Касымалиев COP31де Ысык-Көлдү сактоо үчүн атайын фонд түзүүнү сунуштады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын 31-конференциясынын (COP31) алкагында өткөн жогорку деңгээлдеги иш-чарада Кыргызстан үчүн маанилүү климаттык демилгелерди көтөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Иш-чара Түркиянын Анталья шаарында өтүп, Кыргызстан Тажикстан, Пакистан, Бутан жана Непал менен биргеликте уюштурган.
Касымалиев өз сөзүндө Кыргызстандын тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерине токтолду. Ал Бишкекте Тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борбор түзүү демилгеси тоо экосистемаларын изилдөөгө, илимий потенциалды бириктирүүгө жана эл аралык каржылоону тартууга багытталганын белгиледи.
Ошондой эле ал тоолуу аймактарды климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен коргоо үчүн каржылык ресурстардын жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын айтты.
Мындан тышкары, Касымалиев БУУнун колдоосу алдында Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын биргелешкен трасттык фонд түзүү демилгесин колдоого чакырды.
Анын айтымында, акыркы он жылдыктарда көлдүн деңгээлинин төмөндөшү олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Ысык-Көлдү сактоо Борбор Азиядагы экологиялык туруктуулук үчүн чоң мааниге ээ.
Ал эл аралык коомчулукту жаратылыш экосистемаларын коргоо жаатында саясий билдирүүлөрдөн конкреттүү каржылык механизмдерге өтүүгө чакырды.
Ошондой эле Касымалиев 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитине эл аралык өнөктөштөрдү катышууга чакырды.
Иш-чарага бир катар өлкөлөрдүн жогорку даражалуу өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын жетекчилери катышты.
Белгилей кетсек, COP31 климаттык конференциясынын алкагында Кыргызстандын улуттук павильону да иш алып барууда. Анда климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдү сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана климаттык каржылоо маселелери талкууланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















