Трамп Зеленский менен жолукканын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Украина президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу өткөргөнүн жана шейшемби күнү дагы бир жолу жолуга турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
“Биз буга чейин жолугуштук жана жолугушуу абдан жакшы өттү. Бүгүн кечирээк дагы бир жолу жолугам”, - деди Трамп Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен болгон жолугушууда.
Анын айтымында, учурда Вашингтондун негизги көңүлү Ирандагы кырдаалга бурулган. Ошол эле учурда Украина маселеси күн тартибинде калганы менен, негизги багыт болбой турганын белгиледи.
“Биз азыр Иранга көңүл буруп жатабыз. Украина маселеси экинчи планда болот”, - деди Трамп.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:45
2026-06-16
12:42
2026-06-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















