Израилге АКШ менен Ирандын меморандумунун тексти көрсөтүлгөн жок
Израил АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тексти менен кол коюлардан жана жарыяланардан мурда таанышууну суранган, бирок бул өтүнүч четке кагылганын Израилдин 12-каналы айтып чыкты.
Маалыматка ылайык, Израил документтин мазмунун алдын ала көрүүгө аракет кылган, бирок ага уруксат берилген эмес.
Иран менен АКШ 15-июнга караган түнү меморандум боюнча иш аяктаганын расмий ырасташкан. Документке 19-июнда Швейцарияда кол коюлушу күтүлүүдө.
Эске салсак, 28-февралдан тарта АКШ менен Израил Ирандагы объектилерге сокку ура баштаган. Кагылышуулардан үч миңден ашуун адам жабыркаганы айтылууда. Өз кезегинде Иран Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик объектилерге жооп иретинде соккуларды жасаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















