super.kg logo

Президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкө элин Жаңы жылы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

"Урматтуу менин мекендештерим! Бир боорлорум!

Ар бирибиз эңсеп күткөн көз ирмемдер жакындап, коломтобуз жылуулукка бөлөндү. Жаңы жыл - наристеге да, карыяга да тегиз мээримин чачкан майрам. Токчулук менен ырыскынын, жаркын үмүттөр менен кыял-тилектердин майрамы.

Ар бир жыл өзгөчө болот. Ал эми кетип жаткан 2016-жыл баарынан өзгөчө болду. Өлкөбүздү, ар бирибизди өзгөрткөн, бурулуш жыл болду.

2016-жылы эгемен Кыргыз мамлекетибиз 25ке толуп, тарыхтын дагы бир чоӊ ашуусунан аштык. Биз быйыл кыргыз элинин эркиндиги үчүн 100 жыл мурун курман болгондорго эстелик тургузуп, куран окутуп, бир кылымдан бери мойнубузда, жүрөгүбүздө таш болуп жаткан парзыбызды аткардык. “Арбактар ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши оңолбойт” деп бекер айтпайт элибиз.

Тарых жана маданият жылында ата-бабалар мурасы болуп көрбөгөндөй жанданып, элибиздин руху ойгонду. Кыргыз каганатын курган эң байыркы эл болгонубузду эми гана жан дилибиз менен, жүрөгүбүз менен толук сездик, жаңы дем, жаңы күч алдык. Бул жылы байыркы көчмөн бабаларыбыздын унутта калып келген оюндары менен таймаштарын, көчмөндөрдүн рухун, маданиятын бүт дүйнөгө даңазаладык. Кыргыз жергесинде жаңы өмүрү жаралган Көчмөндөр оюндарын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы да жогору баалады.

Дегеле 2016-жыл ар бир кыргыз жаранынын көӊүлүн көкөлөтүп, жүрөгүн толкуткан керемет ирмемдерге бай болду.

Бул – Көчмөндөр оюндарында миӊ комузчу “Маш ботойду” чертип чыккандагы ирмемдер!

Бул – кыргыз жигиттери тарткан “Атанын керээзи” алыскы Монреалдан баш байгени жеӊгендеги ирмемдер!

Бул - Жаңы жыл алдында биздин "Азия MIX" тобу ондогон өлкөлөр арасынан алдыга суурулуп чыгып, элине майрамдык белек тартуулаган ирмемдер!

Ушул жана ушуга окшогон көптөгөн жакшылыктар - XXI кылым башында жаш Кыргыз мамлекети бутуна тик туруп, баш көтөргөнүнүн белгиси.

Урматтуу мекендештер!

Биз 2017-жылга башка эл, башка мамлекет болуп кадам таштап жатабыз. Бизге эми эч ким, эч качан "келечеги жок эл, келечеги жок мамлекет" деп айта албайт! Бизди эми эч ким, эч качан тизелете албайт!

Биз “Манастагы”:

"Чачылганды жыйнаган,

үзүлгөндү улаган.

Кырк жерден кыраан чогултуп,

кыргыздын көчүн кураган" деген саптардын тереӊ маанисин эми гана толук бойдон түшүнүп, жүрөк менен сезип жатабыз. Жараткан элибизге кайрадан оомат, улуу дөөлөт, кут берип жатат.

Айланайын элим!

Кайрадан кыргыз көчү адашып, жолубузду жоготпойлу! Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, элибиздин ынтымагын, биримдигин жаныбыздай сактайлы! Кыргыз көчү эми түзөлдү. Эми биз көчмөн эл катары алыскы мейкиндикке, жаркырыган келечекке көз чаптырсак болот. Аны мен кыргыз кыялы, кыргыз тилеги деп айтар элем.

Биз пейилибизди тазарталы, ыйманыбызды бекемдейли. Биз тагдырлашпыз, максатташпыз, тилектешпиз, бири-бирибизге, өлкөбүзгө күйүмдүү бололу. Улуу максатты улаган улут гана дайрадай зор күч болот, өркүндөп өсөт, өнүгөт.

Урматтуу мекендештерим!

Баарыӊыздарды дагы бир жолу Жаңы жыл менен куттуктайм!

Береке нуру чачылсын,

Элдин пейили ачылсын.

Жараткан дандуу кырман берсин,

Жаштарыбызга ыйман берсин!

Элибизге эсендик берсин,

Ынтымак, ырыс, кенендик берсин!

Айылыбыз аман болсун,

Журтубуз эсен болсун!

Жараткан элибизге биримдик,

Жерибизге береке берсин!

Жаӊы жылыбыз ак жолтой болсун!"






Президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(37)
01.01.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык кыргыз элинин кирип келген жаны жылы менен куттуктаймын!!!
01.01.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаны Жылынар менен!
01.01.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жаны жылыныздар менен баарыныздардын ар дайым ден соолукта болунуздар
01.01.2017. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Атамбаев, кочмондор оюнун айтаардан мурун ал оюнга чоултулуп кийин дайны чыкпай калган миллиондорду, келечегибиз болгон оспурум улан-кыздар билим алуусу учун мектеп курулуучу акчаны кочмондор оюнуна сапырып жибергенинерди айтсан жарашмак. 6 жылда тыштан 3 миллиарддан ашык доллар карыз алып да, Ош-Бишкек жолу учун жетиштуу акча болунбой кайра карыз алып жатасын, мурунку алган акчаларды эмне кылдын?!! Ошол акчалар кайда жумшалды?!!
01.01.2017. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Revolyutsiya,
Мен сага кошулам.
Ушу жылы Текебаевдин тилеги кабыл болуп атамбаевди импичмент кылса экен дейм
Sharos3 түзөттү 2017-01-01 02:25:28
01.01.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Элден айланып кет сен!!! Коч тузолбой кайра тунгуюкка кетип жатат сенин артындан. Кечооку референдумду кантип откоргонунду, канчалык "таза" отконун эл коруп-билип турду же эл сен менен сенин КТРине ишене калды деп ойлодун беле?!!

Жаны Жылда менден сага каалоо: ушул жылы сен тактан кетип, ордуна журогу КЫРГЫЗ деп соккон, эли-жерин ойлогон, иштерман, акылдуу бири келсе экен. Анан жаны бийлик сени баш, калган жепжутарларды тош кылып, "жегенинерди кустурса" экен...
01.01.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ошол менин тилегим!!!
02.01.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Revolyutsiya,ХХХ адам экенсинер. Канчадан бери байкап журом, жалан негативдуу пикилеринер менен айлананарды "булгап" жургонунор жургон.Оозунардан бир жакшы соз чыкканын коро элекмин.Минтип жашасанар, жашоонор абдан кыйын экен анда. Абайлагыла,ден соолугунарга терс таасирин тийгизип журбосун...
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-03 08:50:56
03.01.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidai5555,
1. кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз.
2.Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-03 08:58:52
01.01.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстандыктар!Боордоштор!Жердештер!Жадырап гана кирип келген Жаны,2017 жылынар менен чын журоктон куттуктап коюуга уруксат этиниздер.Ар бир жердеш-боордошторумду Жаны жылда жалан жакшылыктар гана коштоп журушун каалар элем.Заманыбыз тынч болсун,биздин олкодо токчулук,молчулук болсун!Жаны Жылыныздар менен!Ура!
01.01.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо гезити, гезитинердин, жамааттын атынан элди куттуктап койсонор калган окурмандар жаны жылдык каалоо-тилектерин ошол жакка жазса. Мен элге болгон каалоо тилегимди Атамбаев же Жээнбеков сыяктуулардын кайрылууларынын ылдыйына жазгым келбейт. Бул бет ошолорго арнала берсин!
01.01.2017. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Revolyutsiya,Туп туура.мен да ошону ойлодум.не где написать поздравилку.молодец в точку!
01.01.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yakutiya-Mirnyi http://www.super.kg/sonku_kabar/news/171209/
Модератор Гүлжан Асанкожоева түзөттү 2017-01-01 11:27:31
01.01.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
01.01.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
АША кетчи эртереек, куру соз менен фантазия кыла бербей.
01.01.2017. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Эмнеси болсода, ыйласанарда бакырсанарда канча жаман корсонор да биздин президент!!! Рахмат урматтуу биздин президент сиздин да кыргыз элинин да супер.кж парталынын да Жаны кирип келген 2017 жылы менен чын журоктон куттуктайм. Кай жерде болбонуздар аман-эсен журуп бетиниздерден кулку кетппесин кыргыз деген улуттуу сактап барктап кыргыз улутун кобойто бериниздер а то азбыз)) дагы бир жолу Жаны жылыныздар менен баарыныздардын)))
01.01.2017. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Nur1k, Эн туура! Буларга Эч Ким жакпайт! Эл башчы азамат. Жакшы иштерди бутурду!
01.01.2017. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АША кетсе кимиси болсо да келип онуп осконубузду да короорбуз олбосок...
01.01.2017. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмдиги ушул жылы Мадумаров сүйлөйт кудай буюрса.
01.01.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tulpar90,
Кийинки жылы ким суйлосо дагы ушу кетсе экен тезирээк, жиним келип которуп салдым, лучше Путиндин кайрылуусун коргонум жакшы
Sharos3 түзөттү 2017-01-01 02:57:57
01.01.2017. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев Жакшыбы жаманбы ким болсо да жакшы каалоо тилектерин айтыптыр ушул айткандарынын баары кабыл болсун!
01.01.2017. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Эн жакшы суйлоду ! Жакшы иштер болду! Алга Кыргыз!
01.01.2017. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош-Кызыл-Кыя-Баткен трассасында бюджетте акча жоктугунан 3-4 айдан бери авто копуро салынбай коптогон кырсыктар б-п жатат.Эми Алмазбек Шаршенович ошол сиз далай-далай мактанган Кочмондор Оюнуга милиардтаган акча кетти ким жыргады сиз жана атка минерлер беш бармак жеп жыргашты.2017ж туш келди суйло эрбей ойлонуп суйлонуз.Чет Олколордо(Индияда) меним мерсим бар эле деп мактана эрбей жана процентке карыз сура эрбей инвесторлорду табып Кыргызстанга заводторду ачып элди жумуш м-н камсыз этиниз.
KGstan1981 түзөттү 2017-01-01 06:27:16
01.01.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгиликтуу болду деп мактанат жол кырсыгынан,орттон чет элде канчалаган акча табабыз деп омурлору кыйылып жатат ошолорду айтпайбы ?
01.01.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо эч бир сый калбаптыр э президентке эч ким сыйлабай калыптыр и мен да сыйлап аны президент катары коро албайм ал озун озу президент кылган эч ким деле шайлаган эмес
01.01.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силер билесинерби чон завод куруш учун кеминде 15млн калк болуу керек, болбосо ал озун актабай банкротко учурайт, биз да 15млн болгон Заман келээр, ошондо алдыга карай басып эмес аттап жоносок болот! Албетте ал учун мамлекет болушубуз керек, анан эле ар бир ооз ар кайсыны суйлоп, окмотко баш ийбей, жаман оюбузда ар ким президент боло берсек, бири диндин фанатиги, бири асманды самаса, биз ошондо тузук Мамлекет болобузбу? Мамлекет бул президент, окмот, башкаруу органдары. Келгиле анда 6млн. дун
01.01.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Namystan,Каяктагыны айтасын да илгери Ленин Фрунзе Физприбор ККСК жана башка завод фабрикалар иштеп атканда кыргыз 15млн.беле.ХХХХ ХХХХ.Ошонун баарын ушулар талкалап миллиондогондорду тентитип калганын жумушсуз отургузуп койгондорун.ХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-01 13:21:11
03.01.2017. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubat_73, эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-03 09:18:07
01.01.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
баары тен президент болуп алалы! Биз дин болбосо дагы моралдык-этикалык нормалар менен жашашыбыз керек, илгертен берки чыдамкайлуулук, айколук кана биздин АЧКЫЧЫБЫЗ, болбосо канча миндеген жылдар бою сакталбай эле, башка коптогон элдердей болуп кумга синип кетмекпиз, азыр КЫРГЫЗ эли байыркы калк дечи, эч ким кынк этпейт, себеби бул ТАРЫХ. ХХХ ХХХ Ошон учун тынч эле ар ким азырынча арабабызды алдыга карай тынч кана тарта бер
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-01 12:25:07
01.01.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Президент башы менен бир жылда жетишкендикке кочмондор оюнун Азия микстин жетишкендигин айтканы ХХХ ХХХ го.Жаны жылда экономиканын осушун тышкы ички саясатта жетишкендикти,айыл чарбасынын осушун,коргонуу аскердик техниканын осушту айтса бир жон эле.Иштеди дейсинер озунор угуп кордунор го корсо бизде кокурок кагып айта турган бир жакшы иш жок экен го кочмондор оюну менен Азия микстен башка.
Модератор admin_media түзөттү 2017-01-01 13:19:43
01.01.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кубанганым ушул болду качан дагы Акаев Бакиев оппозицияны боктоп ийет деп чочулап тургам ырас анткен жок
Медиа-портал
02.01.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жыл кут болсун, жакшылыктын жылы болсун.
02.01.2017. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат!!!
SUPER.KG видео
03.01.2017. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ураааааа
03.01.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Namystan, Revolyutsiya,
1. Этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуздар.
2. Жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
Эскертүү!
SUPER.KG видео
05.01.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
12 минут суйлогучо адамдар салют атып бутушотко.
Медиа-портал
05.01.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Текстти экрандан окуптур .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: