж болуптур,бирок кичине шашып калган окшойсунар))
Медиа-портал
07.10.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу кийинки комментарий калтыруучулар диалектке асылмай жок ээ))
SUPER.KG видео
07.10.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгон куручун коруп жегим келди. Соонун жасады го!!!
SUPER.KG видео
07.10.2016. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошум менин, сагындым туулган жеримди. Барып келгендей болдум!
SUPER.KG видео
08.10.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менйам сагындым ошту кечки пайт раса жегенбизда 5такам 8де болуш керек
акыркы жолу...хаха
SUPER.KG видео
09.10.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошум менин
SUPER.KG видео
11.10.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгон ашын жемяпсан бу дунего кемепсан дечу эле жээндер.
12.11.2016. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жей элекмин.ошко вообще барган эмесмин.самсысы зор болот деп коп угам.жегим бар бирок.
12.11.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курсак курулдап кетти го
30.01.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Секрети деле жок Кыргыздар эле жабып калды го азыр айылдарга чейн самса навай нанды а бирок Ашты жасаш баарынын колунан келет учуктун куручу Озгондун куручунон аш ойдогудай болот соннун макала экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: